www.t-media.kg
Селдин башкы себептери эмнеде?
Бийлик кандай чараларды көрүш керек?
Акыркы учурда Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жаратылыш кырсыктары көп катталып жатат. Селдин көрсөткүчү эле өткөн жылга салыштырмалуу 86%га өскөн. Бул материалда биз климаттын өзгөрүүсүнөн өлкө миллиондогон зыян тартып жатканын, адам өмүрүн сактап калуу үчүн эмне кылса болорун түшүндүрөбүз.
Өлкөдө быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 200дөн ашык сел катталып, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Соңку бир жарым айда суу ташкындан 19 адамдын өмүрү кыйылды. Табигый кырсык жүздөгөн жеке турак үйдү, социалдык объектилерди, негизги жана чарбалык жолдордогу көпүрөлөрдү жараксыз кылды.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги он адамдын өмүрүн алган Ноокаттагы суу ташкындын себептерин атаган. Ага ириде аномалдуу аба ырайынын шарттары, жаратылыш ресурстарын туура эмес пайдалануу жана курулуштагы катачылыктар негиз болгону айтылган.

"Сел каналдарынын, ирригациялык системалардын сыйымдуулугунун аз болуп кеткени, каналдарга мыйзамсыз курулмаларды курганы же болбосо бак-дарактардын өсүп кетиши да себеп болду. Алар тоскоолдук жаратып, келген сел көпүрөлөргө такалып, калктуу конуштарга жайылып кеткен. Албетте, климаттын өзгөрүшү менен дагы, адам баласынын иш аракеттеринин да себеби болуп жатат. Бул жайыттардын деградациясы, өсүмдүктөрдүн тамырларынын жок болуп кетиши селди пайда кылып, акыркы беш-алты жылдан бери мындай сел болгон эмес. Катуу жаан-чачындан сел пайда болуп, жантаймаларда, тоо этектеринде болгон таш, кум, шагылдардын баарын сел каналдарына толтуруп, өлкөдө бир топ чыгымдарга алып келди".

Даурбек Сакыев
ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору
Экологдор суу ташкындын эң негизги себебин глобалдык климаттын өзгөрүүсүнөн көрүшөт. Температуранын көтөрүлүшүнөн улам катуу жаан-чачын кескин көбөйгөнүн адистер айтып да, көргөзүп да келатат. Мындай өзгөрүүдөн Кыргызстан четте кала албайт.
Бирок мамлекет да, эл да айрым учурда кайдыгер болуп жаткандай. Анткени Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын алдын алуу боюнча эскертүү менен гана чектелет. Жарандар болсо аны укпайт. Ушу тапта 4 миңден ашуун үй-бүлө кооптуу аймактарда баш калкалоодо. Алардын бир бөлүгүнө өкмөт башка аймакка көчүү үчүн акча да төлөгөн."Шарты же талаптары туура келбеди" деген жүйөө менен дале жашап жүрөт. Адистер табият кырсыктарын алдын алуу боюнча бирдиктүү саясаттын жоктугу экологиялык көйгөлөрдү көбөйтүп жатканын айтууда.


Абдижапар Аккулов
ОшМУнун Тоо экосистемасын коргоо жана жашыл инновациялар борборунун директору
"Мурда ак жаан деп койчубуз. 2-3 күн майдалап жааса да эч нерсе болчу эмес. Жерге сиңип кетчү. Ал эми нөшөр жамгыр жаап эле өтүп кетип калчу. Азыр бизде ак жаан узагыраак жааса да жаандын тамчылары өтө чоң болууда. Көлдү ачып жибергендей эле куюп жаап жатат. Биздин кыртыш ошончо нымдуулукту өзүнө сиңирип, кармап калууга жөндөмү жок. Кээде окумуштуулар дүйнөсү өзү менен өзү жашап, бийлик өзү менен жашап жүргөндүгү үчүн кесепети 30 жылда мына ушуга жеткирди десем болот. Бул бүгүнкү бийликтин ойлоно турган маселеси экенин айтып койгум келет. Эгер, булар да алмаша берип, кете бере турган болсо (ред- бийлик, өкмөт) Кыргызстандын келечеги экологиялык жактан кооптуу экенин айтышыбыз керек. Кыргызда "Аккан арыктан суу агат" деген сөз бар. Ал жөн эмес да. Сел аккан жерден 30-40 жылдан кийин да кайталанарын түшүнүш керек. Бул геологиялык циклдүүлүккө ээ. А биз андай жерлердин баарын турак-жай, массивдерге, курулуштарга, фирмаларга берип салганбыз да. Кесепети ошончо жылдык мээнетти бир эле келген сел ташкындары, жер көчкүлөр жок кылып коюп жатпайбы. Муну ойлонгон бир сабаттуу саясат жүрмөйүн, Кыргызстанды сактап калыш кыйын".
Аккулов селдин көбүрөөк кырсыкка алып келишине экосистеманын талкаланышы, жайыттардын деградация болушу себеп дейт. Мындан улам ал ушул багыттагы мамлекеттик концепцияны, аны ишке ашыруу программасын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Негизи климаттын өзгөрүп жатканын жайлатуу, ага ыңгайлашууга дүйнө жүзү аракет кылууда. Ал үчүн бир нече эл аралык келишимдер кабыл алынган. Аларга Кыргызстан да мүчө. Ага ылайык, климаттын өзгөрүүсүнө эң көп себеп болгон парник газдарын азайтууга, озон катмарын коргоого, кооптуу калдыктардын чек ара аркылуу өтүшүн көзөмөлдөөгө милдеттүү. Парник газдарын адаптациялоо боюнча улуттук программаларды сунуштап, аны ишке ашырууга тийиш.
Иллюстрациялык сүрөт
Бул конвенцияларга кошулуу Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени экологияны жакшыртып эле тим болбой, эл аралык кызматташтыкты чыңдайт. Долбоорлорго каржылык жана техникалык колдоо алат. Аны менен өлкө туруктуу өнүгүү үчүн маанилүү болгон глобалдык климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашат. Ошол себептен да экология адистери мамлекетке бул жаатта бирдиктүү иш алып барууну сунуштоодо.
Даярдаган: Улукбек Сали уулу
T-Media, 2024-жыл