АК КАЛПАК АЛА-ТООНУН СИМВОЛУ



Кыргыз калпагы – ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, жылуу, жеңил баш кийим. Калпактын түзүлүшү, ар бир түс жана ар бир оюу өзүнчө маанини туюндуруп турат. Ошол маанилер эл ичинде кандайча чечмеленет?
КАЛПАКТЫН ТҮСТӨРҮНҮН МААНИЛЕРИ
  • Кыргыздар кичинекей уул балага өспүрүм куракка жеткенге чейин жашыл калпак кийгизишкен. Бул баланын жаңыдан жетилип келе жатканын туюндурат. Ошондой эле балага көз тийбесин деп калпактын маңдайын эки ача кылып тилип коюшкан.
  • Уул бала жигит куракка жеткенде калпакты кызыл түскө алмаштырышкан. Мындай калпак кийген бала өзүнө жар издөөгө акылуу болгон. Илгери айылга кыюусу кызыл калпак кийип, башка жактан келген жаш жигитти көргөндөр "и-и, кыз издеп келген тура" - деп түшүнүшкөн. Жеңелер андай уланды сынай карап, бой жеткен кайын сиңдисине ылайык келерин же келбесин байкашкан. Эгер ылайык көрсө, жигитти кепке тартып, аты-жөнүн, тегин сурап, кайын сиңдиси менен тааныштырууга аракет кылышкан. Ошентип, калпактагы кыюунун арты менен жигит өзүнө жар табууга жетишкен.
  • Жигит үйлөнүп, өзүнчө үй-жай күткөндө кыюусу кара калпак кийгизишкен. Мындай калпакты илгери кыз тарап даярдап келип, күйөө балага тартуулашкан. Кара кыюу жигиттин үй-жайы бар экендигин, жигит ак-карасы аралаш турмуш шарына кошулганын баяндаган.
  • Кокус жары көз жумуп кетсе, анда эркек кырлары кара менен бастырылган калпак же кара кийизден жасалган калпак кийген. Кайра нике жаңыртканда кыюусу ак болгон калпак кийүүгө өтчү.
  • Эгер адам өз айылдаштарынын же өз уруусунун алдында кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда андай адамга аппак түстөгү калпак кийгизишкен. Мындай калпакты калыс, акылман, көсөм адамдар да кийүүгө акылуу болушкан.
  • Уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турушкан. Алар даражасы жогору экендигин билдирген төбөсү шуңшуйган, кыюусу жок ак калпакты кийишкен. Андай калпак кийинчерээк "Бакай калпак" аталып кетти.
КАЛПАККА САЛЫНГАН ОЮУНУН МААНИЛЕРИ
Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да "Умай эне", "карга тырмак", "булак" оюмдары деп аталат.
Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, "тоо теке", "бүркүт", "аркар" оюмдары. Эл баатырларына "илбирстей", "бөрүдөй", "жолборстой" деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан, калпактарына "илбирс", "жолборс" жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.


Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн демилгечиси катары режиссер Рысбек Жабиров эсептелет. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.
Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет. Кыргыздардын "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө, аны таза кармап, ыргытып же тегеретпейт. Эки колдоп гана чечүү керек. Илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.