Беш жылда 20 000 өрт
Кыргызстанда тилсиз жоо эмнеден тутанып, кандай чыгым кылып жатат?
Жасалма интеллект тарткан сүрөт
Жай мезгили. Кеч кирип, Кара-Көлдөгү эки кабаттуу үйдө жаңы гана жарык күйдү. Анда жашаган 16 үй-бүлө батирлерине чогулуп, кечки тиричилик башталган эле. Бир кезде бейкапар тынчтыкты подъездеги чартылдаган үн бузду. Түштөн бери электр жарыгы өчүп, жаңы гана берилгенде зымдар чыңала баштаган экен. Жашоочулар ага маани берип үлгүрө электе, беш мүнөт өтпөй зымдардан от тутанып, тепкичтерди каптап кирди. Барак тибинде курулган үй отко жем болуп, жыгач конструкциялар кургак чөптөй эле күйүп баратты.

Үйдүн жанында аскер бөлүгү бар эле. Андагы өрттү байкаган жоокерлер жардамга чуркап, жабыр тарткандарды чыгарып жатты. Көп өтпөй өрт өчүрүүчүлөр да келди. Ошентип, ошол каргашалуу түнү 16 үй бүлө баш калкалаар жерсиз калган. Бактыга жараша адам өмүрү кыйылган эмес.
Бул бир чыгармадагы же кинодон алынган окуя эмес. Август айында Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында чыккан өрт учуру. Дата журналисттер "Т-Медиа" менен биргеликте бул сыяктуу кырсыктын беш жыл ичинде адам өмүрүнө жана мүлкүнө тийгизген таасирин талдап чыкты.
Беш жылда 211 өмүр
2019-2023-жылдар аралыгында Кыргызстанда 20 миңден ашык өрт катталган. Эң көбү Бишкекте. Беш жылда жети миңге жакын кырсык болгон. Бул дегенибиз бул аралыкта күн сайын борбор калада болжол менен төрт жолу өрт чыгып турган дегенди түшүндүрөт.
Ошол эле учурда акыркы беш жылда өлкө боюнча 211 өмүр тилсиз жоонун кесепетинен кыйылган. Анын 30у жаш балдар. Эң көп - 80 адам Чүй облусунда каза болсо, анын онун өспүрүмдөр түзөт. Эң аз көрсөткүч Нарында катталып, ү адам өлгөн. Ошондой эле беш жылда эки жүздөн ашыгы жабыр тартып, үч жүздөй адам куткарылган.
Эгер 1000 өрттөн орточо канча адам каза болгонун эсептесек, эң жогорку көрсөткүч кайра эле Чүй облусу менен Ош шаарына туура келет.
Бишкекте өрт эң көп катталганы менен каза болгондордун саны аз. Себеби, башка аймактарда негизинен турак жайларда өрт чыгып жатса, Бишкекте тилсиз жоо көбүнчө башка объекттерде катталат. Биз эсептеген аралыкты карасак борбордо 15% гана өрт үйлөрдө болгон.
Өрт эң көп турак-жайларда чыгат
Кыргызстанда беш жылдагы өрттүн жалпы саны 20 миңден ашса, анын 43%ы турак жай секторлорунан чыккан. Башка объектилерде жана ачык аянттарда да көп кырсык болгон.
Мисалы, өрт кампаларда жана соода жайларында, айыл чарба объектилеринде, ачык аянттарда, транспорт жана гараждарда да катталат. Мындан башка объектилерде 6000дей кырсык болгон.
Тилсиз жоонун себеби эмнеде?
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, тилсиз жоого басымдуу адамдын этиятсыздыгы себеп болот. Быйыл 10 ай ичинде катталган өрттүн 40%ына ушул менен себеп менен тутанган.
"Бардык жылдарда себептер дээрлик бирдей. Пайыздык көрсөткүчтө бираз гана айырма болгону менен өрттүн себептери негизинен ушулар болуп жатат".
— ӨКМ маалымат кызматы.
Бул статистика коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин көрсөтөт.
Мисалы, 2021-жылы 27-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында турак жай өрттөнүп, төрт адам каза тапкан. Кырсыктан 65 жана 39 жаштагы эки аял, эки жана 12 жаштагы өспүрүмдөр көз жумган. Алар бир үй-бүлөнүн адамдары болгон. Ал күнү кырсыкка кабылган беш адамдын бири жабыркап, калганы каза болгон эле. ӨКМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоо электр шаймандарын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.
Чыгымды жаптырса болот
2019-2023-жылдар аралыгында өрттөн өлкөгө жалпы 7 миллиард сомго жакын зыян келген. Орточо эсеп менен алганда ар бир кырсык 200-300 миң сом чыгымга учуратат.
2022- жылы чыгымдын көп болгонунун себеби, ошол жылы 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, чек арадагы бир нече кыргыз айылдарында үйлөр жана социалдык объектилер таланып, өрттөлгөн. Мындан улам Баткенде эле 2 миллиард 500 миллион сомго жакын зыян келтирилген.
Бийлик табигый кырсыктардан чыгымдарды жабуу үчүн турак жайларды камсыздандырууну сунуштап келет. Бул багытта атайын жобо, камсыздандыруу эрежелери жана мыйзам иштелип чыккан.
Мисалы, 2023-жылы Ошто жыйырма жаран мүлкүн камсыздандырганы үчүн 3 миллион сомдон ашык компенсация төлөнүп берилген. Жапалак айылынын тургуну Дастанбек Жакыповдун үйү өрттөнүп, ал 400 миң сом алган.
Эгер, сиз да үйүңүздү камсыздандырууну кааласаңыз, айылдагы үйгө жылына 600 сом төлөп, өрт же сел сыяктуу табигый кырсыктарда 500 миң сомго чейин кенемте аласыз. Шаарларда камсыздандыруу 1200 сомду түзүп, 1 млн сомго чейин жардам алууга болот. Айтылган сумманы жыл сайын төлөп турбаса мурда төлөнгөн акчалар күйүп кетет.
Мындан тышкары:
  • 1
    1-2-топтогу майыптыгы барлар үчүн камсыздандыруу акысыз;
  • 2
    3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу үй-бүлөлөр жана согуш ардагерлери үчүн 50% жеңилдик каралган.
Үйдү камсыздандыруу үчүн "Кадастрга", "Унаа" мекемелерине же акимиятка кайрылса болот. Үйдүн техпаспорту жана менчик укугун тастыктаган документ, жарандын паспорту керек. Ал эми каражатты электрондук тиркемелер аркылуу жүргүзүп турса болот.
Эгер милдеттүү камсыздандыруу кенемтеси жетишсиз деп эсептесеңиз, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу ыктыярдуу камсыздандыруу жүргүзсөңүз болот.
Өрттү алдын алып же өрт чыкканда эмне кылуу керек?
ӨКМ сунуштары боюнча, өрттүн алдын алуу үчүн электр жабдууларына этият мамиле кылып, балдардын токко жакын болбоосуна көңүл буруу керек.
Акыркы күндөрү министрлик телефон кубаттагычтарына этият болуу, аны токко сайып калтырбоону көбүрөөк эскертип жатат. Тилсиз жоодон коргонуу үчүн төмөнкү эрежелерди сөзсүз сакташыңыз керек:
  • Ширеңке жана көгүлтүр от тутанткычын (зажигалка) балдар жетпеген жерде сактаңыз;
  • Телефон кубаттагычын токто калтырбаңыз жана 3 жылдан ашык колдонбоңуз. Кубаттоо учурунда узак сүйлөшпөңүз же оюн ойнобоңуз;
  • Чагылган болгондо электр жабдууларын токтон ажыратыңыз;
  • Газ баллондорду 5 жыл сайын текшертип туруңуз. Эгер газ жыттанса тамеки тартпай, ширеңке күйгүзбөңүз;
  • Пиротехникалык каражатты өрт коркунучу бар жерлерден 100 метр алыста колдонуңуз. Бирок жабык жайларда иштетүүгө болбойт;
  • От жагуу мезгилинде мештерди жана морлорду тазалап, бузуктарын колдонбоңуз;
  • Бузук электр орнотмолорун (розеткалар, шилтерлер, электр өткөргүчтөрү) иштетпеңиз;
  • Тамеки тартууда өрт коопсуздугуна көңүл буруу зарыл.
Эгер, өрт чыкса эмне кылуу керек?
  • Коопсуз жерге чыгып, "101" жана "112" номерлерине чалып, өрт тууралуу кабар бериңиз.
  • Үйдө өрт өчүргүч жана алгачкы жардам куралдарын сактаңыз.
  • Өрт чыккан жерден тез арада эвакуацияланыңыз.
  • Өрт өчүргүч бар болсо, алгач өрт тутанганча мүмкүн болушунча өчүрүүгө аракет кылыңыз.
Бул эрежелер коопсуздукту камсыз кылууга жана өрттүн жайылышын алдын алууга жардам берет.
Материалды даярдагандар: Наргиза Анарбай кызы, Кенжебү Маматсадыкова, Зыягүл Болот кызы
Дата-редактор: Савия Хасанова
"Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн макаланын авторлору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес".