Кара-Суу: Жери сатылган стадиондор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев футбол федерациясына президент болуп келгенден кийин өлкөнүн булуң-бурчундагы стадиондордун жеке менчикке өткөн жерлерин кайтаруу жараяны башталган. Бирок мамлекеттик мүлктү бергиси келбей олтургандар да бар. Бул иликтөөдө Кара-Сууда кароосуз калган стадиондорго өз башымча салынган курулуштар жана алардын жеке менчикке өткөн тилкелери тууралуу сөз кылабыз.
Шарк айылы
Кара-Суу районундагы мурдагы Шарк, азыркы Датка айыл өкмөтүндө аянты стандартка жооп берген футболдук талаа болгон. 2013-жылы 18 сотых жери бөлүнүп, Анвар Артыков аттуу жаранга сатылган. Учурда "Артык Ата" медициналык клиникасы курулуп, дарылоо ишин алып барат. Кара-Суу райондук спорт комитетинин башчысы мындан бир канча жыл мурун оорукана жок болчу дейт.
Стадиондун жанындагы 18 сотых жер Анвар Артыков аттуу жаранга кантип сатылганын айыл өкмөт кызматкерлери, жер адистери жашырдыбы же маалымат издөөдөн эриктиби айтор, айтып бере алган жок. Бирок "Артык Ата" клиникасынын башкы дарыгери Аятилло Умурзаков кандай жол менен алганын ачык эле айтты. Көрсө, ал жер аукцион аркылуу сатылган. Умурзаков канча сомго бааланганын жашырып койду. Аятилло Артыков учурда Датка айылдык кеңешинин депутаты.
2013-жылы 18 сотых жерге аукцион өтүп, ал 184 миң сомго сатылган. Башкача айтканда 1 сотых жер болгону 10 миң сомго бааланган. Ошол кезде Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Арстанбек Жолдошев болгон.
Арстанбек Жолдошев Шарк айыл өкмөтүнө башчы болуп 2013-жылы дайындалып, 2017-жылы кызматтан бошогон. 2023-жылы 12-майда Кара-Суу шаарынын мэри болуп дайындалган. Андан жер тилкени эмне үчүн арзан сатканын суроо үчүн өзүн издеп таба алган жокпуз.
Стадион жайгашкан жер "Кыргызмамжердолбоорлоо" ишканасынын 1991-жылкы картасында курулуш багыты деп көрсөтүлүп, төрт гектар 58 сотыхты түзгөн. Учурда ал жерде турак үйлөр тургузулуп айылга айланган. Ал эми стадиондун жери кыскарганы боюнча Абдумалик Мавлянов айтып берди.

