Ошто пандус бар жок

Ош арабадагы адамдарга ыңгайлуу шаарбы? Дата анализ

Бул Марина. 16-жашында автокырсыкка кабылып, бир бутунан айрылган. Ошондон бери арабада отурат. Балдак менен басканда буту ооруп, кыйналат. Бүгүн ал Оштогу ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнө жумушуна байланыштуу келди. Бирок бул имаратка буту ооруса да таяк менен келген. Себеби мындагы пандустан арабада өз алдынча чыгуу мүмкүн эмес.

Марина Фегеле
"Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын интеграциясын колдоо" коомдук фондунун директору
Мен өз алдымча имараттын тепкичтеринен түшө да, чыга да албаймын. Анткени тепкичтер тик, кармагычтар аябай алыс. Мен бул жерге келгенде 30 мүнөттөй кимдир бирөө келип жардам берүүсүн күтүп турдум. Кызматкерлер чыккан жок. Жолдон өтүп бараткан бир аялдан жардам сурадым. Ал эми пандустардан арабада отурган адам такыр чыга албайт. Мен бул жерден арабам менен кулап түшүшүм анык. Пандус аябай тик курулган. Майыптыгы бар адам арабада отурганы аз келгенсип бул жерден чыкса оодарылып кетип, бир жерин сындырып алышы мүмкүн. Негизи бул мекемеде пандус болгон эмес. Биз кайрылып жүрүп 1,5 жыл мурун ушуну салышкан. Эми муну качан нормага ылайык пандуска алмаштырышат билбейм. Мен келип эркин эле кирип, керек адам менен сүйлөшүп чыга алгыдай болушум керек.
А бул Асранкул Жээнкулов. Ал дагы жаштайынан арабада. Жогорку билимдүү. Акыркы бир жылдан бери Ош облустук кинодирекциясынын юристи болуп иштейт. Жумушуна байланыштуу күн сайын 10-15 имаратка барат. Айтымында шаардагы мекемелерде майыптыгы бар адамдар үчүн шарт дээрлик жок.
Асранкул Жээнкулов
Ош облустук кинодирекциянын юристи
Азыр мен бир гана Бабур театрына эч кимдин жардамы жок кирип чыга алам. Ал эми башка мекемелерде бирөөнүн жардамысыз аракет кыла албайсың. Биздин уюм облустук болгону үчүн облустук администрацияга көп барабыз. Ал жерде пандус дагы жок. Экинчи кабат десе экиге, үчүнчү кабат десе үчүнчү кабатка чыкканга туура келет. Ар кимден жардам сурайсың. Эки, үч жыл мурда шарттын жоктугунан мамлекеттик мекемелерге барып бирок кире албай калган учурлар көп эле болгон. Бирок акыркы учурларда коңгуроо коюп калышты. Ошолор аркылуу, тааныш-билиштерге чалып "чакырып коёсузбу" деп суранып жатып, жетекчилерди төмөнкү кабатка түшүрүүгө аракет кылабыз. Тааныбаган кишилер "өзүң чык" дешет. Азыр шаардагы мекемелерде пандус деген эле аты бар, болбосо иш жүзүндө жарайбы жокпу, сынап көрүшкөн эмес. Азыр биз бардык мекемелердин жетекчилери өздөрү арабага отуруп, ошол пандусту өзү текшерип көрсүн деген сунушту берип атабыз.

Оштогу пандустар чын эле көз
көрсүн үчүн жасалганбы?

Биздин каармандардын сөзүнөн кийин шаардагы арабада отурган адамдардын канчалык кыйналарын баамдай алдыңызбы? Бул маалыматтарды так берүү үчүн калаадагы майыптыгы бар адамдарга кандай шарттар түзүлгөнүн өз көзүбүз менен көрүп чыктык.
Биз шаардагы эл эң көп бара турган мамлекеттик, муниципалдык 80 мекемени кыдырып, ар биринде пандус бар же жоктугун жана бар пандустар талапка канчалык жооп беришин текшердик. Ар бир мекемедеги пандустардын узуну, туурасы, эңкейиш деңгээлинен бери ченегенбиз. Ал үчүн ченөөчү аспап жана атайын телефонго орнотулган "Рулетка" тиркемеси колдонулду. Бул чогултулган маалыматтардын баарынынан атайын база түздүк. Алардын ар биринин сүрөтүн да жайгаштырганбыз.
Эмне үчүн мамлекеттик, муниципалдык мекемелер?

