"Окутуу системасы туура келбей нөлдөн даярдайбыз"
Окуучуларды дүйнөлүк олимпиадага даярдоонун көйгөйү

Быйыл өлкө куржунуна математикадан алгачкы алтын медаль келди. Аны Дүйнөлүк олимпиададан 10-класстын окуучусу Назар Кыргызбаев жеңип алган. "Т-Медиа" бул жетишкендикти улай кыргызстандык окуучулар эл аралык сынактарга кантип даярданып, кандай орундарды багындырганына кызыкты. Өлкө бийлиги билим тармагындагы олимпиадаларга кандай көңүл буруп жатат?

Алгач математика боюнча Дүйнөлүк олимпиадага (IMO) токтололу. Бул сынакка Кыргызстан 1993-жылдан тарта эле катышат. Быйыл олимпиада Улуу Британияда июль айында өткөрүлүп, 108 мамлекеттен 609 окуучу катышкан. Анда мекендештер 29-орунду ээлеп, бир алтын, үч күмүш байгени утуп келди.

Эгемендүүлүк алгандан берки 17 байге
Тарыхка кайрылсак, 31 жыл ичинде Кыргызстандын окуучулары математикалык олимпиадада 17 медаль уткан. Анын бирөө алтын, төртөө күмүш, 12си коло. Бул олимпиадага жылына жүздөй өлкө катышат. Алардын арасында Кыргызстан 49-орунга чейин жетип келген. Быйыл алтын байге менен тарыхтагы эң жакшы көрсөткүчтү көрсөттү.
Кызыгы математикалык сынакка катышкандардын басымдуусу балдар. Мисалы, 31 жыл аралыгында өлкөдөн дүйнөлүк олимпиадага 176 окуучу катышып келген. Анын жети пайызы гана кыздар.
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң акыркы
Математика боюнча ушул эле олимпиадага Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 31 жылдан бери, Өзбекстан 27, Тажикстан 19 жылдан бери катышып жатат. Ушул күнгө чейинки медалдык санды эсептегенде Кыргызстан тизменин соңунда.
Мугалимдердин баамында, өлкөнүн мындай төмөн жыйынтык көрсөтүп жатканына бир нече себеп бар. Математикадан улуттук курамды даярдаган Мамат Ишматов алардын бири катары уюштуруу иштериндеги чабалдыктарды санады.
Мамат Ишматов
мугалим
"Өлкөдө тренерлер жетишсиздиги да маселе жаратат. Кыргызстанда фейк, акча топтогон олимпиадалар көбөйүп кетти. Ушул аябай көп зыян алып келүүдө. Себеби, олимпиадага окуучу акырын даярданып, жакшы жыйынтыктарга жетет. Ал эми акча топтогон олимпиадаларда окуучуга медаль карматып коюшуп, алар "сынакка даяр экенбиз" деп, даярданбай калып жатышат да. Убагында маанилүү сынактарга катышса, өз деңгээлин билип, ошого карап даярданууга мүмкүнчүлүк болот. Бул жакка Билим берүү министрлиги көңүл бурушу керек. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматындай эле, олимпиадаларды караш керек. Улуттук олимпиадага тандоо системасына көбүрөөк каражат бөлүнүшү абзел. Беш жыл мурун "тандоо сынагын жакшы өткөрүп бергиле. Күчтүү окуучуларды акысыз даярдап беребиз" деп айтканбыз. Бирок беш жыл өттү, өзүбүздүн акчабызды жумшап жатабыз".
Кайсыл сабактардан дүйнөлүк олимпиадага катышат?
Быйыл кыргыз окуучулары информатика боюнча өткөрүлгөн эл аралык олимпиадада да (International Olympiad in Informatics) байгелүү кайтышты. Анда эки күмүш, бир коло медаль утушкан. Кыргызстан бул сынакка 1999-жылдан бери катышат. 2018-жылдан физика сабагынан олимпиадага, 1998-жылдан химия, 2000-жылдан биологиядан окуучулар дүйнөлүк сынакка бара башташкан.

Өлкө тарыхында физика боюнча дүйнөлүк олимпиадада эки күмүш, 12 коло, химиядан эки күмүш, 20 коло, биологиядан бир алтын, төрт күмүш жана 12 коло, информатикадан үч күмүш, 18 коло медаль бар.
"Мектептеги билим жарабай, нөлдөн окутууга туура келет"
Кыргызстан дүйнөлүк олимпиадада начар жыйынтык көрсөтүп жаткандыктан 2020-жылдан тарта Улуттук олимпиада өткөрүлө баштаган. Бул сынак төрт этап менен - математика, физика, химия, биология, информатика сабактарынан уюштурулат. Анда жеңишке жеткендер улуттук курамга кабыл алынып жатат. Бирок ага кирген окуучулардын да даярдануусуна атайын каражат бөлүнүп, мугалимдерге маяна берип окутулбайт. Бул дагы өспүрүмдөрдү дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууда артка тарткан көйгөйлөрдүн бири болуп турат.
Улуттук кураманы биология боюнча сынакка даярдаган мугалим Эльбурс Тажибаев дүйнөлүк олимпиадаларда ийгиликке жетүүдөгү дагы бир маселе, өлкөдөгү окутуу системасынын эскилиги экенин билдирди. Анын айтымында, мындай сынактарга мектептеги билим туура келбегендиктен окуучуну башынан даярдашат.
Эльбурс Тажибаев
мугалим
"Биз алдыга жылышыбыз үчүн билим берүү системасын реформалаш керек. Себеби, мектеп программасында окутулган нерселерди такыр олимпиадага колдоно албайбыз. Келген окуучуларды биз нөлдөн даярдайбыз. Бир окуучуга 3-4 жыл кетет. Олимпиадага даярдоо үчүн атайын система, мамлекеттик программа керек. Азыр ар ким өз билгенин гана үйрөтүүдө. Ошондон кийин гана балдар өз күчү менен күмүш, коло алып келе бербей балким, алтынга да жол ачылат. Анан команданы даярдаган мугалимдерге да атайын каралган системалуу түрдө каражат берилбейт. Ийгиликке жеткенде гана бериле турган сыйлыктар да. “Сен мынча жумуш кылдың, мынча саат иштедиң деген жок".
Байгелүү кайткан окуучуларга мамлекет кандай сыйлык берет?
Мамлекет тарабынан окуучуларга мотивация берүүчү белгилүү бир сыйлык каралган эмес. Билим берүү жана илим министрлиги муну өспүрүмдөр эрезеге жете элек болгондугу менен түшүндүрдү. Мындай ийгиликке жеткендерге жогорку окуу жайларга тапшырууда гана жеңилдиктер болот. Ал эми бул окуучуларды даярдаган мугалимдерге жергиликтүү бийлик тарабынан сыйлык уюштурулат.
"Окуучуларга сыйлык каралган эмес. Анткени эрезеге жете элек. Аларга Кыргызстандагы окуу жайларга кабыл алууда жеңиликтер берилет. Өздөрү тандаган окуу жайга акысыз кабыл алынат. Мугалимдерге жергиликтүү бийлик сыйлык берет. Ал эми жеке мектептер өздөрү мугалимдерине акчалай сыйлык берет" - деди Гүлмира Уметалиева.
Ошентсе да кээде эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды алган окуучулар сыйланган учурлар болот. Мисалы, быйыл президент алтын утуп келген окуучуга жана мугалимине 300 миң, күмүш алгандарга 200 миң, коло уткандарга 100 миң сомдон тапшырган.
Олимпиадага коштоп барган эки мугалимдин гана чыгымы төлөнөт
Мамлекет окуучулардын дүйнөлүк олимпиадага катышуусун бир жылда бир жолу гана камсыздап берет. Анда да катышуучу окуучуларга кошо эки мугалимдин эле чыгымы төлөнөт. Эгерде алардын саны экиден көп болсо, калган мугалимдер өздөрүн-өздөрү камсыздап барып келиши керек болот. Окуучулар бир жыл ичинде башка дагы эл аралык олимпиадаларга катышууну кааласа өз эсебинен барышат.
“Министрлик аркылуу республикалык бюджеттен Улуттук кураманын, мугалимдердин бардык чыгымдары төлөнүп берилет. Ошондой эле жыл сайын төлөнүүчү взносторун төлөйбүз. Предметтердин взносторунун да суммасы ар башка"-деди Гүлмира Уметалиева.
Мугалимдер болсо мындай сынактарда окуучунун жанында багыт берип турганы маанилүү болгондуктан, айрымдары өз каражатынан барып келип жатышат.
"Буга чейин, 2016-жылдары дүйнөлүк олимпиаданын да чыгымдарын өз чөнтөгүбүздөн чыгарып барып келчүбүз. Акыркы төрт жылдан бери төлөнүп калды. Анда дагы катыша турган окуучулардын жана эки мугалимдин гана чыгымын төлөнөт. Калгандары өзүнүн жанынан төлөшү керек. Анан болгону бир эле олимпиадага төлөнүп берилет. Көбүрөөк тренер менен баруу өзүбүздун демилге болгон. Алты мугалим, бир психолог менен бардык. Эки тренердики төлөндү, калганын бүт өзүбүз каржыладык. Келгенде да негизи жеңишке жеткен окуучуларга да сыйлык берилиши керек. Бюджеттин чыгымын кыскарталы деген максатта эле берилбесе керек. Коңшу мамлекеттерде окуучуларга жакшы сыйлык беришет" - дейт Эльбурс Тажибаев.
Азыр Дүйнөлүк олимпиадага даярдануу үчүн өткөрүлгөн сынактардын суроолорун да ыктыярчылар түзөт. Аларга атайын каражат бөлүнбөгөнү көйгөй боюнча калган. Мугалимдер окуучуларды эл аралык аренага чыгарууга мамлекеттин олуттуу мамилесин күтүп жатышат.
Автор: Айдана Осмонова
t-media.kg