Лос-Анжелес өрткө чейин жана кийин
АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес районундагы өрт дагы деле токтой элек. Тилсиз жоо менен күрөш бир жумадан бери күрөш жүрүп жатат. "Т-Медиа" дүйнөгө белгилүү Лос-Анджелестеги атактуу кино индустриясы менен белгилүү аймакта болгон өрт боюнча негизги маалыматтарды жана урунттуу учурларды чогултту.

Аймактагы кургакчылык жана шамалдан улам тилсиз жоо тездик менен жайылууда. Бул Калифорниянын тарыхындагы эң чоң өрт катары бааланып жатат.
Токой өрттөрүнүн аянты 180 миң гектардан ашты. 10 миңден ашуун объект күйүп, турак-жайлар дагы кыйраган. Каза тапкандардын акыркы саны 25 кишиге жетип, 16 киши дайынсыз болууда.

Учурда эки эң ири — Пасифик-Палисейдс жээгиндеги жана Пасаденанын түндүк-чыгышындагы өрттүн аянты 153 чарчы чакырымга жетти.

Биринчи өрт беш күн ичинде 11%га чектөөгө алынса, экинчиси 27%га бөгөттөлгөн. Отту өчүрүүгө 14 миңден ашуун өрт өчүрүүчү, 1400 өрт өчүрүүчү унаа жана 84 учак катышып жатат. Анын ичинде Мексикадан келгендер дагы бар.
Өчүрүү иштерине АКШ бийлиги миңденген абактагы жарандарды дагы тартты. Алар бул үчүн күнүнө 5–15 долларга чейин маяна алышууда. Ошондой эле ар бир иш күнү үчүн абактагы эки күнү кыскарууда.
Өрттүн беш очогу
Өрттөн чыккан түтүн жана күл бүткүл Түштүк Калифорнияга жайылып, абанын сапаты өтө зыяндуу деңгээлге жетти. Лос-Анжелестин чыгышында абанын сапаты 50 балл болгон нормадан 173 баллга чейин көтөрүлгөн. Бул аймакта беш өрттүн очогогу тутанган.
"Палисейдс" өртү 7-январь күнү Пасифик-Палисейдс районунда, Санта-Моника жана Малибу шаарларынын ортосунда башталып, 80 км² аянтка жайылды. Ал жактагы 5300дөн ашык имарат күйүп, кеминде 30 миң адам эвакуацияланган.

"Итон" өртү Пасаденадан түндүк тарапта жайылып жатат. Бул экинчи чоң өрт болуп эсептелүүдө. Анын аянты 55 км². Алдын ала эсептөөлөргө караганда, 4000ге жакын имарат жабыркаган.

"Хёрст" өртү Сан-Фернандо өрөөнүндө 3,4 км² аянт күйгөн.

"Лидия" өртү Лос-Анджелестин түндүгүндөгү Актон аймагында 1,5 км² аянтты каптады.

"Кеннет" өртү Палисейдстен түндүктө, Уэст-Хиллз аймагында 9-январда башталып, анын аянты 4 км² болжолдонууда.

Тилсиз жоонун тутанышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Учурда чагылган, электр зымдарынын жабыркашы, атайылап өрттөө же фейерверктен башталган болушу ыктымал деген жоромолдор гана бар.
Өрт голивуд жылдыздарынын үйлөрүнө дагы жетти
Өрттөн катуу жабыркаган Пасифик-Палисейдс аймагында Голливуддун кээ бир белгилүү инсандарынын үйлөрү да талкаланды. Көптөгөн атактуулар, анын ичинде актёрлор, продюсерлор жана башка коомдук ишмерлер турак жайынан ажырады. Алардын арасында актриса Гвинет Пэлтроу жана режиссёр Жеймс Кэмерон сыяктуу атактуу адамдардын үйлөрү бар.
Климаттын өзгөрүшү өрткө таасир этиши мүмкүнбү?
Катуу шамал жана жаан-чачындын аздыгы өрттүн күч алышына өбөлгө түзөт. Экологтор климаттын өзгөрүшү да мындай өрттөрдүн пайда болуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүп жатканын айтышууда.

АКШнын батыш тарабындагы, анын ичинде Калифорниядагы он жылга созулган кургакчылык эки жыл мурун аяктап, аймактын экологиялык абалын начарлаткан. Узак мөөнөттүү кургакчылык ландшафтты оттү күчөткөн абалга алып келген.

Калифорниядагы эң ири —Дикси өртү 2021-жылы болгон. Бир айга созулган тилсиз жоо 489 миң 287 гектар аянтты жалмаган. Андан Гринвилл шаарынын көп бөлүгү талкаланып, миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.