Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө коротулган миллиондор өзүн актадыбы?
Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги 2022-жылы январь айында кичи автобустарга GPS-навигаторлорун орното баштаган. Мында жүргүнчүлөр маршруткалардын кайсыл жерде келе жатканын телефонго тиркемесин көчүрүп алуу менен көрө алган. GPS-навигаторлорун айдоочулар 3500 сомдон сатып алмай болуп, үч каттамдын кичи автобустарына сыноо иретинде орнотулган.
Бул долбоорду ишке ашырууга мэрия 4,5 млн сом коротмок болгон. Бирок апрель айында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев "каражат коротпой туруп GPS-навигаторлорун ишке ашыруу жолу табылды" деп айткан. Бул система кол телефон аркылуу ишке ашырылмак. Мындан улам жергиликтүү бийлик "Osh Bus" тиркемесин жүргүнчүлөргө, ал эми айдоочуларга башка тиркеме иштеп чыккан. Бул үчүн 4 млн сом жумшалып, каражат тиркемени иштеп чыккан IT адистерине берилген.
Навигаторлор калаадагы каттамдардын дээрлик бардыгына коюлган менен айдоочулар жандырбай жүргөнүн байкадык. Ар күнү каттамга 600-700 кичи автобус чыкса, "Osh Bus" тиркемесинде болгону элүүдөй кичи автобустар жүргөнүн көрүүгө болот.
Мындан улам айдоочулардан эмне себептен тиркемени жандырбай жүргөнүн сурадык. Алар тиркеме иштетилбей жатканына үч жума болгонун билдиришти.
"GPS-навигаторлорун жандырып жүрөбүз. Телефон көтөрө албай калат экен. Кубаттуулугу өчсө иштебей калат, бир чалуу келгенден кийин да ушул абал".
Самат Акынбеков
№155 каттамдын айдоочусу
"Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине барсам, "кереги жок жакында унааларга коюлат" дешти. Телефондогу тиркеме иштетилбей жатыптыр. Мурун бар эле, иштетип жүргөнмүн".
Фарух Нышанов
№138 каттамдын айдоочусу


"Менде телефон жок. " Телефон алып берсеңер GPS-навигаторун жандырам".
Рустам Матисаков
№124 каттамдын айдоочусу
"Osh Bus" тиркемесин IPhone телефону менен канча адам көчүргөнү белгисиз. Ал эми башка үлгүдөгү смартфондорго 10 миң колдонуучу көчүрүп алган. Тиркемедеги ыңгайсыздыктар боюнча комментарийлер да бар.
Бейрасмий маалыматтар боюнча шаарда 600 миңдей калк жашайт. Тиркемеден Ош шаарынын тургундары канчалык кабардар сурамжылоо жүргүздүк. Жарандардын дээрлик 80%ы маалыматы жоктугун билдирди.
Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тиркемени иштеп чыккан тарап менен келишим үзүлүп, жаңы системага өтүшөрүн билдирет. Мындай кадам мүчүлүштүктөрдөн улам жасалганын мекеменин жетекчиси Мунарбек Тургунбаев айтууда. Ал буга чейин тиркеменин кемчиликтери оңдолорун айткан болчу.
"GPS-навигаторлорун телефонго койгондун кемчиликтерин көрдүк. Чынында кемчиликтер бар, сүйлөшүп жатканда өчүп калат экен, кубатуулугу (заряд) түгөнүп калып жатат дегендер болуп жатпайбы. Эми 100 автобус шаардагы каттамдарга коюлса, жаңы системага өтөбүз. Автобустарды биринчи этапта башка линияларга жайгаштырсак, кийин маршруттарга навигаторлор коюлат. Мында автобустар да, троллейбустар да бир тиркеме менен иштей баштайт".
Мунарбек Тургунбаев
Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агентигинин жетекчиси
Агенттик жаңы системага өтүү үчүн казынадан бир сом да коротулбай турганын белгиледи.
Эки жыл алдын Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы GPS-навигаторлорун троллейбустар менен автобустарга жайгаштырган. Ал үчүн 655 миң сом коротулуп "Bus сервис" тиркемесин чыгарышкан. Тиркемени болгону миң адам гана жүктөгөн.
"Жүргүнчүлөр үчүн атайын "Bus сервис" тиркемеси иштеп жатат. Жүздөн ашуун автобуста жана троллейбустук каттамдарда иш алып барып жатат".
Жумамидин Сулайманкулов
Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы
Ошентип, "GPS-навигаторлоруна акча коротулуп, бирок максатына жетпегени үчүн ким жоопкер?" деген суроо жоопсуз калууда. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаевден "каражат кетпейт" деген менен 4 млн сомдун коротулушу жана бул долбоорлорго ким жооп берерин тактай алган жокпуз. Мэриянын коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн башчысы да сурообузга жооп бербеди.
Миллиондор коротулуп, бирок натыйжа канааттандырарлык болбой жатканы калаадагы активисттерди да түйшөлтөт. "Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева аягына чыкпаган долбоорлор үчүн жергиликтүү бийлик жооп бериши керек деген пикирде. Ал "долбоорлордун өмүрү шаар мэри алмашканга чейин эле" дейт.
"Таалайбек Сарыбашовдун Ак-Буура дарыясынын жээгине таш тизген долбоору токтоп калды. Жергиликтүү бийлик Алмаз Мамбетовдун учурунда Оштогу жерлер боюнча тиркеме иштеп чыгышкан. Анда "онлайн карта болуп, шаардагы жеке менчик, муницпалдык жерлер, имараттар көрүнүп турат" дешкен. Эми гана пайдаланууга берилет дегенде чыкпай калды. Ага да олчойгон каражат коротулган. "Тиркеменин онлайн версиясын калкка ачык чыгарып беребиз" дешкен. Максатына жетпеген долбоорлорду шаардык кеңеш көзөмөлгө алыш керек. Бул үчүн вице-мэрлерге дагы жоопкерчилик түшөт."
Гүлгаакы Мамасалиева
"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси
Ош шаарында жүргүнчүлөрдү эки ишкана тейлейт. Анын бири - Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги, экинчиси - Муниципалдык автоунаа ишканасы.