"Акча бергем"

Эмнеге кыргызстандыктарга айдоочулук күбөлүк алуу кыйын болуп жатат?
Жасалма интеллект тарткан сүрөт
Керим (каармандын суранычы боюнча аты өзгөртүлдү) Ошто жашайт. 2021-жылы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн эки жолу сынак тапшырып, өтпөй калган. Ал суроолорго жакшы даярданган деле эмес. "Улам убара боло бербейин" деп үчүнчүсүндө 5000 сом берген. Акчаны экзамен алган кызматкерлердин бири алып, берилген суроолордун жоопторун жеринен айтып турган.
"Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка 5-6 адам киргенбиз. Алардын баары өз алдынча өтө албай акча бергендер экен. Мен эки жолу өтө албай калып, акча берүүнү сунуштаганмын. Агай эшик тарапта туруп, бизге жоопторун айтып берген. Ошентип, күбөлүк алганмын".
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алуу маселеси дайыма эки ача пикир жаратып келет. Айрымдар теориялык экзаменден өз күчү менен өткөнүн айтса, Керимге окшоп маселени акча менен чечкендер да бар. Негизи айдоочулукка окуган кыргызстандыктардын канча пайызы теориялык экзаменден өтөт? Мамлекеттик жана менчик автомектептерде кандай айырмачылык бар?
Бул жолу дата журналисттер "Т-Медиа" редакциясы менен 5 жыл аралыгында айдоочулук күбөлүк алууну каалагандарга дата-анализ жасады.
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактан өтө албагандар көбөйүп жатат
2019-2023-жылдардагы жалпы сынак тапшыргандардын көрсөткүчүн карасак, жыл санап теориялык экзаменден өтө алгандар азая баштаганын көрүүгө болот. Мисалы, 2019-жылы 177 миң талапкердин ичинен болжол менен 110 миңи теориялыкты тапшырган. Ал эми 2023-жылы 360 миңден ашык адамдын ичинен 72 миңи гана экзаменден өтө алган. Демек, акыркы беш жылда экзаменди ийгиликтүү тапшыргандар 61%дан 20%га чейин төмөндөгөн.
Дагы экзаменге катталгандардын 40-50 пайызы такыр эле сынакка барбай коёт.

"Суроолор татаал", "сабакка катышкан эмесмин"
"Теориялык сынактан өтө албагандар мынчалык көп болсо, аларда кандай кыйынчылык болуп жатат" деген суроолорго жооп алуу үчүн онлайн сурамжылоо жүргүздүк. Ага жооп берген 204 адамдын 63%ы бир же экинчи эле аракетинде сынактан өткөн экен. Дагы 12%ы үч же бешинчи аракетинде тапшыра алганын билдиришти. Арасында 9-11-18 жолу экзаменге барып жүрүп өткөндөр да бар.

Сурамжылоого катышкан адамдардын 39%ы сынак тапшыруу аларга жеңил эле болгонун айтса, 29%ы экзаменде түшүнүксүз, керексиз суроолор бар экенин, 10%ы сабакка катышпагандыктан экзаменде кыйналганын айтышкан.
""Сабактарга катышканда үзгүлтүккө учураткам. Даярдык аз болду", "Өзүм жетишээрлик көңүл бөлүп окубадым", "Сүйлөшкөнбүз", "Тесттин суроолору орус тилинен которулганда маанисин жоготуп койгондой", "Экзамендеги суроолор татаал"".
Сурамжылоонун жоопторунан автомектепте жетиштүү билим берилбей же жарандар өздөрү окубай жүргөнү да сынак тапшыруудагы кыйынчылыктардын бири экени байкалат. Дал ушул себептерден кийин акча берип айдоочулук күбөлүк алгандар бар. Мисалы, бизге жарандар сынактан өтүү үчүн 1000 сомдон 50 миң сомго чейин акча бергенин жазышты. Жооптордо жалпы 204 адамдын 16 пайызы маселени каражат менен чечкенин билдирген.
Жемкорлукту жоюу аракети
Негизи бул тармакта жемкорлуктун күчөгөнү буга чейин да айтылып келген. Айдоочулук күбөлүк берүүдө көзөмөлдү күчөтүү үчүн 2018-жылы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти "Унаа" мекемеси деп өзгөргөн. Анда мекеме мамлекеттик каттоо кызматына карайт эле. 2022-жылы күбөлүк берүүнүн, окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн Ички иштер министрлиги “Унаа” ишканасын өз карамагына алган.