Буга эки себеп болду. Биринчиден, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) майыптар жөнүндө Конвенциясын кабыл алгандан кийин бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жеткиликтүү чөйрө түзүү талабы коюлган. Экинчиден, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге ар бир адамдын иши түшөт. Кааласа, каалабаса да кайсы бир муктаждыктан улам барууга туура келет. Бул дата-материалда шаарда бар туруп колдонууга жарабаган пандустарды санап беребиз.

80 мекеменин дээрлик
жарымында пандус жок

Кыргызстанда "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" деген мыйзам бар. Анда майыптыгы бар жарандардын билим алуусу, жумушка орношуусунан тарта бардык мекемелер аларга ыңгайлуу шарт түзүп бериши керектиги жазылган. Бирок биз кыдырган 80 мекеменин жарымынан көбүндө же 44 имаратта гана пандус бар болуп чыкты.
Бул пандустардын канчалык талапка жооп беришин карап чыгуу үчүн курулуш ченемдери менен таанышканбыз. Норма боюнча пандустун эң максималдуу узундугу тогуз метрден ашпай, алты метрден кийин арабачан адам эс алгыдай тегиз аянтча болушу шарт. Эңкейиш деңгээли сегиз градустан ашпайт. Туурасы араба баткыдай болуп, 90 сантиметрден кууш болбошу керек. Шаардык архитектура башкармалыгынан ал 110 сантиметрден кең дагы болбошу керектигин такташты. Ал эми пандустун эки тарабында арабадагы адам кармашы үчүн кармагычтар, өтө жапыс пандус болсо (эңкейиш деңгээли беш градустан ашпаса) бир тарабында курулушу зарыл.
"Негизи бир кабаттуу имараттарда дагы пандус талап кылынат. Кээ бир учурларда эс алуучу жай жана башка пандусту жайгаштырууга мүмкүн эмес жерлер болот. Имарат жолго жакын болуп калышы мүмкүн же дагы башка себептер. Мындай учурда винт түрүндөгү айланма пандус курулушу керек. Пандусту мамлекеттик же жеке экендигине карабай бардык коомдук жайларга куруу талап кылынат" - деди Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкери Мирлан Өмүралиев.
Мына ушул талаптарды эске алганда пандусу бар 44 имараттын экөөсү гана текшерилген бардык ченемдерди сактаган.
Башкача айтканда биз кыдырган мекемелердин арасынан Ош шаардык жана облустук сотунун имараттарындагы пандустар гана талаптагыдай курулган болуп чыкты. Дагы бир мекеме бардык норманы сактап, бир гана жабдуусун жылмакай кылып койгон. Ал калаадагы жаңы гана оңдоодон өткөн Бабур атындагы драма театры. Негизи пандустун үстү бүдүр болуп, кышы-жайы араба сыйгаланбагыдай салынышы керек.

Көпчүлүк мекеме пандусту тик
жана кооптуу курган

Материал үчүн текшерилген ишканалардын көбү же 30%ы ар түрдүү кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар, 31%ы жарандар сөзсүз барышы мүмкүн болгон медициналык мекемелер. Алардын айрымдары гана пандус курбаса да араба имаратка киргидей шарт түзгөн. Бирок көпчүлүгүндө арабаны оодарып жибергидей пандустар бар.
Биз кыдырган мекемелер пандустарды курганда эң көп эңкейиш деңгээлинде жана жабдуусунда талаптарды бузушкан. Мисалы, 75%ы пандусту сегиз градустан тик курган. 68%ы же отуз имарат курулушка цемент, брусчатка, жылмакай кафель же сыйгалак темир колдонгон. Алты мекемеде пандустун узуну 6 метрден ашса, дагы 22си туурасын же кууш же өтө кең куруп алган.
Эскертүү: узун пандустарга ар бир алты метрде эс алуучу аянтча курулушу керек болгондуктан, биздин маалыматта алардын биринчи токтоочу аянтчага чейинки гана узундугу ченелди.

Имараттардын ичинде
майыптыгы барларга шарт кандай?

