Кыргызстанга конвенциялардын эмне кереги бар?
Соңку үч айдан бери сел өлкөдөгү башкы темалардын бири болуп турат.
Турак-жай, автоунаалардын жабыркашынан сырткары адам өмүрүн алган учурлар болууда. Экологдор табигый кырсыктардын кескин көбөйүшүн климаттын ысышына байланыштырат. Мындай кырсыктарга өтө олуттуу мамиле жасоо чакырыгы, мамлекеттик деңгээлдеги стратегия даярдоо талаптары айтылууда.
Негизи Кыргызстан башка өлкөлөр сыяктуу эле "климаттын өзгөрүшүн жайлатып, ага адаптация болуу үчүн күрөшүүгө" тилектештигин билдирип, бир нече эл аралык келишимдерге кол койгон. Алар эмне болгон келишимдер жана эмнеге өлкө үчүн маанилүү?
Эл аралык конвенциялар деген эмне?
Учурда жер жүзүндө климаттын өзгөрүшүнөн улам глобалдык жылуулануу, мөңгүлөрдүн ээриши, кургакчылык өңдүү өзгөрүүлөр байкалып жаткан кез. Дүйнө өлкөлөрү мунун баарына себеп болуп жаткан факторлорду азайтуу же аларга адаптация болуу үчүн бирдиктүү иштей баштаган. Анын негизинде эл аралык деңгээлде келишимдер, конвенциялар жана макулдашуулар кабыл алынат. Конвенцияга мүчө болгон ар бир өлкө андагы милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Мындай макулдашуулар аркылуу өлкөлөр алдына койгон планды ишке ашырууга каржылык жана техникалык колдоо алат.
Кыргызстан кайсы конвенцияларга мүчө?
Кыргызстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 18 расмий документке кол койгон.
БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы
Бул конвенция климатка адамдын терс таасирлеринин кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн кабыл алынган.
Париж келишими
2019-жылы Кыргызстан Париж келишимин ратификациялаган. Конвенцияга мүчө мамлекеттер абанын температурасын бир жарым градуста кармап туруу, эки градустан ашырбоо үчүн чара көрөт. Мындай келишимдерге кошулгандан кийин ар бир өлкө андагы максаттарга кантип жетиши боюнча программаларды иштеп чыккан.