Ошол жылы президент Садыр Жапаров өзү дагы айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциянын жоюлушун көзөмөлгө аларын жарыялаган эле. Андан бери айдоочулук укугун алуу чындыгында оорлошуп, экзаменден өтө албай жаткандар кескин көбөйгөн. Бирок коррупция жоюлган эмес десек болот. Аны быйыл "Унаа" мамлекеттик мекемесиндеги массалык кармоолордон кийин өлкө башчысы өзү да тастыктап, айдоочулук күбөлүктөрдүн болжол менен 10 пайызы сатылып турганын билдирген.
Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти
"Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Болжол менен 10%ы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек. Азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз. Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт. Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды. Аларды өкмөт жөлөк пул берип багып жатат. Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек. Мына ошондо да 50-60 жылдан кийин араң күбөлүк сатып алгандардан тазаланабыз".
Сүрөт президенттин расмий сайтынан алынды
Былтыр айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтабыз деп "Унаа" мамлекеттик мекемеси өзүнчө Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттик болуп түзүлдү. Андан кийин мекемеде туруктуу жемкорлук бар деген шек менен массалык кармоолор башталган. Айрым автомектептерде чет мамлекетте жүргөндөргө да акчанын күчү менен окугандыгы тууралуу күбөлүктөр берилип турганы аныкталган эле. Сентябрда болсо, "Унаанын" айрым кызматкерлери, жетекчиси да кармалган. Анда УКМК канча кызматкер кармалганын ачыктаган эмес. Ал эми коррупциянын схемасын төмөнкүдөй баяндап берген.
"Жарандар айдоочулук күбөлүктөрдү алуу максатында, теориялык жана практикалык экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу үчүн ортомчуларга кайрылышкан. Алар пара алышып, тийиштүү кызмат адамдары экзамендерден ийгиликтүү өтүүсүнө жардам беришкен. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир гана филиалынан ай сайын мыйзамсыз түшкөн акчанын суммасы 10 миллион сомдун тегерегинде болгон".
Мамлекеттик автомектептерде абал кандай?
Эми айдоочулукка даярдаган мамлекеттик окуу жайларда көрсөткүч жакшыбы же жеке менчиктердеби деген суроого жооп издейли. Бул үчүн биз беш жыл ичинде ар бир автомектеп боюнча аны аяктаган жана сынакты ийгиликтүү тапшыргандардын санын алганбыз. Анда ар бир окуу жайды менчигинин түрүнө карап бөлүп чыктык.

Жыйынтыгында чындыгында мамлекеттик жана жеке менчик автомектептерде айырма бар экенин, бирок жыл санап экөөндө бирдей абал начарлап баратканын көрсө болот. 2019-жылы мамлекеттик автомектепти аяктап экзамен тапшырган 23 миң жарандын жарымы гана сынакты ийгиликтүү тапшыра алган. Былтыр болсо, 302 миң курсанттын 19%ы гана экзаменден өткөн.

Жеке менчик автомектептердин курсанттары болсо 2019-2020-жылы жакшыраак көрсөткүч көрсөткөнү менен акыркы жылдары сынактан өтө алгандар азая баштаган.
18-сентябрда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы Рустам Жокоев (күч органдары тарабынан кармала электе) Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берип жатып да, мамлекеттик автомектептерде билим сапаты начардыгын моюндаган эле.
"Жеке менчик автомектептердин рейтинги жогору. Себеби, мамлекеттик окутуу уюмдарынын материалдык техникалык базасы, мугалимдеринин курамын карап чыгыш керек", - деген Жокоев.
Ошентсе да соңку жылдары мамлекеттик автомектептерде билим алууну каалагандардын саны өсүп барат.
Эми айдоочулук күбөлүктү берүүдө окутуу сапатын жакшыртуу үчүн мамлекеттик автомектептердин саны дагы да көбөйтүлгөнү жатат. “Унаа” мекемесинин базасында Бишкек, Ош шаарларына жана 40 районго автомектептер ачылат.

Айдоочуларга күбөлүк берүүдө биринчи кезекте окутуу сапатына маани берүү керектиги буга чейин айтылып келген. Себеби, айдоочулардын сабатсыздыгы түздөн-түз жол кырсыктарынын көбөйүшүнө таасир этет.

Акыркы 10 жылдагы көрсөткүчкө баш баксак жол кырсыгы өлкөдө олуттуу азайбаганын байкасак болот. Быйыл жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы баркрмалыгы кырсыктардын 92%ына айдоочулар өздөрү себепчи болуп жатканын билдирген.
Азыр жылына 200-300 миңдеп жарандар сынактан өтө албай жатканы менен аларда жылдап даярданганга мүмкүндүк бар. Себеби, 2021-жылдан бери айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн теориялык жана практикалык экзамендерден кулап калгандарга автомектептен окубай эле кайра тапшыра берүүгө мүмкүндүк берген токтом чыккан. Ага чейин сынактан үч жолу өтпөй калгандар, кайрадан автомектепте окууга аргасыз эле.
Материалды даярдагандар: Наргиза Анарбай кызы, Кенжебү Маматсадыкова, Зыягүл Болот кызы
Дата-редактор: Савия Хасанова

"Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн макаланын авторлору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес".