Улуттук валютага 31 жыл. Бул аралыкта сом кандай өзгөрдү?
Кыргызстандын улуттук валютасы сомго бүгүн 10-майда 31 жыл болду. Учурда сомдун бешинчи чыгарылышындагы банкноттору колдонуулуда. Буга чейин кыргыз сому кандай болгонун төмөндө сунуштайбыз.


20 сомдук банкнот жүгүртүүгө чыккандан бери кагаз түрүндө колдонулуп келет.
Ал эми кээ бир купюралар кийинчерээк монета түрүндө чыгарылган. Алар - 1 сом, 5 сом, 10 сом.

Сүрөттө 20 сомдуктардын жаңыланышы оңдон солго карай көрсөтүлгөн.
Бир сомдук 15 жыл кагаз түрүндө чыгарылып турган. 2008-жылдан тарта тыйынга айланган.
50 сомдун 29 жылдагы өзгөрүүсү.
Төмөндө 100 сомдуктун кандай өзгөргөнүн көрө аласыз.
Сүрөттө 100 сомдуктардын жаңыланышы оңдон солго карай көрсөтүлгөн.
2000-жылы 200, 500 жана 1000 сом наркындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.
Улуттук банк 10-майдан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы, номиналы 5000 сомдук банкнотун жүгүртүүгө чыгарды.
Кыргызстан улуттук валютасын 1993-жылы 10-майда киргизген. Андан бери номиналдык банкноттор беш жолу өзгөртүлгөн. Инфляциянын деңгээлине жараша 500, 1000, 5000 сомдук банкноттор киргизилген. Кийинчерээк 2000 сомдук номиналдагы банкнот саналуу чыгарылган. Учурда Кыргызстанда төрт монета жана сегиз кагаз түрүндө чыгарылган банкноттор жүгүртүүдө.