ЧЫЧЫРКАНАК КӨЛДҮН ӨПКӨСҮ

Ысык-Көлдө чычырканакты мектепте өстүрүп көбөйтүү үчүн даярдык башталды. Аны жергиликтүү тургун Александр Садыков демилгелеген. Чычырканактын көлгө кандай пайдасы бар экенин билесизби?
Александр Садыков Ысык-Көлдө окуучулар менен бирге чычырканакты көбөйткөнү жатат. Анткени бул ыкма көлдү сазга айлантпай тазалап турган эң негизги фильтрлердин бири. Анын пайдасына карабай аймакта жылдан-жылга чычырканакты кыйгандар көбөйүп, ал улам азайып жаткан. Мындан улам быйыл атайын долбоор жазып, өнөктөштөрү менен биргеликте аны ишке ашырууну көздөөдө.
Быйыл сынак болуп жатканын угуп, ушуну бир байкап көрөлү дедик. Жакшы көбөйтүп алсак көл жээкке дагы тигели деп атабыз. Анан "кимден баштасак?" деп жатып окуучулардан баштайлы деп чечтик. Анын үстүнө шаардагы бир мектеп экологиялык багытта сабак берет экен. Биз алар менен сүйлөшүп, келишим түздүк. Ошонун негизинде ушул долбоорду баштайлы деп жатабыз.
Александр Садыков
багбан
Садыков чычырканактын айрым түрүн ишканасынын короосуна тигип да көргөн. Алар эки жылдын ичинде мөмө берүүгө жетишкен. Мындай жыйынтык ал үчүн бекем ишенимди жараткан.
Бул жакта 16 түп ургаачы, төрт түбү эркек. Мына биз быйыл жөн эле деп тигип көрдүк. Бирок гүлдөп, мөмө байлаптыр да. Эми булар өтө чоң болбойт экен. Ашып кетсе эки, эки-жарым метр болот. Бирок аны деле туура кыйыштырып турса түшүмү да көп болот экен.

Александр Садыков
багбан
Бул долбоорду Балыкчы шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы мектеп менен өнөктөштүктө ишке ашырганы жатат. Ага билим уясынын окутуудагы экологиялык багыты негиз болгон. Мектеп директору Анара Каргадаеванын айтымында, учурда чычырканактар тигиле турган жайлар аныкталып, жерди даярдоо иштери жүрүп жатат.
Сентябрдын 15-20ларында жемиштерибизди казып алабыз. Анан бул жерди окуучулар менен биргеликте кыктан сээп, топурагын майдалап даярдап беребиз. 20-сентябрга даяр кылабыз. Бул жерге тамчылатып сугаруу орнотулуп, болжол менен жүзгө жакын чычырканак орнотулат экен. 
Анара Каргадаева
К. Жакыпов атындагы мектептин директору
Долбоордун катышуучуларынын баардыгынын максаттары бир. Чычырканактар жакшы өсүп чыкса, аларды көл жээгине тигүүнү үмүт кылууда. Анткени бул өсүмдүк аймактагы жер кыртышына туруктуу келип, аба менен сууну тазалоодогу ролу чоң. Чычырканактар Көл жээгиндеги топурактын эрозиясынан сактайт. Алардын кыйылышы топурактын деградациясына алып келип, суунун булганышын пайда кылат. Натыйжада Көлдү сазга айлантып алуу кооптулу жаралат дешет адистер

Ошентсе да, Ысык-Көлдө 2000-жылдан бери эле 700 гектар чычырканак өскөн жээктер жок кылынып кеткен. Аны адамдар пляж куруу үчүн кыйып, ордуна башкасын отургузбай. Көл климаттын өзгөрүүсү жана адамдардын таасиринен улам, ансыз да тазалоого, сактоого муктаж болуп баратат. Мындай демилге, аны сактап калууга өбөлгө боло алган таасирлердин бири.