Бир ишкананын миллиондук тендерлерин кызматкерине байланыштуу компания утканбы?
Ошто Капиталдык курулуш башкармалыгы өткөргөн жалпы 391 млн 500 миң сомдук тендерлерди бир эле адамга байланышы бар компаниялар ута берген. "Т-Медиа" редакциясы бул жолу миллиондук тендерлерге назар салды.
2023-жылдын апрель айында Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы 15 млн сомго тендер жарыялайт. Мекеме бул суммага Иминов көчөсүнө суу түтүктөрүн тартмак. Конкурстан "Оомат" курулуш компаниясы 14 млн сом сунуштап, утуп алат. Ошол учурда компанияга Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери Жарасул Калыбай уулу ээлик кылып турган. Ал "Оомат" курулушту эки жыл мурда сатканын, саткан адамына ишеним кат жазып бергенин билдирет.
Жарасул Калыбай уулу
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери
Компаниямы 2022-жылы саткам. Сатып алган адамдар кайра каттоону кеч кылганбы билбейм. "Суу түтүктөрүн тартуу" деген тендерди "Оомат" компаниясы утканын мен деле көрдүм. Бирок ал жерде менин атым жок. Сатканда ишеним кат жазып бергенмин. Ошол адамдардан сурашыбыз керек экен.
Деген менен "Ооматтын" ээси Юстиция министрлигинин базасынан быйыл гана алмашкан. Компания 2024-жылдын 24-аперлинде кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүсү жана директору катары Санакбаров Алияр көрсөтүлгөн. Ага чейин Жарасул Калыбай уулу өзү эле жетектеп турган.

Жарасул Калыбай уулу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгында 2023-жылдын 24-февралынан тарта иштеп баштаган. Демек, таза суу тартуу боюнча тендерди жумушка орношкондон эки айдан кийин утуп жатат. Бул учурда Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын "Кызыкчылыктар кагылышы беренеси" бузулган. Анда сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери өздөрү иштеген мекемеден тендерлерди утса - мыйзамга каршы келет.
Юристтер да муну бышыктайт. Алар компания толук кандуу сатылган деп айтыш үчүн ишеним кат аздык кыларын белгилешти. Ишеним кат ыйгарым укук бергенде же сатууда берилет. Эгер, сатуу үчүн берилген болсо, сатып алган жаран өз атына каттоодон өткөрүшү зарыл. Бул процесстер аткарылбаса компаниянын ээси Жарасул Калыбай уулу деп эсептелет.

Кутман Медетбеков
юрист
"Ишеним каттагы ыйгарым укукту жасоо, ишеним кат менен иш алып барган жаран фирмага "ээлик кылат" дегенди билдирбейт. Тилекке каршы, ушундай практикалар болуп келе жатат. Негизи муну жоюу үчүн тендерди уюштурган адардар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Анткени Кылмыш жаза кодексинде мамлекеттик сатып алуулардын тартибин бузса же болбосо ачык конкурстардын эрежелерин буза турган болсо анда мыйзам бузуу болору жазылган".
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган башка тендерлеринде дагы күмөндүү жагдайлар көп. Мисалы, быйыл 24-июлда "Моминов көчөсүнө курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчанын кошумча иштерин аяктоого" тендер жарыяланган. Ага бир ай алдын курулуп бүткөн Чкалов менен Моминов көчөсүнүн кесилишиндеги жолдун тендери кошулуп калган. Бул тендерди да "Оомат" компаниясы жалгыз катышуучу болуп 15, 5 млн сомго уткан.
Бул каражатка бакчага беш даана карусель, пружина, үч даана селкинчек, 400 чарчыдан ашуун жерге желим төшөө жана 1, 2 платформада оюн аянтчасы эле жазылган. Экинчи сметада Моминов көчөсүнө сарпталган курулуш материалдарын гана алышкан.
Негизи тендер июль айында өткөн. Бирок ага кошулуп калган Чкалов менен Моминов көчөсүнүн кесилишиндеги асфальт басуу иштери июнда аяктаганын мэрия жарыялап жатат. Ага калаа башчысы Бакытбек Жетигенов катышкан. Сүрөттөрдө мэр менен чогуу баскан бул жаран Айбек Бактыяр уулу. Мурда ички иштер кызматтарында иштеген. Ал "Оомат" курулуш компаниясынын ээси Алияр Санакбаровдун агасы болот. Бактыяр уулу бала бакчанын кошумча иштери менен жолдун тендери чогуу өткөнүн бизге өзү тастыктап берди.
Айбек Бактыяр уулу деген ким?
Айбек Бактыяр уулу — оштук ишкер, курулуш фирманын ээси. Анын "Гранд Сити" деп аталган ЖЧКсы Ош шаарындагы эки деңгээлдүү өтмөктү куруп жатат. Учурда ал жерде иш кызуу жүрүүдө. Өтмөктө анын иниси, "Оомат" компаниясынын ээси Алияр Санакбаров экскватор айдап иштейт. Ал бул сөздү өзү да тастыктаган. Мындайча айтканда эки компанияга тең Айбек Бактыяр уулу ээлик кылып, өзү иштетет.
Алияр Санакбаров
"Оомат" курулуш компаниясынын ээси
"Ооба, мен "Гранд Ситиде" дагы иштейм да. Бул жакта жакындан бери эле иштеп баштадым. Бактыяр уулу Айбек акем эмес".
"Гранд Сити" компаниясы Капиталдык курулуш башкармалыгынын 2023-жылы жарыяланган бир нече тендерлерин да уткан. Алардын бири - мекеме былтыр февраль айында суу түтүктөрүн тартуу үчүн тендер жарыялап, "Гранд Сити" 11 млн сомго утуп алган. Тендерде сунуш берүү мөөнөтү 17-февралды көрсөтөт. Бирок суу түтүктөрүн тартуу иштери 2 -мартта бүткөнү тууралуу "Фейсбук" платформасында сүрөт-видеолор бар. Мындан сырткары тендердеги баа 11 млн сомдон 25 млн 964 миң сомго өзгөрүп кеткен.

Ушул эле фирма 31 млн сомго Фер-Ас бассейинине жакын жерге суу түтүктөрүн тартып берген.

Сентябрда болсо Капиталдык курулуш башкармалыгы Орек-Сай көчөсүнө кичи футбол аянтчасын курууга 3,5 млн сом кетирген. Бул иштерди да "Гранд Сити" компаниясы аткарган.

Ал эми ноябрда Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгынын Сай-Бою көчөсүнүн №1 дарегиндеги имаратты реконструкциядан өткөрүү боюнча тендерди 33 млн сомго утуп алган. Конкурска "Гранд Сити" жалгыз катышкан. Бул биз ачыктагандарыбыз гана. Компания уткан тендерлер мындан да көп болушу мүмкүн.
Айбек Бактыяр уулу
жеке ишкер
"Башка фирмалар скважина казгандан кийин биз суу тартканбыз. Интернеттеги сүрөттөрдү мен деле көргөнмун. Анда долбоор бүтө элек болчу".

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы бир да кызматкер алар жарыялаган тендерлерге катышпастыгын билдирди. Мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу Темирлан Бакалов буга чейин компаниясы барларга жумуштан кетүү же болбосо компанияны башкага өткөрүү талабы коюлганын айтты. Ал эми тендерлерди бир эле компаниянын утканын мындай түшүндүрдү.

Темирлан Бакалов
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу
"Бул боюнча биздин тендердик комиссия болот. Ошолор чечим чыгарат. Ал жерде мен чечим чыгарбайм. Андан кийин "афилирленген жак" деген нерсе бар. Биздин кызматкер ал жакта "ээси" болуп калышы мүмкүн. Бирок сайтка мен жооп бербейм. Мен да "Жарасул Калыбай уулу "Ооматтын" ээси экен" деп уккам. Бирок ал аны "сатканмын" деген. Эми мен ар бир компанияны карап чыкпайм да, туурабы? Мен кантип карайм? Юстиция министрлигине барамбы? Тендерди ким арзан кирсе, ошол утат. Мисалы, беш жолу тендер жарыяласак, сен арзан баа сунуштасаң, "жок, сен төрт жолу уттуң" деп сага бербей коё албайбыз да".

Ош шаардык прокуратурасы тендерди өткөрүү тартибин бизге айтып берди. Эгер, тендер өтпөй туруп жумуштар аткарылса мыйзам бузуу болуп эсептелет..

Залкарбек Жолдошов
Ош шаардык прокуратурасынын прокурору
"Эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматкер өзү же өзүнүн жакындары аркылуу тендер утса, "кызыкчылыктардын кагылышуусуна" алып келет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жөнүндө мыйзам бар. Анда аларга коммерциялык иштер менен алектенүүгө тыюу салынган. Тендердик сумма болсо жарыялангандан кийин өзгөрбөйт".
Эми Ош шаардык прокуратурасы биз жогоруда ачыктаган фактыларды кандай текшерет? Мыйзамдуу кандай чара көрүшөт? Күтө туралы. Биз бул фактыларды укук коргоо органдарына байма-бай билдирип турабыз. Кийинки чыгарылыштарда Ош мэриясына караган башка ишканалардын сатып алууларын ачыктаганы аракет кылабыз.