Ош: чакырымдап жол басып билим алган окуучулар
Аяна менен Айшоола Ош шаарынын Туран аймактык башкармалыгына караган эки башка айылда жашаганы менен, экөө тең чакырымдаган жолдорду басып өтүп билим алышат.
5-класста окуган Аяна Акимова Туран аймактык башкармалыгына караган Тюлпан айылында жашайт. Ал жашаган жерде мектеп да бала бакча да жок, жол начар. Өспүрүм кыз өзү менен үч бир тууганын алып, эрте менен саат алтыда мектепке жөнөйт. Алар билим уясына жетүү үчүн эки саат жол жүрүшү керек. Жолдон аларага жакын жашаган теңтуштары кошулуп, бир саат адыр аралап жөө жүрүп, кичи автобус жүрүүчү түз жолго жетишет. Андан ары сабакка жетишип же кеч калуусу айдоочулардан көз каранды.
Саат алтыда чыксак дагы мектепке кеч калып барабыз. Анткени маршрут күтүп калабыз. Жолдон иттер чыгат алардан өтө албай кыйла туруп калабыз. Кышта бутубузга кар кирип кетет. Кирпиктерибизге муз тоңуп калат. Булар (ред-жанындагы теңтуштары) чарчаганда жерге отуруп алат, сумкасын коюп, анан биз көтөрүп келебиз. Түшүш оңойураак, чыгыш кыйын.
Аяна Акимова
окуучу
Ал эми Айшоола Абдыжапарова шаардагы Алай 1 кварталында жашайт. Ал айылдагы мектепте орун жок болгондуктан иниси экөө төрт чакырым жолду жөө басып башка мектепке барышат. Аба-ырайынын кандай экенине карабай, Айшоола инисин ээрчитип алып, сабак башталышынан эки саат эрте жөнөйт. Антпесе сабагына кеч калат.
"Иним кыйналдым, болду барбайм" мектепке дейт. Себеби жолу алыс, 1, 2 саатта зорго жетебиз. Кээде сабактар көп болгондо сумкаларыбыз оор болуп, чыканактарыбыз ооруп, буттарыбыз жарылып кетет",-дейт Айшоола Абдыжапарова.
Аянанын үй-бүлөсү Тюлпан айылына келип отурукташып калганына 15 жылдай болду. Арзаныраак деп шарты жок болсо да жерди ушул айылдан алышкан. Бул аралыкта Жазгүл Сатар кызы алты балалуу болуп, төртөө мектепке окуп калды. Чакан болсо да турак жайды түптөп алган менен, шаарга жетүү айрыкча балдар үчүн кыйын болуп жатат.

Көбүнчө кыйналгандарынын себеби, караңгыда калганы. Анан эжекелери "Сууктун күнүндө кирпиктери тоңуп, келишет" деп айтышат. Кышындасы көбүнчө ооруп калышат. Бул жерден шамалда кетишет, карда кыйналышат. Эң коопсуздугу жолдогу иттер. Жолдон ит чыкканда туруп калышат экен. Экинчи көйгөйүбүз балдарыбыз бир саатта ылдыйга түшүп алып, ал жерден маршрут күтүп кеч калышат.

Жазгүл Сатар кызы
Тюлпан конушунун тургуну
Дача же Ош шаарынын Туран аймактык башкармалыгына караган 11- квартал. Бул аймакка Эделвейс, Тюлпан жана Вишенько деген үч жаңы конуш кирет. 300 гектардай жерди ээлеп, Кара-Суу районундагы шаардын анклавы. "Миңден ашык адам жашайт" деп расмий айтылганы менен мындагылардын бир бөлүгү туулуп өскөн райондорунда катталган. Андыктан калктын так саны белгисиз. Аймакта эзелтен эл жашаганы менен көпчүлүк эми гана кызыл китеп алып, шаардын тургуну катары каттоодон өтүп жатышат. Мал бакканга эле мүмкүн болбосо, мында жашоо оор. Суу тартыш, жол начар, бала бакча, мектеп жок. Мындан улам айылда ээн калган же бүтө элек үйлөр көп.
Биз ушул жерге келип жашап калганыбызга 20 жыл болуп жатат. Жолубуз начар, жашоо шартыбыз кыйын. Мынтип эрте менен балдарыбызды метепке алып жөнөйбүз. Машина жүрсө жүрөт, азыр эми анча суук эмес, эртең кышындасы машинабыз жүрбөй калат. Сабактан кеч калып, маршрут жок. Элдер көчүп жатат, интернаттарга берип жатышат. Мен дагы Терешковага берип, ошол жакка алып кетип жатам. Биринчи күнү алып барабыз, жума күнү алып келебиз. Кыштын күнү балдарды утурлап барып жетелеп алып келишет.
Нейматтила Капаров
Тюлпан конушунун тургуну
Ушул эле айылдын жашоочусу жалгыз бой эне Жыпар Өмүрзакова транспорттун жоктугу карапайым элди түйшуккө салганын айтып берди. Ал коопсуздугунан коркуп, кыз неберлерин жатак мектепке бергенин, күнүмдүк тиричиликке керектүүлөрдү чоң жолдон өзү көтөрүп келээрин белгиледи.

Жергиликтүүлөрдүн пикиринде, бул жакта айыл түптөлгөндөн бери коомдук транспорт каттай элек. Бүтүндөй бир муун шаарга жөө каттап чоңойду. Шаардык деген аты эле болбосо, балким, алыскы тоолуу райондордо жашоо үчүн шарт мындагыдан караганда алда канча жакшы. Айылда социалдык объект эмес дүкөн да жок. Демек, баардык муктаждык шаардан көз каранды. Мындан улам жергиликтүүлөр "жок эле дегенде күнүнө үч маал кичи автобус каттаса" деп көп жылдан бери эңсеп келишет.
Ал эми эделвейстиктер аймакта менчик болсо да бакча жана жок эле дегенде 4-класска чейин, болбосо 9-класска чейин билим уясын ачууну суранышууда. Антпесе мектепке эрте жетүүнү көздөгөн балдар жалгыз аяк жолго салышып, бул алардын өмүрүнө коркунуч жаратып келет. Алар Ош шаарынын бийлиги кош көңүл мамиле жасап, арыздары каралбай жатканын айтышат.
Мектепке окуучуларыбыз ушул жол менен түшөт. Эртең жаан-чачында эң көйгөйлүү маселе, мына чуңкурга түшүп дагы кетет балдар. Канча жылдан берки көйгөй, же айыл башчыбыз Багынбай деген карап койбойт. Ким караш керек? Президентибизге ушуга окшогон көйгөйлөр жетпей, жел болуп учуп кетип жатат. Эми бул маселе чечилбесе, бизди эч ким карабайт экен деп ишеничибиз кетет.

Элмира Кулуева
Эделвейс конушунун тургуну
Ушул жылдын март айында 11-кварталга кетүүчү эки чакырым экүү жүз метр жол тегизделип, шагыл төшөлгөн. Жолдун кооптуу жерлеринен 15 даана бетон блок коюлган. Бул үчүн 200 миң сом кеткен. Жергиликтүү бийлик бул иштерди аткаргандан кийин аталган аймакка кичи автобус чыгарууну көздөгөн. Бирок ага шаардык жол кайгуул кызматы уруксат берген эмес. Анткени эки багыттуу унаа жүрүшү үчүн жолдун кеңдиги алты метрден кем болбош керек.
Бир багыттуу жолдуку деле жол эрежеси боюнча 3 метр болушу керек. Ал жерде 2.98. Андан сырткары жол асфальт эмес, шагыл. Ал жерде жамгыр жана кар жааганда машиналардын жана автобустардын коопсуздугу каралган эмес. Тосмолор дагы шагылдын үстүнө коюлбайт. Жол эрежеси боюнча атайын бекитилген жерге коюлушу керек. Себеби тосмого келген унаа дагы токтоп калуу керек. Ал жерде жүрүү коопсуз деп табылгандыктан жүрүүгө уруксат берген эмеспиз. Качан гана жолу баардык коопсуздуктарга жооп бергенде, узундугу туура келгенде гана уруксат берилет.