Ошто көпчүлүк мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттары союз учурунда салынган. Дээрлик эч биринде лифт жок. Бир имаратта бир канча ишкана жайгашкан учурлар бар. Айрымдар элди имараттардын 2-3-4-5- кабатында отуруп тейлешет. Бирок басымдуусунда майыптыгы бар адамдарды жогорку кабатка көтөрүп чыгуу боюнча эч кандай механизм иштелип чыккан эмес.

Биз 80 мекеменин имаратынын ичиндеги шарттар, тагыраагы арабадагы адамдар үчүн түзүлгөн ыңгайлуулуктарды да карап чыктык. Алардын 78 пайызында талап болсо да шарт жок. Башкача айтканда, пандус же лифт орнотулган эмес. Көпчүлүгү муну майыптыгы бар жаран кайрылса сыртта же биринчи кабатта тейлей алышы менен түшүндүрдү. Бирок андай атайын бөлмө бир гана калкты тейлөө борборунда бар.
Кыргызстандын курулуш нормалары тууралуу мыйзамга ылайык, кандай гана имарат курулбасын анын долбоору архитектура башкармалыгы тарабынан кабыл алынып, курулуш бүткөндөн кийин мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө мекемеси текшерет, андан соң колдонууга берилет. Бул жумушту аткарган мекеме жетекчиси пандустардын жараксыз курулуп калганына айыптуу эместигин айтты. Ал "мурда курулгандарга мурдагы жетекчилер жооптуу" дейт. Ал эми жаңы курулуп жаткан имараттарда пандустар нормага ылайык жасалып жатканын билдирди. Эгер, курулушту талапка туура келбесе эскертүү берилип, кайра жасалат. "Бирок мындай учур болгон эмес" дейт.
"Жаңы курулуп жаткан объекттерди долбоордун негизинде карап, пандустарды ошонун негизинде кабыл алабыз. Азыркылары нормага туура келет. Мыйзам менен караганда негиз жок эле кайсы бир имаратка барып текшергенге укугубуз жок. Бул үчүн эки жыл мурун атайын комиссия түзүлгөн. Ар бир объект текшерилип, пандус койдурулган. Бизге арыз керек. Текшерүүгө негиз керек. "Шаардагы пандустардын канчасы нормага жооп берет, канчасы бербейт?" деген статистика жок. Өзүбүздүн ишкана 5-кабатта жайгашкандыктан майыптыгы бар адамдар келсе кызматкерлер өздөрү 1-кабатка түшүп, кызмат көрсөтүшөт", - дейт Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Руслан Суракматов.

Кыргызстандын эл аралык деңгээлде жоопкерчилиги бар

Кыргызстан 2019-жылы БУУнун майыптар жөнүндө эл аралык Конвенциясын кабыл алып майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү чөйрө түзүүгө, укуктарын коргоого милдеттеме алган. Документ кабыл алынгандан кийин мамлекет мекемелерден майыптыгы бар адамдарга инфратүзүмдү жакшыртуу талабын күчөткөн. 2023-жылы Кыргызстан конвенциянын алкагындагы кошумча макулдашуу болгон факультативдик протоколду дагы кабыл алды. Бул укугу тебеленген майыптыгы бар жарандардын түздөн-түз уюмга даттануусуна жол ачат.

