Маданиятсыздыкпы же билбестикпи?
"Даракка из калтырам" деп оору калтыргандар
Ош шаарында Ак-Буура дарыясын бойлой жайгашып, тынчтыкта эс алгысы келгендерди өзүнө тартып турган Токтогул сейил багы бар. Бул калаадагы жашыл жана ири сейил бактардын бири. Көпчүлүк бул бактын көрктөнүп турушуна кызыкдар болгону менен биз андагы дарактарды билип да, билбей да бүлүндүрүп жаткан көрүнүшкө туш болдук.

"Т-Медиа" редакциясы сейил бакта жол бойлой тигилген ак кайыңдар кертилип, кимдиндир сүйүү баянына айланып калган абалын сүрөткө тартып келди.
Алгач эле бул эмнеге туура эмес экенин түшүнөлү.

Бак-дарактарга мынтип сүрөт тартуу, кабыгын сыйрып аны жабыркатуу - дарактын оору жуктуруп алышына алып келет. Ал эми ооруган дарак алсыз болуп, калыбына келиши үчүн убакыт керек же ага жетпей куурап да калышы мүмкүн.

Бул дарактар кезинде сейил бакка жол бойлой атайы тигилип жашылдандырылган. Алар айланага кооздук гана берүү үчүн эмес, абаны тазалап, шаардыктарды ашыкча чаңдан жана көмүр кычкыл газынан коргоо милдетин аткарып турат. Демек, анын канчалык бат өсүп, куурабай, саламат туруусу адам үчүн маанилүү.
"Шаардыктар дарактардын саламаттыгы канчалык чың болсо, коомдун да саламаттыгына пайда экенин түшүнүшү керек"

Эколог Абдижапар Аккулов бак-даракты мынтип жабыркатпоо балдарга мектептен бери айтылып келген маанилүү маалыматтардын бири экенин түшүндүрдү.

"Тилекке каршы, мындай көрүнүштөр көп. Муну дарактын денесине келтирилген механикалык таасир деп коёбуз. Даракта кабык аркылуу заттардын алмашуусу жүрүп турат. Бул көрүнүш болсо ал циклды бузат. Дарак кабыгы сыйрылган жерден жабыркап, кадимкидей эле жара пайда болот. Негизи алар убакыт өтүп, кабыгын кайра жаап алганга жөндөмдүү. Бирок сырткы факторлор, таза эмес аба, көмүр кычкыл газынан улам кабыгы сыйрылган жерде чирик пайда болушу мүмкүн. Анан андай жерлерге курт-кумурскалар жабышып, тукумдап кетет. Бул болсо кабыкты дарактын денесинен толук сыйрып түшкөнгө чейин жеткирет. Негизи бул жаштардын маданиятсыздыгы болуп жатат. Коомчулук муну түшүнүп ага жол бербеши керек".