Кубаныч Камчыбеков
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы
Ош шаардык жолдор башкармалыгы аймакка шагыл төгүлүп, бирок ныктоо иштери болбогонун, бетон блоктор да убактылуу коюлганын, кийинчерээк бекемделерин билдирди. Мекеменин өкүлү Фархат Эрмек уулу бир чакырым жол гана тар экенин, аны кеңейтүү үчүн долбоор даярдалып жатканын маалымдады.
Бул жерде көйгөй Төлөйкөн айылынан жогору чыккан негизги жолдо, анын кеңдиги 4,5 метрге чейин гана жетет. Аны кеңейтүү үчүн атайын долбоор даярдалышы керек. Ошондо гана кеңейтүүгө болот. Грейдер техникасы менен аны кеңейтүүгө мүмкүн эмес. Анткени рельеф татаал. Кийинки жылга план кылып жатабыз. Азыркы учурда архитектуралык документтер даярдалып жатат. Эгерде ал жер кеңейтилип, асфальт төшөлө турган болсо маселе чечилет. Кийинки жылга сунуштайбыз эми, кайсы этабына чейин акча бөлүнөт ушул маанилүү. Көп маселе акча каражатына келип такалат.

Фархат Эрмек уулу
Ош шаардык жолдор башкармалыгынын бөлүм башчысы
Долбоор даярдалып, 2024-жылга пландалганы менен бул жол кеңейтилип курулат дегендик эмес. Анткени жолдор башкармалыгы жылына 2 млрд сомдук курулуш иштерин сунушташат. Бирок жергиликтүү бюджеттен анын 30 пайызын аткаруу үчүн гана каражат бөлүнөт. Маселен, өткөн жылы ушундай эле 2 млрд сомдук план түзүлгөн менен 350 млн сом гана каржы бөлүнгөн. Деген менен бул тармакты караган вице-мэр Сонунбек Жунусбаев кийинки жылы Ошто республикалык бюджеттин эсебинен цемент завод курулаарын, андыктан Эделвейстин жолуна асфальт төшөлөөрүн убадалады. Ага чейин жакын арада Кытайдан Өзбекстандан автобус сатып алып келип, каттамга чыгаруу пландалууда.
124-маршрутту жок дегенде эрте менен, кеч чыгаралы деген маселе болуп жатат. Бирок маршруттар да жеке менчик болгон үчүн "ал каттам жакшы актабайт"деп чыкпай коюп жатышат. Ошондуктан биз 200 автобусту алып келиш үчүн жакында Кытайга кетип жатабыз. Алып келсек 124-маршрутту бүт алып туруп эле, муниципалдык автобусту коелу деп жатабыз. Өзбекстандан келген автобусту Төлөйкөндүн жарымына чейин алып чыктык. Бирок аны созсок, автобустун саны жетишпей калды. Ар он мүнөт сайын жылыш керек да автобус, ошол аралык бузулуп жатат.

