T-MEDIA
Бакчадагы бөбөктөрдүн коопсуздугу:
Кыргызстанда тарбиячылар кандай талап менен ишке алынат?

Сузак районундагы бала бакчада наристе сабалган окуя жана Сокулуктагы беш жашар кыздын өлүмү боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүүдө. Коомчулук "бакчалардагы зомблукка ким жооптуу?" деген суроону коюуда.

Мындай окуялар эмнеден улам кайталанууда? Кыргызстанда балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай чаралар көрүлөт? Тарбиячыларды ишке алууда кандай талаптар коюлат? "Т-Медиа" жооп издеп көрдү.
"Акыркы жолкусунда чыдабай прокуратурага арыздандым"
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айылындагы "Кенжетай-1" бала бакчасындагы наристе сабалган учур тартылган видео 2-декабрда интернетте тараган. Тасмадан аял бир баланы далысына чапкылап жатканын көрүүгө болот.

Наристенин апасы Манзура Жакыпованын айтымында, окуя 29-ноябрь күнү болгон. Ал буга чейин да уулунун бети-башы көгөрүп келгенин, мындан улам бир нече жолу тарбиячыларга кайрылганын билдирди.
"Буга чейин баламын көзү көгөрүп барганда келип айттым эле. Кийин башы жарылып барды. Барсам, "эки бала уруша кетип ушундай болду" деди. Акыркы жолкусунда чыдамым кетип, эртеси прокуратурага барып арыз жазып койдум. Биз балдарыбызды бекер бактырып жаткан жокпуз да. Анда эмнеге мындай мамиле кылышат? Балдарды алып келгенде "президент, депутат келди" деп тосуп алышат. Көрсө биз кеткенден кийин ушундай кордук көрсөтүшөт экен. Булардын (ред-тарбиячы) бакчада иштегени такыр акысы жок".
Манзура Жакыпова
Бул факты боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси ("Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо"), 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон.

Окуядан кийин үч жана төрт жаштагы бөбөктөрдүн ата-энеси да балдары бакчада сабалганын айтып Акыйкатчы институтуна кайрылышкан.
Беш жаштагы Алиянын өлүмү
Ушул жылдын 22-октябрында Чүйдүн Сокулук айылындагы "Алтын Балалык" мамлекеттик балдар бакчасында беш жаштагы Алия аттуу кыз чарчап калган. Окуя болгон күнү аны эртең менен бакчага таенеси Гүлнара Базарматова жеткирип келген. Көп өтпөй ага тарбиячы чалып, небереси эч нерсе билбей жатып калганын, тез келүүсүн суранган.

Ооруканага алып барышканда дарыгерлер алгач Алиянын тамагына бир нерсе туруп калганын, аны тазалап жаткандыгын айтышкан. Бир саат өткөндөн кийин чарчап калганын угузушкан. Окуя боюнча жүргүзүлгөн тергөө жана экспертиза иштери ноябрь айынын аягында аяктаган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, наристе бала бакчада уктап жатып, өз кусундусуна какап чарчап калган. Ошондой эле анын кара куш мээсинде уюган кан бар экендиги, ал Алия тирүү кезинде пайда болушу мүмкүн экени айтылган.

