Ош шаарынын "Ардактуу атуул" наамын кимдер алды?
Сүрөт: архив/ 2019-жыл
Ош шаардык кеңешинин 27-декабрдагы жыйынында алты адамга "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Аларга бул наам мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданият, чарба коомдук жана башка тармактардагы ишмердиги менен Ош шаарынын өнүгүшүнө көрүнүктүү эмгек сиңиргендиги үчүн тапшырылган.
"Ардактуу атуул" наамын Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Данияр Абдуллаев алды. 54 жаштагы Абдуллаев Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган.

Абдылдажан Акматалиев да "Ош шаарынын ардактуу атуулу" аталды.
Ал Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лаураеаты. "Манас", "Данакер", жана "Достук", ордендеринин жана "Даңк" медалынын ээси.


Аталган наамды алган Мурат Боронов 2003-жылы Ички иштер министрлигинин академиясын аяктаган. Ал окууну аяктагандан тарта 2021-жылга чейин Ош шаары, Ноокат, Кадамжай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда жана Баткендин ички иштер башкармалыктарынын башчысы, орун басарлык кызматтарды аркалаган.

Ильяз Ражапов да "Ардактуу атуул" наамына татыды. Ражапов Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында туулган. Ал 1994-2009-жылдары Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы, транспорт департаментинин директору болуп иштеген. 2009-2014-жылдары Ош мэриясынын муниципалдык транспорт мекемесинин директору, шаардын вице-мэри болгон. Учурда "Ошсвет" муниципалдык мекемесинде башкы инженерлик кызматы аркалайт.

Аталган наамды алгандардын ичинде Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов да бар. Өмүр баянында жазылгандай, Таалайбек Сарыбашов 1991-2008-жылдары сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи болуп иштеген. 2008-жылы Алай райондук кеңешине депутат болуп шайланып, 2012-жылы нааразылыктардын фонунда районго аким болуп бекиген.

2018-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп иштеп жаткан учурда Сарыбашовдун талапкерлиги Ош шаарынын башчысы кызмат ордуна атаандашсыз сунушталып, депутаттардын суроо-сопкутусуз шайланган. 2021-жылы ротация жолу менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бирок он күн эле иштеген. Ал кызматтан кетип жатканын башка максаттары бар экени менен түшүндүргөн.

2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.


Акын, жазуучу Салима Шариповага да Ош шаардык Кеңешинин чечими менен "Ардактуу атуул" наамы ыйгарылды. Ал Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Эң алгачкы "Жизнь на колесах" деп аталган аңгемеси 18 жашында Москва институтунун гезитинде жарык көргөн.

"Наша газета" гезитинин Жалал-Абад боюнча өкүлү болуп дайындалгандан тартып, журналистика, көркөм-публицитика жана жазуучулук жаатындагы ишмердүүлүгү башталган.


"Ардактуу атуул" наамы кандай учурда берилет?
"Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамы төмөндөгү учурларда берилет:

  • Көп жылдык пайдалуу кайрымдуулук жана колдоочулук ишмердиги үчүн;
  • Ош шаарынын жашоочуларынын жыргал турмушу, келечеги үчүн жасаган эрдиги үчүн;
  • Мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданият, чарба, коомдук башка тармактардагы ишмердиги менен Кыргызстандын, Ош шаарынын өнүгүшүнө көрүнүктүү эмгек синиргендиги, шаар тургундары тарабынан кеңири колдоого алынып, таанылганда;
  • Шаардын инфраструктуралык тутумдарында, менчигинин түрүнө карабастан 15 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгеги менен шаардын жашоочуларына таанылгандар, төрт жылдан кем эмес шаардын мэри болуп иштегендер, бир жолку чакырылыштан кем эмес иштеген шаардык Кенешинин төрагалары, экиден кем эмес чакырылышта шаардык Кеңешке шайланган депутаттар;
Чет өлкөлүк атуулдарга "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамы ушул бөлүмдүн 1-пунктунда каралбаган негиздерде деле аткарылган иштин коомдук саясий чоң мааниге ээ экендиги эске алынып ыйгарылышы мүмкүн.

"Ардактуу атуул" деген наамды ыйгарууга сунушту Ош шаардык кеңешинин депутаттары, мэрия, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймактык органдары киргизе алат. Ошондой эле ар кандай уюмдар, коомдук бирикмелер жана жеке атуулдар да сунуш менен кайрыла алат.
Аталган наамды ыйгаруу жөнүндөгү сунушшаардык кеңешке жекече түрдө киргизилет жана ар бир талапкер сессияда өз алдынча каралат.

"Ардактуу атуул" наамын ыйгарууга өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн сунуш каралбайт. Ошондой эле жаран каза болгондон кийин ыйгаруу жөнүндөгү сунуш каралбайт.
"Ош шаарынын Ардактуу атуулу" эки жылдан бери берилбей келген. 2021-жылы эки, 2019-жылы 12 адам алган. "Ардактуу атуул" наамын алууга алгач 16 адамдын тизмеси кирген. Алардын ичинен ОшМУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков өз каалоосу менен бул наамдан баш тарткан.