Сонунбек Жунусбаев
Ош шаарынын вице-мэри
Жергиликтүү бийлик убада берген менен Кытайдан автобус келсе эле Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы уруксат бербей турганы талашсыз. Алар жолду оңдоо талабын коюшат, демек, кийинки жылы толук оңдолоору бүдөмүк. Аймакка бала бакча жана мектеп ачуу планы жакын арада жок экенин жергиликтүү бийлик тастыктады. Муну аймакта калктын саны аз экени менен түшүндүрүп, басым эл жык жайгашкан аймакка коюларын белгилешти.
"Тагдырдын өгөй балдарындайбыз..."
Эми Айшооланын окуясын улантсак. Айшоола Абдыжапарова жашаган Алай 1, мындан сырткары Алай 2, Алай 3 кварталдарында дээрлик ар бир баланын абалы ушундай. Айрымдары сааттап жөө жол жүрүп окушса, башкалары бир канча кичи автобусту алмаштырып олтуруп мектебине жетишет.
Тагдырдын өгөй балдарындай болуп эле мамлекет тарабынан бизге эч кандай жардам жок. Балдарыбызды мектепке айдай кылып жөнөтөбүз, кайра келгенде таштанды тергендердей эле болуп келишет да. Буту-колдору тебеленген, сумкалары үзүлгөн. Жайындасы жууп-жууп кургатып берсең болот. Көрүп атасыңар аба-ырайы кескин өзгөрүп жатат. Суук, кылычын алып кыш келатат. Жолубуз дагы мазар болгон үчүн чөө деген бар. Окуучуларды күнүгө утурлап күтүп алабыз, а кышындасычы. Келатканда маршруткадан карама-каршы өтүп кетип, балдарыбызды издеген учурлар болот. Мамлекеттик мектеп деп Учардын мектебине берип жатабыз. Мектептерде да класс жетишпей, бир партада үчтөн отурган балдар бар. Балдарыбыздын билим алуу жагы да кыйын болууда. Шайлоо болгондо "асмандагы айды алып беребиз" деген депутаттар кайрлып келген жок.

Эркинбү Эргешова
Алай 1 кварталынын тургуну
Алгач Кара-Суу районунун аймагында болгон бул эки квартал 2011-жылы Ош шаарынын карамагына өткөн. Аймакта эл жыш жайгашкан. 7 миңдей калк расмий катталганы менен, иш жүзүндө мында жашагандардын саны алда канча көп. Аймакта болгону бир бала бакчадан башка эч нерсе жок. Жолу начар, суу тартыш, жарыктандыруу жолго коюлган эмес. Бирок жергиликтүүлөр азыр баардык көйгөйдү артка коюп, мектеп ачылса дегенде эки көзү төрт. Алай 1 кварталынын башчысынын айтымында, учурда аз дегенде миңдей окуучу шаардын мектептерине чачырап билим алышат.

Аймакта мектеп бар, бирок анын курулушу бүтпөй турат. Билим берүү мекемеси 2016-жылы Иригатор көчөсүнө 275 орундуу, спорт залы жана отканасы менен курула баштаган. "Биримдик 21-кылым" компаниясы 54 млн сомго сегиз айдын ичинде курулушту бүтүрүп бермек болгон. Каржы республикалык бюджеттен берилээри айтылган. Бирок арадан жети жыл өттү, шаарда төрт мэр алмашты. Бирок мектептин курулушу али бүтө элек.

Жергиликтүү эл мектеп бүткөнгө чейин аймакка кошумча коомдук транспорт каттатып берүүнү өтүнүп ушул жылдын августунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы арыз жазышкан. Анткени жети миң калк жашаган аймакка иш күндөрү 122-каттамда 14,15 кичи автобус ишке чыгат. Бул аймактагы элди тейлеп жетишпей турганы талашсыз. Мындайда бир учурда окууга жөнөгөн окуучулардын абалын элестетүү кыйын. Бирок атайын түзүлгөн комиссия "автобус каттаса ал өзүн актабайт" деген жүйөө менен кошумча каттам ачуунун кереги жок деген жыйынтыкка келишкен.