Ал стадионго 2013-2014 жылдары келип, жерди муниципалдык баланска алуу демилгесин көтөргөн. Мындан улам жер аянтын мамлекеттик каттоо кызматына эсептетип, өзү кошо жардам берген. Айтымында, стадион аймагына азыркы медициналык клиника турган жай кошулган. Бирок ошол кездеги айыл өкмөт Арстанбек Жолдошев Мавляновду бул ишке аралашпасын айтып, жер аянтын башкадан тарттырган дейт.
Чуркоо аянтчасы, трибунасы менен салынган стадиондун бүгүнкү күндөгү аянты 1 гектар 69 сотыхты түзүп, айыл өкмөттүн балансында турат. Муниципалдык мүлктүн документи мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан эки даана жасалып, бири Каттоо кызматында калса, экинчиси айыл өкмөткө берилет. Датка айыл өкмөтүнүн үч жер адистери "стадиондун көк китеби жоголуп кетиши мүмкүн" дешип көрсөтүшкөн жок. Документтин жоголгону боюнча айыл өкмөт башчы териштирип, "тиешелүү адистерге чара көрүлөт" деп билдирди.
Ушул эле стадиондун бир тарабына кичи футбол аянчасы дагы курулуп, бирок керектүү иш кагаздары даярдалган эмес. Футбол аянтчаны Абдумалик Мавлянов үч жыл иштетип, айыл өкмөткө жылына 70 миң сомдон төккөнүн айтат. Бирок дүмүрчөк көрсөтө алган жок. Жергиликтүү бийликтин адистери да аянтчанын курулушуна уруксат берген бир даана кагаз көрсөтпөдү.
Манас айылы
Мурдагы Нариман, азыркы Манас айыл өкмөтү. Бул аймакта бир эмес, эки стадион бар. Анын бири Нурдар айылында жайгашып, эки гектар жерди ээлейт. Оюн талаасынын четине 2004-2005-жж АРИС тарабынан үй курулуп калган. Анда 20 жылга жакын убакыт аралыгында жардамга муктаж жарандар жашап келишкен. Мындан улам стадион талапка жооп бербей, аянты кыскарган. Айыл өкмөт стадионду оңдоо үчүн долбоор жасалганын, ал башталса үй бузуларын айтууда.
Бул жаран Манас айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Мээнет айылынын тургуну Захид Төлөнов. Ал атасы стадионду 1986-жылдан бери каражат бөлүп карап келерин айтат. Айланасын тосуу, сызык сызуу жана башка иштерине корогон акчаны стадионду саатына ижарага берип акчасын чыгарышат. Аянты 80 сотых болгон оюн талаасын карап иштеткени үчүн айыл өкмөткө бир сом да төлөшпөйт. Мамлекетке салык да төкпөйт экен.

Манас айыл өкмөтү аталган стадионду темир тосмолор менен менен тосуу үчүн өткөн жылы 188 миң сом бөлүп беришкен. Ал эми ижарага берип иштетиши боюнча маалымат жок дешет. Эгер, ижарага берген болсо бул кадам мыйзамсыз экенин айтты.
Отуз-Адыр айылы
Ал эми ушул эле райондун Отуз-Адыр айлында талапка жооп берген стадион жок. Бар болчу, бир четине уруксаты жок кичи футбол аянтчасы курулуп калган.

Аталган аймакта Токтосун Манас уулу Отуз Адыр айылында мектеп окуучуларына футбол боюнча машыгууларды өткөрөт. Учурда 60тан ашуун баланы тарбиялоодо. Өспүрүмдөр чоң футбол боюнча облустук турнирде 1-орунду багындырышкан. Окуучулар "стандарт оюн талаасы жок болгондуктан мелдеш учурларында кыйынчылык жаралат" дейт. Буга чейин айыл өкмөттө 11 адам ойноочу талаа болсо, 2015-жылы анын бир четине Матраимовдор тарабынан кичи футбол аянтчасы курулуп калган. Мындан улам стадион стандартка жооп бербейт.
Аянты бир гектарга чукул Отуз-Адыр айылындагы стадионго айыл өкмөтү мындан үч жыл мурун 1 млн сом бөлүп, чуркоо аянтчаларын курган. Андан бери каралбай калган. Ал эми кичи футбол аянтчасын куруу үчүн эч кандай уруксат кагаздары жок. Муну Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тастыктайт.
Мады айыл өкмөтү
Стадион жерине бир канча үй курулган жагдай Мады айыл өкмөтүндө да кездешет. Айыл тургундары стадион деп билген жерде учурда 50дөн ашуун турак үй курулуп айылга айланган. Жашоочулардын айтымында, аларга чек 1995-96 жылдары берилген. Стандарттык оюн талаа болгонун айылдыктар кайсыл жерде болбосун бир четинен айтып беришет. Бирок муну айыл өкмөт адистери жокко чыгарууда.
"Т-Медиа" бул иликтөөсүндө бир эле райондогу төрт стадиондун абалын, жерлери кантип кертилип, сатылып кеткенин айтып берди. Кара-Суу районунун өзүндө эле ондон ашуун футбол талаалары жогорудагыдай тагдырга туш болгон. Мындай мамилеге жергиликтүү, райондук облустук бийлик кандай чара көрөрү убакыттан көз каранды.