Мектеп жерин менчиктегендер ким?
Бул соода күркөлөр жайгашкан аймак Салижан Шарипов мектебинин жери болчу. Бирок 17 жыл мурда жергиликтүү бийлик тогуз адамга сатып жиберген. Жерди алгандардын арасында мектептин ошол учурдагы директору өзү да бар. Андан сырткары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да менчиктештирип алган.
Мектеп жерин менчиктегендер кимдер?
  • Моминжан Набиджанович - 42 миң сомго алган;

    Б. Хайдаров - 42 миң сом;

    С. Маткабилов - 48 миң сом.
  • Немат Насритдинов - 42 миң сомго алган;

    Ш. Хрулова - 42 миң сомго алган;

    М. Мамадалиев - 78 миң сомго алган.



  • Д. Хайдаров - 42 миң сом;

    Айсулуу Ходжахунова - 42 миң сом;

    Камалдин Нуразахунов - 42 миң сом.
Жогорудагы тогуз жарандын ичинде 2007-жылы Өзгөн шаардык муниципалдык департаментинде жетекчинин милдетин аткаруучу болуп турган Маткабилов дагы бар. Ал мэрияга тиешелүү ишкананы жетектеп туруп өзү дагы тилке алууга жетишкен. Маткабиловду сураштырып дарегин, байланыш номерлерин таба албадык.

Жер алгандардын катарында ошол кездеги мектептин директору Айсулуу Ходжахунова дагы бар. Ходжахунова Салижан Шарипов атындагы орто мектепти 20 жыл башкарган. Ал башында билим уясынын жеринин сатылышына каршы чыккан. Бирок бөтөн адамдар менчиктештире баштаганда өзү дагы бир четин сатып алган.
"Негизи муниципалдык менчик жерлер сатылбашы керек экен. Мэрия кайсы бир мыйзамга таянып сатса керек эле да. Тогуз адам болсо барыбыз тегеренип олтуруп, аукцион болгон. Баштапкы баасы мындай-мындай деп айтышкан, сатып алганбыз. Эми биз мугалимдер анча-мынча мыйзамдарды биле бербейбиз да. Башында мектеп жамааты жыйын өткөргөнбүз. "

Айсулуу Ходжахунова
№ 1 Салижан Шарипов мектебинин мурдагы директору
Тогуз тилкеге бөлүнгөн жерде азыркы тапта дарыкана, азык-түлүк дүкөнү жана тамактануучу жайлар курулган. Мектеп жайгашкан көчө шаардагы негизги жолдордун бири болгондуктан соода-сатык үчүн ынгайлуу. Биз дүкөн салынып, иштетилип жаткан жайга кирдик. Ээси Немат Насритдиновго байланышканыбызда жерди аукцион аркылуу сатып алганын, баары мыйзамдуу экенин билдирүүдө.
Немат Насритдинов
"Документтерибиз бар. Аукцион менен алганбыз. Ошол жылдары аукцион жаңы башталган жылдар эле".
Дагы бир жердин ээси Камалдин Нуразахунов өзүнүн жерине мектептин участогунан бир метр гана кошулуп калган болушу мүмкүн деп жатат. Сатып алган жери ошол кезде мэрия тарабынан мыйзамдуу берилгенин айтууда.
"Мектептин жеринен 1 метрдей кошулган экен. Азыр соттук иштер жүрүп жатат. Биз кандай болгонун билген эмеспиз да", -дейт Немат Насритдинов
Социалдык обьекттердин жери эмне үчүн сатылбашы керек?
1995-жылдын 16-февралындагы тунгуч президенттин жарлыгына ылайык, мектеп, бала бакча, калктын саламаттыгын сактоочу мекемелердин жерлерин сатууга тыюу салынган. Ал жарлык азыркы учурга чейин күчүндө.
Жарлыктын негизинде Өзгөн райондук прокуратурасы 2019-жылы шаардын ошол кездеги мэри Сабир Атажановго кылмыш ишин козгогон. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жоопкерчиликке эч ким тартылган эмес.
"2019-жылы 25-декабрда Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө аракеттери жүргүзүлүп, 2022-жылы кылмыш үчүн жоопкерчилик тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иши кыскартылган".
Замирбек Джумабеков
Өзгөн районунун прокурору
Сабир Атажанов ким?
Интернеттеги маалыматтарга таянсак Атажанов 1958-жылы Тажикстандын Ленинабад шаарында туулган. Ал Өзгөн шаарын 2005-2009-жж башкарган. 2012-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кийин төрт жылдай Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген. Ачык булактарда Сабир Атажанов "Кегети Кол-Тор" жоопкерчилиги чектелген коомунда, Кыргызстанын жаратылышты коргоонун жана токой чарбасынын ардагерлери кеңешинин “Ынтымак” коомдук бирикмесине ээлик кылгандардын катарында турат. Эки компания тең Бишкекте жайгашкан. Атажановду издеп “Кегети Кол-Торго”көрсөтүлгөн номерлерге байланышып таба албадык.
"Ынтымак" коомдук бирикмеси жайгашкан дарекке барып, ал жактан да таба албадык. Чалууларыбызга жооп бербей, вотсап аркылуу гана байланышка чыкты. Учурда чет өлкөдө эс алууда жүргөнүнайтып, маалымат берүүдөн баш тартты.
Өзгөн районунун прокурору Замирбек Жумабеков сатылган тилкелерди кайтаруу боюнча соттук процесстер жүрүп жатканын билдирди. Айтымында, мэриянын токтомун, эки тараптуу келишимди жокко чыгаруу боюнча соттук иштер 2 жылдан ашык убакытка созулуп кеткен.
"Жер кодексинин 219-беренесинин 2-бөлүмүндө жеке менчикке болгон укукту бир гана сот ган ала алат деп жазылган. Ошол себептүү биз сотко арыз берип, процесс созулуп кеткен. Буюрса чекит коюла турган жерге келип калды. Облустук сот доо-арызды колдоп берсе тилке мектептин балансына кайтарылат."

Замирбек Джумабеков
Өзгөн районунун прокурору
№ 1 Салижан Шарипов орто мектеби 1927-жылдан бери иштейт. Уурда 3 миңден ашуун окуучу билим алат.
Билим уясынын учурдагы аянты 1 гектар 15 сотых.

Өлкө аймагында социалдык объектилердин жерлери жеке колдорго өткөн жагдайлар өтө көп. “Т-Медиа” буга чейин да мыйзамсыз жер сатууларды чагылдырып келген. Ал эми жогорудагы мектептин ишине укук коргоо органдар, тиешелүү кызматтар кандай чара көрөт? Көз салып турабыз.