"Т-Медиа" 2023-жылдагы кыргыз спортундагы негизги окуяларды топтоштурду
"Т-Медиа" 2023-жылдагы кыргыз спортундагы негизги окуяларды топтоштурду.
Бул жылы 31-август - эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар Ош шаарында болду. Ага карата "Төлөйкөн" ат майданында өткөн президенттин кубогу үчүн көк-бөрү оюнунун соңунда чыр чыккан. "Достук" жана "Ынтымак" командалары финалга чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган. Ага атаандаш команданын калыстарга нааразычылыгы жаралып, анын арты бир нече мыйзам бузуулар аныкталган.
Башаламандыкта Ош облустук "Тез жардам" кызматынын "Форд-Транзит" үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелери талкаланган. Социалдык тармактарга тараган видеолордо жаалданган эл оюндун калысын, "Тез жардам" кызматынын машинесин кубалап таш, желим бөтөлкөлөр менен чаап жатканын көрүүгө болот. Мына ушул мелдеш өлкөдө көк бөрү оюнунун жол-жобосун, оюнчулардын башын бириктирген Көк-Бөрү федереациясын реформалоо маселесин көтөргөн.
Дүйнөнүн мыкты балбандары
Күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы үчүн 2023-жыл ийгиликтүү жыл болду. Дүйнөлүк күрөш уюмунун жаңы рейтингинде кыргызстандык үч балбан – Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова өзүнүн салмагында биринчи орунга чыкты. Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта, Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг салмак ченинде, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медаль тагынып, кыргызстандыктарды кубантты.
Баарыңыздарга маалым болгондой өлкөдө тууну алмаштыруу чечими көпчүлүктүн купулуна толбоду. Эски тууну өзгөртүүсүз калтырууну талап кылгандардын арасында спортчулар да болду. Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, футболчулар Мирлан Мурзаев жана Азамат Байматовдор да жарандык позияларын билдиришти. Албетте, дүйнөгө Кыргызстандын туусун желбиретип, тааныткан инсандардын пикирине оң реакция болгон жок.
Футбол
Легендарлуу "Барселонанын" оюнчуларынын Орто Азияда жалгыз Кыргызстанга келгени бир чети кубандырды. Жалал-Абадда атайын Барселонанын академиясы ачылып, андан кийин уюштурулган майрамдык оюнда күйөрмандардын оюн талаасына чуркаганы менен эсте калды. Баса, "Барселонанын" академиясы эми Бишкекте да ачылат.
Бир күндөн кийин эле борбор калаа Бишкекте Орто азиянын футбол ардагерлери жана "Барселонанын" жылдыз курамы менен беттеш уюштурулду. Өлкө башчы бала кездеги кыялын ишке ашырып, аз болсо да алар менен бир майданда ойноп алды.
Кыргыстандык калыс Гиннес китебинде
Кыргызстандын футбол тарыхында биринчилерден болуп Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) футзал боюнча мурдагы калысы, кыргызстандык Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине кирди. Ал футзал боюнча дүйнө чемпионатындагы беттештерди эң көп тейлеген калыс болуп рекорд койду. Букуев дүйнөлүк төрт мелдеште – Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионатында калыстык кылган.
Нурдин Букуев калыстык карьерасын 1996-жылы баштаган. 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр болуп, бир катар улуттук жана клубдук беттештерди тейлеген.
Ал 2013-жылы Азиянын мыкты калысы деп табылган. Ал 2021-жылдан бери Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп иштеп келет. 2022-жылы Букуев "Даңк" медалы менен сыйланган.
Крестинин кетип, Таркович келди
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин он жыл дегенде алмашты. Анын ордуна словакиялык адис Штефан Таркович келди. Ал расмий эки беттеш өткөрүп, бир жеңиш, бир утулуу менен келе жатат. Анын азыркы негизги миссиясы Азия кубогундагы оюндар болуп эсептелинет.
50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама командасы 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чыккан.
UFC
Дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган UFC уюмуна Кыргызстандын атынан эркектер арасында биринчи жолу Мыктыбек Оролбай уулу барды. Ал серб атаандашын эки раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип, кыргызстандыктарды кубандырды.