Маркум кыздын энеси бул окуяга бала бакча тарбиячыларынын шалаакылыгы себеп болгонун айтууда.
"Бакчага кирсем Алияны дарыгер жуурканга ороп экинчи кабаттан алып түшүп келе жатыптыр. Жууркандан неберемдин буту эле көрүндү. Анан барып эле бутун кармасам муздак экен. Кыймылдап, реакция да кылган жок. Сыртка чыгып аны тез жардамдын унаасына салышты".
Алиянын таенеси
Бакчанын директору окуядан кийин өз каалосу менен жумуштан кеткени белгилүү болду. Ал эми кыздын тарбиячысы Алина Камчыбек кызы менен анын жардамчысы өз эрки менен жумуштан кетүү тууралуу 9-декабрда арыз жазышкан. Тарбиячы балдарды кароосуз калтырып кеткен деген айыптар негизсиз экенин белгилейт.
Окуяга байланыштуу Сокулук милициясы "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк ишти кароо Чүй облустук ички иштер башкармалыгына өтүп, учурда тергөө жүрүп жатканы маалым болду. Анткен менен кыздын таенеси Гулнара Базарматова иштин ордунан жылбай жатканын айтып, милициянын аракетине нааразы болууда.
"Биз милицияга байланышсак "Мен иштеп атам, бошогондо киришем" деп жооп берди. Бир канча күн мурун эле байланышканбыз. Бирок иштеп аткан киши жок эле дегенде бир сурообузга болсо дагы жооп бериши керек эле да. Дагы деле эч кандай жыйынтык жок".
Алиянын таенеси
"Кадр маселеси жөнгө коюлбаса, окуя кайталана берет"
Соңку учурлардагы балдар бакчаларындагы уруп сабоо, андагы шарттар, наристелердин коопсуздугу өңдүү маселелер кайрадан көтөрүлүп, коомчулуктун кызуу талкуусунда турат. Балдарды коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова бул сыякту көрүнүштөрдү токтотуу үчүн кадр маселесине көңүл буруп, комплекстүү кызматашуу менен көзөмөлдүү күчөтүү керектигин айтат. Ал бала бакчадагы тарбиячыдан тарта, кароолчуга чейин ар кандай окутуулардан өткөрүп туруу шарт экенин белгиледи.
"Негизи биздин коомдо түшүнүк болушу керек. Кичинекей балдарга зомбулук болбош керек. Зомбулук бул– кылмыш. Балдар, наристелер алсыз болот. Алар чоң адамдарга каршы өзүнүн укугун коргоого, арыз жазганга же ушундай ой жүгүртүүгө, дегеле бир нерсеге баа бергени алдары жетпейт. Ошого “балдарга карата зомбулукта кылмыш болушу керек” деп чечкиндүү чаралар көрүлүш керек. Ал үчүн биринчи кадр маселеси каралышы зарыл. Бала бакчада иштей турган адамдарды көчөдөн албай, сөзсүз түрдө алардын квалификациясы каралса жакшы болмок. Ага ар тараптуу колдоо көрсөтүлүшү керек. Колдоо дегенде эле бир гана каражат жагын албастан, андагы тарбиячы, жетекчи, ашпозчу, жада калса кароолчуларды дагы окутуудан өткөрүп туруу керек. Аларга "балдардын психологиясы кандай болот?", "зомбулук кандай кесепеттерге алып келет?" дегенди окутуп, үйрөтүш керек".
Назгүл Турдубекова
 Балдарды коргоо лигасынын жетекчиси
"Мугалимдер жыл сайын психикалык кароодон өтөт"
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын "Т-Медиага" билдиришинче, тарбиячыларды ишке алардан мурун алардын жогорку окуу жайды аяктагандыгы боюнча диплому, паспорту мурда соттолбогону тууралуу документтер суралат. Мындан сырткары мугалим, тарбиячылар ар бир окуу жылынын башында медициналык кароодон өтүшөт.
"Саламаттыкты сактоо тармагынан психикалык же наркологиялык оорудан учётто турбайт" деген маалым кат алынат. Анан ишке киришүүдөн мурун алар сөзсүз санитардык китепчени толтурушат. Анда алардын ден соолгунда жугуштуу оорулар жокпу жана башка оорулардан текшерилип, толук кароодон өтүшөт. Ушул текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана алар балдарга билим, тарбия бергени кое берилет".
Нурзида Касымова
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы
Касымова бала бакча кызматкерлери жайгашкан аймагына жана эмгек стажына карап 30 миңге чейин маяна аларын кошумчалады.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова "Биринчи радиого" берген маегинде өлкөдөгү бардык бала бакчаларга видеокамера орнотуу каралып жатканын билдирди. Ал мындай чара Сузактагы бала бакчадагы окуядан кийин көрүлө баштагынын кошумчалаган.
"Окуядан кийин биз жакында эле ар бир мектеп, бакчаларга байланышып канчоосунда видео көзөмөл орнотулганын мониторинг кылдык. Андан соң ар бир жергиликтүү бийлик, район, айыл өкмөттөр менен байланыштык. Аларга видео көзөмөл канчалык маанилүү экенин түшүндүрүп, колдонуу эрежелерин жөнөттүк. Анда ата-энелер аны көрүп турганы шарт түзүлүш керек".
Надира Жусупбекова
Билим берүү жана илим министринин орун басары
Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандагы бала бакчаларга өлкөдөгү бардык жаш балдардын 28,3%ы гана барат.