Бул жакта (айылындагы Маданият үйү) байкелер бар. Аларга "ушундай сценарийим бар, тартам" десем эле "колдоп беребиз" дешти. Бир телефон бар болчу. Рекетчилик тууралуу фильмди ошол телефонго түшүрүп тарттык. Анан тасма ийгиликтүү болуп кетти. Бүт Тоң районуна, анан Ысык-Көлдүн шаарларына барып коюп чыктык. Ошол учурда коркутуп-үркүтүүлөр да болду. Эсимде, балдар башыма мүшөк кийгизип, "сен биздин мектепке келип, бизге үйрөтүп калдың беле" дешкен.
"Үмүт" театрынын уюштуруу иштерине жергиликтүү бийлик да көмөктөшүп, спектаклди үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштө эффективдүү ыкмалардын бири катары баалаган. Айтымдарында, сахналык көрүнүш аймакта алкышка алынып элге таасир берип жатат.
Максат Кыдырбаев
Күн-Чыгыш айылдык кенешинин жоопту катчысы
Элдин кабыл алуусу башкача болду. Көзүнө жаш алып ыйлаган балдар, энелер. Айрымдар ошол сахнада коюлуп аткан турмушту өзүнүн башынан өткөргөндөр да болушу мүмкүн. Ошол үчүн элдин кабыл алуусу башкача болду. Айрымдар суранып, айрыкча мектеп директорлору, айыл өкмөт башчылары, ошол эле жергиликтүү мекемелер суранып койдурган учурлар болду".
Эрбол Алмабеков
студент
Ошентип, "Үмүт" театры жергиликтүүлөр үчүн жөн гана спектакль эмес, зордук-зомбулукка каршы күрөштүн символу болуп калды. Жыргалбек жана анын командасы өнөр аркылуу коомду өзгөртө аларына ишенип мындан башка дагы бир катар көрсөтүүлөрдү эл алдына алып чыгууну максат кылууда.