Акыркы изилдөөлөргө ылайык, климаттын өзгөрүшүнөн улам жаратылыш кырсыктарынын саны жыл сайын өсүүдө. Дүйнөдөгү сел, бороон, куюн, суу каптоо, кургакчылык, жамгырдын нормадан көп жаашы миллиондогон чыгымдарды алып келгенден сырткары, адам өмүрүн алууда. Окумуштуулардын пикиринде, климаттын өзгөрүшүн тана албайбыз жана артка жол жок. Болгону ага ыңгайлашуу керек.

"Т-Медиа" "Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине кантип адаптация болобуз?" деген суроого жооп издеди. Бул материалда биз дүйнөлүк изилдөөлөр, эксперттердин божомолдору жана атайын басылмаларга таянып, алдыда күтүлүп жаткан кырсыктарга кантип даяр болууну түшүндүрүп беребиз.
Климаттын глобалдык ысышынын кесепеттери кандай?
Дүйнө жүзүндө жыл сайын парник газдарынын абага бөлүнүшү көбөйүп, климаттын өзгөрүшүн негиздеп жатат. Анын кесепетинен нөшөрлөгөн жаан-чачын болгон күндөр же өтө ысык мезгилдер көбөйөт. Бул жаратылыш кырсыктарынын да бат-бат катталып турушун негиздеши айтылып келет. Мисалы, жаандан же ысыктан улам мөңгүлөрдүн ашыкча ээриши суу ташкыны, жайыттардын деградациясы жер көчкүлөрдүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.

Мисалы, жаз мезгилиндеги температуранын жогорулашы бул мезгилдин узагыраак болушу менен коштолот. Өсүмдүктүн сапаты, түшүмүнүн азайышы, жапайы жана үй жаныбарларынын азыгынын жоголо башташына чейин алып келиши мүмкүн. Бул сыяктуу кубулуштар сөзсүз социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана адамдардын жашоо шартына түздөн-түз таасир этет.

Климаттын өзгөрүшүнүн жагымсыз кесепеттери Кыргызстанда да байкалууда. Өлкө дыйканчылыкка жана мал чарбачылыгына басым жасаган үчүн башка шарттар менен биргеликте экономиканын ушул секторуна өзгөчө терс таасир этет.
Мындай өзгөрүүлөргө жайлоолорду туруксуз пайдаланып, дыйканчылык талааларын башка максаттарда колдонуп отуруп алардын деградациясына алып келип, жайлоолордун кыскарышына өзүбүз да өбөлгө болуп жатабыз.
Ушул эле өзгөрүүлөр өлкөдө жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүн шарттайт.

Кыргызстан быйыл суу ташкынынан көп жабыркады. Анын кесепеттеринин алдын алууга болобу?
If a building becomes architecture, then it is art
Өлкөнүн аймагында катталган өзгөчө кырдаалдардын саны күн сайын өсүүдө. Мисалы, 2017-жылдын беш эле айына 158 жер көчкү катталган, ушул сыяктуу эле көрсөткүч буга чейинки тогуз жылда да болуп келген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө табигый кырсыктардан улам келтирилген чыгым жыл сайын 30-35 млн долларды түзүп жатат. Алардын алдын алууга жана кесепеттерди жоюуга мамлекеттин бюджетинен жылына 6 млн долларга чейинки каражат бөлүнөт.