Азыр эми мектептин курулушу качан жандарааны белгисиз. Анткени Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы менен курулуш компаниясы соттошуп жатат. Бюджеттен каралган акча убагында бөлүнбөгөндүктөн 2015-жылы башталган курулуш иштери 2019-жылга чейин узарып кеткен. 2020-жылкы коронавирус пандемиясында баа кескин өсүп кетти деген негизде курулуш компания ишти токтотуп, кошумча каражат берүүнү талап кылган. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы сунуштаган суммага компания көнбөй, мекемени сотко берген. Жыл башынан бери теришитүү бүтө элек. Мекеменин жетекчиси Шумкарбек Пайзиев соттун чечими чыгып, биз ага ынансак гана курулуш кайра жанданышы мүмкүн дейт.
Өкмөттүн 2021-жылдын 2-3-кварталынан баштап, бааладары кайрадан эсептеп бергиле азыргы баага ылайыктап деген токтому чыккан. Биз ошол документти негиз кылып, ага бир сумманы айтканбыз. 20 млн сомдон ашык сумманы айтсак, "силер мага 2019-2020-жылдардагы бааларды да эсептеп беришиңер керек" деп, макул болбой койду. Сот, мамлекеттик эксперттердин чечимин негиздеп чечим чыгарып берсе, ошол сумма менен биз кайрадан келишим түзөбүз. Ага чейин биз эч кандай курулушту жанданта албайбыз.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы
Шумкарбек Пайзиев
Ушул жылдын февраль айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2023-жылы курулушу 50 пайызга аяктап калган мектептер ишке берилет деп айткан эле.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жакынкы үч жылда курулушу башталган 546 объектини бүткөрүүгө аракет жасайбыз. Жакынкы он жылда демографиялык өсүш болот. Жылына 24 жаңы мектеп куруп турушубуз керек, аны дагы эске алып жатабыз"- деген ал.


Бирок Иригатор көчөсүндөгү мектеп козголбой турат. Ал арада шаарда окуучулардын саны өсүүдө. Мисалы, Ош шаарында жалпы 37 миң окуучуга ылайыкташкан 55 мамлекеттик мектеп бар. Иш жүзүндө учурда аларда 80 миң окуучу билим алууда. Бир партада үчтөн олтуруу акыркы жылдары нормага айланды. Мындай шарт балдардын билим деңгээлине кандай таасир берип жаткандыгын изилдеген эч ким жок. Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Бектурсун Көкөнов болсо аймакта анчалык чоң көйгөй жок деп билдирди.

Эми азыр окуучуларды каалаган жеринде окуйт деген бизде мыйзам бар. Ошон үчүн ата-энелердин каалоосу менен мектепке алууга туура келип жатат. Булар дагы биздин шаардын окуучуларынын санын көбөйтүп жатат. Алай 1 де бала бакчанын курулушу бүтүп берилген. 280 орундуу мектептин курулушу бүтүп калган. Алар Учарга каттап окушат. Аларда өтө деле көйгөй жок да. Себеби түз жер болгон үчүн автобустар тынбай каттайт.
Бектурсун Көкөнов
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Элдин көйгөйүн көтөрүп алып, шаар башчысы Бакытбек Жетигеновго да кирдик. Көрсө мэр деле өткөн жылы маселени жеринен көрүп келген менен, али күнчө чечүүнүн жолун таба элек экен. Эми жаңы жылдын алдында автобус алынып калса, маселе чечилет дейт.
Келишимди бузуп, подрядчик менен ишти башкага берели десек сотто болуп жатат. Эми дагы көрөлү. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жаңы-жылга чейин 50 автобус алабыз деп жатабыз. Ошондо бул маселе чечилип калат, буюрса. Андай көйгөйлөр шаардын көп жерлеринде бар
Бактыбек Жетигенов
Ош шаарынын мэри
Ушундай эле убаданы буга чейинки мэрлер да берип келген. Азыркы жетекчинин сөзү ишке ашабы же айтылган жерде калабы, айтуу кыйын. Деген менен сот чечим чыгарса эле курулуш жанданаары күмөн. Анткени сот белгиленген сумма каржы министрлигине жиберилип, республикалык казынадан акча бөлүнүшү үчүн дагы 7,8 жыл өтүп кетиши мүмкүн.