Наманганда гүл фестивалы өтүп жатат
Өзбекстандын Наманган шаарында жылда уюштурулуучу гүл фестивалы өтүп жатат. Бул иш чараны жергиликтүүлөр гүл майрамы деп атап алган. Туристтерди гүлү менен өзүнө тартып жаткан саамалык быйыл 35 күнгө созулат.
Наманганда бул жылы фестиваль 63-жолу уюштурулууда. Ал 1961-жылдан бери өткөрүлүп, салтка айланып калган иш чара.
Фестиваль үчүн жалпы шаарга гүл жана бадалдардын 65 түрүнөн 45 милллион эгилген. Бул гүлдөрдүн 30 миллиону иш чара үчүн даярдалган негизи Бабур атындагы маданият жана эс алуу багына тигилген.
Фестивалдын өзгөчөлүгү жөн гана гүлдөрдүн түрү тигилбей, алар кооздолуп атайын дизайнга салынганында.
Гүлгө оронгон бакта күн сайын концерттик иш чаралары, атайын оюн-зооктор уюштурулуп жатат.
Фестиваль 19-майда башталган. Ал күнү ачылышы болуп, гүлгө оронгон 200 унаанын парады шаар аралап өткөн. Учурда атайын фестивалды көрүү үчүн барган туристтер көп. Саамалык 35 күнгө созулуп, 23-июнда жабылыш аземи болот.