Ак-Бууранын аткаминерлер кол салган корук зонасы
Ак-Буура дарыясынын элүү метр корук зонасында жеке менчик болобу, башка балекет болобу баарын тазалайбыз. Велодорожка жөө адамдар басуучу жай кылып көрктөндүрөбүз.
Бул калаа башчысы Бакытбек Жетигеновдун Оштогу селден кийин нааразычылыкка чыккан соодагерлер менен жолугушуусунда журналисттерге берген комментарийи. Биздин шаар жетекчисинин бул убадасынан кийин Ак-Буура дарыясынын элүү метр суу корук зонасында жайгашкан 250гө чукул обьекттинин тизмесин текшерип чыктык.

Арасындагы аткаминерлер менчиктеп алган жерлерди айтып беребиз.
Мэрдин орун басарларынын жакындарына таандык жээрлер
Ош шаарынын Ташкентская 1Б дарегиндеги үй дарыянын элүү метр корук зонасында жайгашкан. Ал Досбаева Улфат Жоробаеванын атына катталган. Улфат Досбаева Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаевдин апасы. Исаев турак жайды ата-энеси сатып алганын жана корук зонага кирбей турганын айтууда.
"Ата-энем "Абсолют юг" деген компаниядан сатып алган. Мамлекеттик актысы да бар. Ал 50 метр корук зонага кирбейт. Барып эсептеп көрсөңөр да болот" - дейт Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев.
Насирдин Исанов көчөсү 54А дарегинде жайгашкан "Анар" клиникасы. Биз төрт жыл мурун жасаган иликтөөдө дал ушул жерде мэрдин орун басары Нурбек Кадыровдун бир тууган инисине таандык жайкы кафе турган. Азыр ал алынып, ордуна медициналык клиника салынып калыптыр. Бул объектти Нурбек Кадыров өзүнүн жакындарына таандык эмес деп жатат. Жер тилкеси Төрөгелдиева Алтынкыз Полотовнанын атында. Ал тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жок.

