Квадробика: Кыргызстанда дагы төрт буттап баскандар пайда болдубу?
Ал өзү эмне? Түшүндүрүп беребиз.
Акыркы кезде жаштар арасында жаңы "Квадробинг" деген тренд пайда болду. Бул өспүрүмдөр арасындагы жаныбарларды туурап кийинип, алардын кыймылын жасаган субмаданият.
Квадробика - латын тилинен квадро - төрт жана аэробика - гимнастика деген сөздөрдөн алынган термин. Аны менен алектенгендерди "квадробер" деп коюшат. Азыр квадроберлер көчөгө мышык, ит өңдүү жаныбарлардын жүрүм-турумун туурап кийинип чыгып, төрт буттап басканга аракет кылып жатышат.
Квадроберлердин Борбор Азияда жайылышы жана коомдук реакциялар
Жыл башында квадроберлер Орусиядан пайда болгону айтылган. Кийин Борбор Азия өлкөлөрүндө Казакстан, Өзбекстанда да байкала баштады. Октябрда Өзбекстандын Ички иштер министрлиги квадробика менен алектенген балдардын ата-энелерине милдетин аткарбаганы, балдарды көзөмөлгө албоо катары кабыл алынып, айып пул салынышы мүмкүндүгүн эскерткен. Ошондо коңшу өлкөнүн милициясы көчөдө итти туураган квадробер башка адамга итке окшоп капканга аракет кылганын айткан эле.

Ал эми Орусияда буга мыйзам менен тыюу салуу сунушталып жатат.
Жаштардын жаңы "Кадробика" хоббиси кыргызстанга да жеттиби?
Жаштардын бул жаңы хоббисин кармангандар Бишкекке да пайда болгону айтылган. Социалдык тармактарда аларды көргөндөр жазып жатат.
Дал ушул маселелерден кийин депутат Дастан Бекешев кыргыз өкмөтү мектептерде окуучуларды көзөмөлдөй башташы керектигин айтып чыкты.
Ачык булактарда квадробика жапониялык спортчунун аракетинен кийин популярдуу болгонун айтып жатышат. 2015-жылы Кэнъити Ито аттуу спортчу Гиннестин рекорддор китебине маймылга окшоп төрт буттап эң бат чуркаган жаран катары кирген. Ал 2000-жылдары маймылдын чуркаганынан шыктанып, аны туурап машыга баштаган.