Ош шаары элүү жыл мурун жана азыр
Ош — Орто Азиядагы эң байыркы шаарларынын бири. Анын үч миң жылдык тарыхы бар. Аталган шаар калкынын саны боюнча борбор калаа Бишкектен кийинки экинчи орунда турат. Расмий маалымат боюнча, ушу тапта 361 миң жаран жашайт. "Т-Медиа" Ош шаарынын элүү жыл мурунку сүрөттөрүнө көз жүгүртүп, азыр ал жерлерде эмне өзгөргөнүн топтоштурду.
1984-жылдагы Сулайман-Тоонун этегиндеги сувенир дүкөнү. Азыр кароосуз калган.
Токтогул Сатылганов атындагы Ош облусттук китепканасы, 1989-жыл. Учурда ал Кыргызстандагы эң ири китепканалардын катарына кирет. Фондунда 1 миллион 35 миңден ашуун китеп бар.
1980-жылы Ош шаарындагы турмуш-тиричилик борбордук үйүндө (доме быта) чач тарач, фотосалон, тигүүчү жайлар болгон. Азыр алардын ордуна тамактануучу жай, антикино жана чакан дүкөндөр ачылган. Имараттын үчүнчү кабатында дагы деле тигүү канааларын кездештирүүгө болот.
Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театры, 1982-жыл.
Ош айыл чарба техникуму.
70-80-жылдары Ошто көп кабаттуу үйлөр курула баштаган. Алардын фасадында көбүнчө «Советтик жаштарга даңк!», «Биздин максат — коммунизм!» деген ураандар тартылчу. Ал эми азыр андагы сүрөттөр «Эмгекке даңк!» деген жазуулар менен өзгөртүлгөн.
1991-жыл, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультети.
"Кыргызтелеком" станциясы 1985-жылдары он миңден ашык абонентти тейлеген, шаардагы чоң инфраструктуралардын бири болгон.
Шаардагы соода борборлордун имараттары көбүнчө эки кабаттуу болуп, алар витраждар менен кооздолгон. Сүрөттө "Ош" универмагы.