"Милдет" партиясынан Ош шаардык кеңешине кимдер жөнөдү?
Партиянын жалпы 38 талапкери бар. Анын 12си аялдар. Эң жашы 23тө, улуусу 46 жашта. Арасында жеке ишкерлер, шаардык кеңештин депутаттары, активисттер жана мугалимдер бар. 21% талапкери "жумушсуз" деп көрсөтүлгөн.
Ош шаардык кеңешинин 7-чакырылышына "Биздин Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Медер Абдыманапов бул сапар жаңы түзүлгөн "Милдетке" ооду. Ал саясий бирикмени шайлоого баштап барат. Партия жарыялаган тизмеде Youth of Osh уюмунун программалык менеджери деп көрсөтүлгөн. Абдыманапов шаардык кеңеште Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөсү. Кайсы бир талаш-тартыштуу маселелер боюнча оюн ачык айткан депутат катары таанылды.
Экинчи катарда Эрмек Нурунбетов турат. Ал саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенери жазылган. Ачык булактарда Нурунбетов 2023-жылы Ош шаардык ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборуна жетекчи болуп дайындалганы тууралуу маалымат бар. Мамлекеттик ишмер Балтагул Нурунбетовдун баласы.
Сүрөттөр алардын соцбаракчасынан алынды
"Милдеттин" тизмесинде коомдук иш-чараларда активист катары таанылып жүргөн Улан Канат уулу, Алтынай Базарбай кызы, Тумарбек Ибраимов бар.

Канат уулу ар кандай долбоорлордо иштеп жүрөт. Партия жарыялаган тизмеде ОшМУнун окутуучусу деп көрсөтүлгөн. 2021-жылы апрелде Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" париясын баштап барган. Бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан болчу. Ал эми Алтынай Базарбай кызы Youth of Osh уюмунун координатору. Мындан тышкары ыктыярчылык менен алектенет.

Оштогу "Көзү азиздер жана дүлөйлөр" коомунун жетекчиси Жамгырчы Абдыкалыков, даун синдрому бар балдардын ата-энелеринин "Сантерра-Юг" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова, "Ширин" сулуулук салонунун ээси Ширин Нурманбетова "Милдет" менен шайлоого катышат.
Сүрөттөр алардын соцбаракчасынан алынды
Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Калматов, Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Бекмурза Эргешовдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Мелис Обозов, шаардык кеңештин жетинчи чакырылышына өткөн шайлоого "Биздин Кыргызстан" менен катышкан Нуржигит Раимов,  Ош шаардык жаштар комитетинин кызматкери Уулча Икрам кызы, тамада Жоомарт Доранбек уулу да "Милдетке" кошулду.
.
"Милдет" саясий партиясы быйыл биринчи жолу Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жатат. Юстиция министрлигинин сайтында негиздөөчүсү катары 10 киши көрсөтүлгөн. Арасында шаардык кеңешке талапкерлигин койгон Алымбек Өмүрзаков бар. Тизмеде 13-катарда турат. Ал партиянын төрагасы катары да жазылган. Ачык булактарда Өмүрзаков тууралуу маалымат жок.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат. Саясий өнөктүккө жалпысынан 39 партия катышууда. Шайлоочулардын беш же андан көп пайыз добушун алгандар шаардык кенешке депутат боло алат. Ош шаардык кеңешине 51 мандат үчүн беш партия ат салышат.