Быйыл жоогазын гүлүнө талап жогору
8-мартты Ош шаарынын тургундары кандай тосуп жатат?
8-март - Аялдардын эл аралык майрамы. Кыргызстанда да бул күн мамлекеттик деңгээлде майрамдалып, концерттик программалар уюштурулат. Ош шаарында 7-марттан баштап эле гүлдүн түрлөрү сатыкка чыгып, кардарлары көбөйдү. Үйдө өсүүчү гүлдөн тартып, кагаз, кездемеден жасалганга чейинкисин кезиктирүүгө болот. "Т-Медиа" Оштогу гүл базардан сүрөт баян сунуштайт.
Кардар тандаган гүлдү сатуучу жасап жаткан учур.
Гүлдөрдүн эң арзаны 120 сомдон башталып, 10 миң сомго чейин сатылууда.
Сатуучулардын айтымында, быйыл жоогазын гүлүнө суроо-талап жогору. Анын бир даанасы 120 сомдон башталат.
Үйдө өстүрүүчү гүлдөр 350 сомдон 3000 сомго чейин сатылууда. Эң көп "аял бакыты", "эркек бакыты", орхидея гүлдөрүн кезиктирүүгө болот.
А сиз жакын адамыңызга кандай гүл белек кылдыңыз? Пикириңизди калтыра кетиңиз.