Быйыл жыл башынан бери (сегиз айда) 330 сел кырсыгы катталып, 25 адам каза болду. Казынага болжол менен 988 млн сом чыгым болгон.
Суу ташкындарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары:
  • Дамбаларды куруу жана бекемдөө:
    Бул курулуштар дарыялардагы жана суу сактагычтардагы суунун деңгээлин көзөмөлдөөгө жардам берет. Алардын кургактыкка агып чыгышына жол бербейт.
  • Дренаждык системаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу:
    Дренаждык системалар суу каптаган аймактардан ашыкча сууну тез алып чыгууга жардам берет.
  • Контролдоо жана мониторинг:
    Дарыялардагы суунун деңгээлине тынымсыз мониторинг жүргүзүп, аба ырайынын шарттарын болжолдоо зарыл. Бул калкты мүмкүн болгон суу ташкындары тууралуу өз убагында эскертүүгө жардам берет.
  • Өнүктүрүү планы:
    Турак жайларды жана өнөр жай объекттерин дарыялардан жана суу объектилеринен коопсуз аралыкта куруу абзел. Бул суу ташкындарынан зыян келтирүү коркунучун азайтат.
  • Коомчулукту окутуу жана даярдоо:
    Суу ташкыны болгон учурда эмне кылыш керектигин элге жеткирүү. Маалымат берүү ыкмасы жоготууларды азайтууга жана адамдардын өмүрүн коргоого жардам берет.
Катуу бороон чапкындан коргонуу
If a building becomes architecture, then it is art
Бороон чапкын - бул абадагы ылдамдыгы саатына 120 чакырымга чейин жеткен шамал. Ал эми жер бетинде анын ылдамдыгы саатына 200 километрге чейин жетет. Жаратылыштын мындай кубулушунун коркунучу жолдордун, көпүрүлөрдүн, курулуштардын, электр жана байланыш линияларынын, жер үстүндөгү түтүк өткөргүчтөрдүн кыйроосуна алып келет.

Ошондой эле бороон-чапкындын кесепетинен ар кай жактан учкан кыйраган курулуштардын бөлүктөрүнөн, айнектердин сыныгынан, электр тогунан адамдардын жабырлануу тобокелдиги бийик. Кээ бир учурларда адам өлүмү менен коштолот.
Кантип алдын алабыз?
  • Үйүңүздү бактардын, бутактардын кулашынан коргоңуз:
    Үйдүн айланасындагы бардык дарактарды карап чыгыңыз. Кургап калган бутактарды же бакты толук кесип салган оң.
  • Үйдүн терезе, эшиктерин бекемдеңиз:
    Бороон-чапкын учурунда ачык терезе, эшиктер мындай кырсыктан кеп зыян тарттырат, үйдүн өзүнө да коркунуч жаратат. Сиз үйүңүздүн терезе, эшиктери үчүн атайын бороон-чапкынга туруштук берүүчү жалюзи сатып алсаныз болот. Болбосо жоон фанерадан өзүңүз жасаңыз.
  • Үйдүн айланасындагы бекемделбеген оокат, буюмдардын бардыгын алып салыңыз:
    Үйүңүздүн айланасындагы гүл, оюнчук, стол, тапчан жана башка буюмдарды алып салганыңыз оң. Бул нерселер бороон-чапкын жөнүндө эскертүүнү уккандан кийин дароо жасалышы керек.
Үйдөгү жана жаратылыштагы өрт коопсуздугу
If a building becomes architecture, then it is art
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүнө таянсак, жыл сайын 300 миңге жакын адам өрттөн каза болот. Ал эми Глобалдык өрткө мониторинг жүргүзүү борборунун (GFMC) жана башка өрткө мониторинг жүргүзүү уюмдарынын маалыматы боюнча, ар жылы дүйнөдө болжол менен 350-500 миллион өрт чыгат. Бул көрсөткүчтөр токой жана бадал өрттөрүн, ошондой эле калктуу пункттардагы жана өнөр жай аймактарындагы өрттөрдү камтыйт.

Ал эми Кыргызстанда 2021-жылы ири өрт катталып, 36.6га токойду жок кылган.
Имараттардагы өрттү алдын алууга сунуштар
  • Өрт сигналын билдирүүчү датчиктердин (түтүнгө жана жылуулукка реакция кылуучу) жана өрт өчүрүү системаларынын жоктугу тилсиз жоонун кесепетинен жаракат алуу же өлүм коркунучун жогорулата тургандыгын эске алуу керек.
  • Имараттын курулуш материалдары, анын конструкциясы маанилүү ролду ойнойт. Бул өрттүн жайылышына, ал тургай имараттын кыйроосуна таасирин тийгизет.
  • Эвакуациялык жана авариялык чыга турган жерлер маанилүү. Бирок буга чейин курулган көптөгөн имараттарда аларды уюштурууда көйгөй бар же мүмкүн эмес.
Экологдор адам факторунан келип чыккан өрттүн 45% себеби турак жайлардан чыккан өрттүн токой тилкесине өтүшүн себеп катары айтып келишет. Аларга жанаша жайгашкан жеке үй ээлери үчүн жоопкерчиликти киргизүү жакшы тажрыйба болуп саналат. Тоолордо кар ээрип, туруктуу жаан-чачындуу аба ырайы болгуча жеке чарбаларга, токой тилкесине жакын жайгашкан аймактардын ээлерине 10 метрге чейинки аралыктагы жерди тазалоо сунушталат. Токойлордо өрт негизинен эрежелерди сактабагандыктан келип чыгат.