Кыргызстанда 30дан ашуун мамлекеттик эмес уюмдан турган "Жаңырык байланыш" желеси жыл сайын майыптыгы бар адамдар үчүн түзүлгөн шарттарга мониторинг жүргүзүп келет. Көйгөйлүү маселелерди жергиликтүү бийликке жеткирип турушат. Аталган бирикменин Оштогү өкүлдөрүнүн көп жылдык аракетинен кийин 2021-жылы Ош шаардык мэриясынын алдында майыптык маселеси боюнча координациялык кеңеш түзүлгөн. Кеңештин мүчөсү Зейнеп Эшмуратова "маселе көп, бирок чечүүчү кадамдар солгун жүрүп жатат" дейт.
"Оштогу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын алалы. Имараттын биринчи кабатына адамдар кирип кайрыла алат. Бирок көп кызматтар, кеңеш берүүчү, кызмат берүүчү жана мамлекеттик гарантияларды берүүчү кызматтар экинчи, үчүнчү кабатында жайгашкан. Ал жакка майыптыгы бар адамдар өз алдынча чыга алышпайт. Бул шаардагы бир эле мисал. Биринчи, мамлекеттик мекемелердеги инфраструктуралык жана маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыз кылсак. Албетте, биз жергиликтүү бийлик иштебей жатат дегенден алыспыз. Өзгөрүүлөр бар. Бирок майыптыгы бар адамдар үчүн өзгөчө түзүлгөн иш-чараларды, мамилелерди биз көрө албай келатабыз", - деди "Калктын аярлуу катмарын өнүктүрүү жана колдоо борбору" коомдук фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова.
Аталган координациялык кеңеш 2024-жылы июнь айында Ош шаарындагы бардык мамлекеттик, муниципалдык, медициналык мекемелерге, билим берүүчү жайларга, банктарга, жеке менчик дүкөн-кафелерге мониторинг жүргүзгөн. Бул координацилык кеңештин мүчөсү Нурлан Закировдун айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында шаардагы мекемелердин (жеке менчик жайларды кошкондо) 90%ында пандус бар экени, бирок алардын көпчүлүгү талапка жооп бербей турганы аныкталган.
"Архитектурадагы тийиштүү адистердин жардамында аныктап чыкканбыз. Талапка жооп бергени аз эле аныкталды. Алар кайсылар экенин азыр таба албай жатам. 20-30 пайызы гана талапка жооп бере алат. Өтмөктөрдү да карап чыктык, майыптыгы бар адамдар үчүн 16 жерге үн чыгаруучу жол чырактар орнотулган. Анын ичинен экөө иштебей калган. Андан сырткары беш жерге кошумча керек экени аныкталды. Биз коллегиянын чечиминин негизинде катуу талаптарды коюп, эки ай убакыт бергенбиз. Кийинки отурумда дагы бир мониторинг болот. Ошонун жыйынтыгы менен буларга катуу тартиптик чаралар көрүлөт. Эскертүүдөн баштап, иш ордун кароо боюнча", - дейт Ош шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Нурлан Закиров.
Ош шаарынын аймагында жайгашкан кандай ишкана болбосун (министрликтердин өкүлчүлүктөрү, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө караган мекемелер ж.б) алар жергиликтүү бийликтин оперативдүү башкаруусунда болот. Мындан улам пандус маселесине байланыштуу талаптар аткарылбаса мэриянын атынан чара көрүү сунушу тиешелүү министрликтерге жиберилиши мүмкүн.

Марина Фегеле Оштогу кайсы мекемеге иши түшпөсүн арабасын таштап барат. Анткени имаратка өз алдынча эркин кирип, 2-3- кабатка көтөрүлө албашын жакшы билет. Айтымында, Кыргызстанда конвенция ратификациялангандан бери деле майыптыгы барлар үчүн шарттар дээрлик өзгөргөн жок. Азыр эми жергиликтүү бийлик эки айдын ичинде пандустарды оңдоп чыгат дегенге ишенбей турат.
Башка өлкөлөрдө баарын ыңгайлуу кылып жасайт. Аны бир гана майыптыгы бар адамдар колдонбойт. Жашы өтүп калгандар, боюнда барлар, балдарын арабада айландырып жүргөндөр колдонот. Пандусту чемоданы менен келген туристтер деле колдонот. Велосипед айтагандарга да ыңгайлуу болот. Биздин мамлекеттик органдар ушул тарапка көп көңүл бурушса. Бизге келген туристтер көрүп, суктанып, "Баары жеткиликтүү жана бардык жерде ыңгайлуу экен" дешсе.
Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, калаада 8 миң 191 майыптыгы бар жаран бар. Анын 300гө чукулу арабада отургандар. Алар биз кыдырган 80 мекеменин экөөнө гана эркин кирип-чыга алат. Калганында пандус жок же кайра адамды жабыркаткыдай пандустар бар. Мындан удам, бул жарандар Маринага окшоп жеткиликтүү инфратүзүмдү күтүп жатат.
Материалды даярдагандар: Кенжебү Мамасыдыкова, Зыягүл Болот кызы, Наргиза Анарбай кызы
Дата-редактор: Савия Хасанова

"Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн макаланын авторлору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес".