Бул видео Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылында тартылган. Анда дарактарды курт басып, жалбырактары дээрлик калбай калганын көрүүгө болот. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, зыянкечтер дарактын мөмөсүн эле калтырып, жалбырактарын бүт жеп салган.

ДАРЫЛОО ИШТЕРИ

Кийин жергиликтүү бийлик менен Токой чарба кызматкерлери зыянкечтерден (курт-кумурскалар, түгөйсүз жибек көпөлөгү) арылуу максатында профилактикалык иштерди жасап, дарылашкан.

БАК-ДАРАКТАРДЫН САКТОО ЭМНЕГЕ МААНИЛҮҮ?
БАК-ДАРАКТАР КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮН ТОКТОТО АЛАБЫ?

Климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштө бак-дарактар чоң жардам берет. Алар көмүртекти соруп, эрозиянын алдын алат. Дени сак жана күчтүү дарактар көмүртекти (CO2) өзүндө сактаган кампа катары кызмат кылат. Көмүртек сактоо менен алардын климаттын өзгөрүшүн ооздуктоого жардамы чоң. Мындан сырткары суу, сел ташкындардын кесепетин азайтат.

ДАРЫ ЧАЧУУ, ТУЗАК. ӨЛКӨ ЗЫЯНКЕЧТЕР МЕНЕН КАНТИП КҮРӨШӨТ?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматы зыяндуу курттар менен күрөшүүдө атайын орнотулган тузактарды, дарылоодо бүркүп-чачуу ыкмасын колдонот. Бирок мындай атайын шаймандар аймактардагы бардык бак-дарактарды дарылоого жетишпей жатат. Азырынча мекеме алар менен күрөшүүнүн ыкмаларын толук иштеп чыга элек.


2005-жылы Бириккен Улуттар Уюму өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо конвенциясын кабыл алган. Ага 182 мамлекеттин катарында Кыргызстан да мүчө. Демек, бак-дарактарды коргоого алууга тийиш.