Табигый чөйрөдө өрттүн алдын алуу бир катар коопсуздук чараларын сактоону талап кылат.
Жаратылыш чөйрөсүндө өрттү алдын алуу боюнча сунуштар
  • Белгиленген жерлерде гана от жагыңыз. Тилсиз жоонун жайылып кетпеши үчүн отту таш менен курчап же кичине арык казуу сунушталат. Өрттү өчүрүү үчүн дайыма колуңузда суу же кум болгону дурус.
  • Отко бышыргандан кийин көмүрдүн жана калдыктардын толугу менен өчүп калганын текшериңиз. Аларды суу менен толтуруп, от кайра тутанбашын алдын алыңыз.
  • Тамекинин калдыктарын жана ширеңкени жерге, өзгөчө куураган чөпкө ыргытпаңыз. Аны жок кылуу үчүн суу толтурулган идиштерди колдонсоңуз болот.
Жер көчкүдөн коргонуу
If a building becomes architecture, then it is art
Жер көчкү – геологиялык кубулуш. Мында таштын, топурактын же кардын массасы тартылуу күчүнүн таасири астында эңкейиштен ылдый жылат. Жер көчкү ар кандай рельефтерде анын ичинде тоолуу аймактарда, тик адырларда жана дарыялардын капталдарында болушу мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына карганда, Кыргызстанда жер көчкү көбүнчө Ош жана Жалал-Абад облустарында катталат.
Жол куруу, токойлорду кыюу жана башка иш-аракеттер эңкейиштердин табигый балансын өзгөртүп, жер көчкү коркунучун күчөтүшү мүмкүн.
Жер көчкүгө каршы чаралар
  • Инженердик курулуштар:
    Таяныч дубалдардын, террасалардын жана башка инженердик курулуштардын жардамы менен эңкейиштерди бекемдөө.
  • Дренаж:
    Топурактын сууга ашыкча каныгып кетүүсүнө жол бербөө үчүн дренаждык системаларды уюштуруу.
  • Токой өстүрүү:
    Токойлорду калыбына келтирүү жана сактоо, бул жер кыртышын тамыры менен бекемдөөгө жана жер көчкү коркунучун азайтууга жардам берет.
  • Мониторинг жана прогноздоо:
    Мүмкүн болгон жер көчкүлөрдү болжолдоо жана алдын алуу чараларды көрүү үчүн геологиялык жана метеорологиялык маалыматтарды колдонуу.
Жер титирөө
Жер титирөө – бул жер кыртышында энергиянын бөлүнүп чыгышынан улам жер бетинин капыстан титирөөсү. Бул көрүнүш тектоникалык плиталардын кыймылынан, сейсмикалык активдүүлүктөн же вулкандык активдүүлүктөн улам пайда болот. Зилзила дээрлик байкалбагандан кыйраткычка чейин өзгөрүп, кыйроого жана адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө жылына орто эсеп менен 3 000 зилзала катталат, анын онго жакыны беш баллдан ашкан магнитудадагы жер титирөөлөр.
Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?
  • Эгерде жер титирөө учурунда үйдүн ичинде болсоңуз бөлмөдөгү бурч, столдун асты, дубалдардын бириккен жери сыяктуу эң коопсуз жерди табыңыз. Эч убакта терезеден секирбеңиз. Жер титирөө, өрт учурунда лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүңүз. Ошондой эле үзүлгөн электр чубалгыларынан оолак болуңуз.
  • Эгерде жер титиреп жатканда сыртта болсоңуз, кыйрап калуу коркунучу бар курулуштардан, имараттардан, мамычалардын жана дарактардан алыс болуңуз. Урандылардан жаракат албаш үчүн ачык жерге баруу зарыл.
  • Зилзаланын болорун алдын-ала божомолдоо мүмкүн эмес. Бирок жер силкинер алдында бош турган нерселер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Ушул белгилерди байкасаңыз дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге чыгып кетүү зарыл.