Клиника менен вице-мэр Нурбек Кадыровдун кандай байланышы бардыгына токтололу. Медициналык борбордун атынан "Инстаграм" платформасында үч баракча ачылган. Анын экөө Нурбек Кадыровго жана анын жубайы Айчүрек Мырзалиевага, кайнененси Акылбүгө жана кайниси Исабек Мурзалиевге катталган.
Нурбек Кадыров: - Айчүрөк Мурзалиева деген менин жубайым. Бирок аккаунттар мага катталса эмне болуптур. Башка адамдар, клиникалар деле катталган.
Журналист: - Алар бир эле сиздин үй-бүлөгө катталуу болуп жатпайбы?
Нурбек Кадыров: - Аны өзүнөн барып сурагыла да.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов дарыянын корук зонасын тазалоо иштерин алып барса, эки орун басарынын жакындарынын жери эмне болот? Алар карапайым элден ажырап корук зонаны бошотуу жараянынан сыртта калбайбы? Бул суроого Жетигеновдун өзүнөн жооп алууга аракет кылганыбыз менен майнап чыккан жок.
"Мэрдин буга тиешеси жок. Позициясын ачык айтып коёюн. "Менин орун басарым же таанышым" деп эч кимди калкалабайт. Баарына бирдей мамиле болот. Кимдики туура эмес болсо комиссия аныктайт” - дейт мэрдин маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов.
Базар ичиндеги менчикке өткөн тилкелер
Биз тизмедеги кийинки объекттерге бардык. Кара-Суу көчөсүндө, болжолдуу жайма базардын аймагында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына катталган эки тилке бар. Анын биринде, тагыраагы Кара-Суу көчөсү 22а/4 дарегинде "Ак Кеме" кафеси орун алган. Тамактануучу жайдын ээлери жер тилке алардын жеке менчигинде экенин билдиришти. Бирок документтерин көрсөтө алышкан жок.
"Ал жер муниципалдык жер эмес. Жеке менчик. Алганыбызга көп болгон" - деди Ак-Кеме кафесинин ээси.
Экинчи тилке Кара-Суу көчөсү 22/12 дарегинде жайгашкан. Ал жерде эч кандай курулуш жок, бош жатат. Мөмө-жемиш саткандар 1-2 саат соода кылып, кайра кетишет. Буга чейин ушул тилкени жанындагы тамактануучу жайдын ээси Дилмурат Тураханов беш жыл ижарага алып иштеткен. Айтымында, жергиликтүү бийликке ай сайын 3 миңдей каражат төгүп турган.
"Бузганыбыздан кийин текшерген. Төрт жарым метрди бузганбыз, кийин алар текшерип "кызылдан бул жагын бузасыңар" деп чийип берген. Келишим түзүп айына эки миңден ашык акча төлөп турчубуз", - деди Дилмурат Тураханов.
Мурдагы мэрдин жакындары менчиктеген тилкелер
Дарыянын жээгинде дагы бир гектарга чукул жер жеке менчикке өтүп, курулуш түшүп жатат. Аталган участок Насирдин Исанов 82 дарегинде жайгашып, Эргешова Каныкей Ысабековнага таандык. Каныкей Эргешова Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун кол астында иштегендердин бири экенин өздүк булактар тастыктайт.
Ал эми бул аянттын ичине салынып жаткан эки үй Мырзакматовдун агасынын баласы Нурлан Мурзахмедовго таандык. Анткени Исанов 82,1 дарегине катталган үй Төрөбаева Гүлмира Искандеровнанын ысымында. Гүлмира Искандерова Нурлан Мурзахмедовдун аялы. Социалдык тармактарда экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрү бар. Мындан сырткары Гүлмира Төрөбаева Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гаипкулов Искандер Төрөбаевичтин кызы болот. Гаипкулов менен Мырзакматовдун куда экени баарына эле маалым.
Буга чейинки чыгарылыштарда да Ак-Бууранын корук зонасындагы 1 гектарга чукул жайды Мелис Мырзакматовдун уулу Мелисбек уулу Рысбек, кийин аялы Нургүл Касымбекова узак мөөнөткө ижарага алып иштетип жүргөнүн баяндаган элек.
Эми ал жер кантип жеке менчикке өтүп кеткени кызыктырат. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы болсо ижарага берүү келишими дале күчүндө дешет. Бирок кантип, качан жеке менчикке өткөнүн жергиликтүү бийлик да билбейт.
"Бул жерге негизи токтом чыгып, өзүнүн укугу каттатылбай калган экен. Мен топтогон маалымат боюнча, Мелис Мырзакматовдун маалыматы болгон эмес. Бул жактагы адамдары ижарага алып, 8460 чарчы метрды иштетип жүрө берген. Негизи ал жер Мырзакматовдун жеке менчиги экен эле. Октябрда бийлик алмашкандан кийин Мелис Мырзакматов өзү кайтып келгенде укугун каттатып, жеке менчиги жөнүндө мамлекеттик акт алган экен. Ал эми, жеке менчикке кантип өткөнү жөнүндо маалымат таба албадым", - дейт Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев.
Учурда үй салып жаткан Нурлан Мурзахмедов Мелис Мырзакматов түптөгөн "Улуттар биримдиги" саясий партиясынын мүчөсү, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты. Мындан сырткары кеңири ассортименттеги товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенген "Датка Холдинг" компаниясынын президенти. Компания 2023-жылы Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүп, учурда ээси алмашкан. Мурзахмедов мындан башка "Ош-Сталь" деген компанияны да жетектейт.
Мырзакматовдор куруп жаткан жаңы үйлөр дарыянын суу корук зонасында турса да, Ош шардык курулушту көзөмөлдөө кызматы элүү метр норма сакталган деп ишендирүүгө аракет кылган.
"Ак-Буура дарыясы менен бул үйдүн ортосу 50 метр чыгат. Ортодо тосмолор бар. Биз курулуштун докменттерин архиектурадан да тактайбыз. Анда жок болсо, ишти сотко өткөрүп беребиз", - деген Ош шаардык курулушту көзөмөлдөө кызматынын инспектору Илхом Курбанов.
Бул маалыматтан кийин биз дарыя менен курулуштун аралыгын кадам менен ченеп көргөнбүз. Аралык 38 кадам чыккан.
Андан кийин мекеме курулушту дагы бир көзөмолдөмөк болгон. Окуядан эки апта өткөндөн кийин курулушту токтотуу талабын коюп, 10 миң сом айып пул салганын билдирди. Иш сотко өткөнү турат.
Мырзакматовдордун корук зонадагы объектилери муну менен эле бүтпөйт. Ак-Буура дарыясынын экинчи жээгиндеги 4 гектар 80 сотых жер да алардын жеке менчигинде турат. Жер тилке Мелис Мырзакматовдун кайненеси Маликова Шааргүлдүн атына катталган.
Дарек.кж порталы Мырзакматовго таандык делген 4 гектар 80 сотых жерге элүү метр корук аймактан сырткары Ак-Буура дарыясы да кошулуп кеткенин маалымдайт. Буга мамлекеттик акт да берилген.

Ак-буура дарыясы эч бир мекеменин балансында эмес. Бирок Ош шаардык кеңеши өткөн жылы дарыянын корук зонасын 50 метрден 25 метрге кыскарткан токтом чыгарган. Көп өтпөй ал мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган. Эгерде токтом жокко чыкпаганда жүздөгөн курулуштар мыйзамдашып кетмек.
Эч кайсы ишкана суу корук зоналарды тескебеген соң аткаминерлердин көпчүлүгү жер, үй алууга үлгүрүшкөн. Ал тургай дарыянын үстүн жеке менчикке алган учурлар да кездешет. Жеке ишкер Хикматилло Абдуллаев дарыянын үстүнө көпүрө салып, соттун чечими менен кызыл китеп алган. Жергиликтүү бийлик ишкер менен бир канча жыл соттошуп, бул аралыкта көпүрө колдон-колго алмашкан. Көпүрө акыркы жолу Абдуллаев Хикматиллонун атына өткөн. 14-июнда Оштогу катуу селде дарыянын нугу көтөрүлүп, борбордук базарды каптаган соң көпүрөлөр четинен алынган.
Эч кайсы ишкана суу корук зоналарды тескебеген соң аткаминерлердин көпчүлүгү жер, үй алууга үлгүрүшкөн. Ал тургай дарыянын үстүн жеке менчикке алган учурлар да кездешет. Жеке ишкер Хикматилло Абдуллаев дарыянын үстүнө көпүрө салып, соттун чечими менен кызыл китеп алган. Жергиликтүү бийлик ишкер менен бир канча жыл соттошуп, бул аралыкта көпүрө колдон-колго алмашкан. Көпүрө акыркы жолу Абдуллаев Хикматиллонун атына өткөн. 14-июнда Оштогу катуу селде дарыянын нугу көтөрүлүп, борбордук базарды каптаган соң көпүрөлөр четинен алынган.

Дарыянын суу корук зоонасында биз санап өткөн аткаминерлерден сырткары Акматбек Келдибековдун, Өмүрбек Текебаевдин жакындарынын, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаеванын да тилкелери болгон.
Дарыянын суу корук зоналарындагы объекттер боюнча учурда комиссия иштеп жатат. Комиссиянын мүчөсү Гүлгаакы Мамасалиева курулуштардын саны 700дөн ашык болушу мүмкүндүгүн божомолдойт. Анткени шаар аймагы кенейип, Төлөйкөн айыл аймагы калаага кошулду. Мамасалиева өкмөттүн сууну коргоочу зоналар жөнүндө жобосу чыкканына карабай, дарыя жээгине салынган курулуштарды көзөмөлдөбөгөн кызматтар жоопкерчилик алышы керек деп эсептейт.
"Мамлекеттик орган курулуш башталганда барып текшериш керек да. Дароо "эмнеге бул жерге үй салып жатасың. Бул корук зона" деши керек да. Менин жеке пикирим көзөмөлдөөчү органдардын жоопкерчилигин күчөтүп, алардын жумушуна алты ай сайын көзөмөл кылып туруш керек экен. Ал жетекчи кызматтан кетип калганда эмес, иштеп жаткан убагында баалаш керек", - дейт жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева.
Дарыянын жээги эмне үчүн жеке менчикке өтпөшү керек? Жыл сайын жаан-чачында Ак-Буура суусу көтөрүлүп, сел жүрүп, турак-үйлөргө жарандарга коркунуч жаралат. Мындан улам 1995-жылы өкмөт №271 сандуу токтом кабыл алган. Анын негизинде жобо иштелип чыгып, турак үй салууга, суу жээгин жеке менчикке берүүгө тыюу салынган. Токтом кабыл алынгандан кийин да төрт мэрдин тушунда жер тилкелер берилип турган.

Токтом бүгүнкү күнгө чейин күчүндө турган менен жергиликтүү бийликтегилер, курулуштарга көз салган органдар, күч түзүмдөрү кайдыгер болууда. Юрист Союзбек Аманов жер тилкелерди кимдер берсе, аларга кылмыш жоопкерчилиги каралышы керектигин белгилейт.
"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деген берене бар. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат. Себеби, алар суу чарбасынын жери деп айтылат. Андай жер мамлекеттик менчикте гана болот. Жеке менчикке берилүүгө жатпайт. Мамлекеттик жерди жеке менчикке берип коюу бул ыйгарым укуктан аша чабуу" - дейт юрист Союзбек Аманов.
Ак-Буура дарыясынын жээгин ээлеп турган чоңдор мындан да көп болушу мүмкүн. Жогоруда санап өткөндөрүбүз биз көргөндөрүбүз гана. Мамлекеттик кызматкер болобу, жетекчи болобу, жөнөкөй жаран болобу жер алып, үй салууга толук укуктуу. Бирок ошол эле учурда мыйзам талаасынан чыкпашы шарт.

Ак-Буура - Ош шаарынын эли үчүн эң маанилүү болгон дарыя. Калаага көрк жана өзгөчөлүк алып келгенден сырткары, тургундар бул суудан ичет, күнүмдүк тиричиликке колдонот жана эс алат. Демек, дарыянын жээктери шаардыктар жана коноктор үчүн эс алуунун гана аймагы болуш керек. Мурдагы мэрлер кызмат абалынан кыянат пайдаланып жеке менчикке токтом чыгарып бергени үчүн жоопкерчиликке тартылабы? Азыркы калаа бийлигинин корук аймактагы бардык курулушту алууга дарамети жетеби? Мына ушул суроолор ачык бойдон турат.