Ошто орозо айында гана иштеген "Ифтар базардан" сүрөт баян
Ош шаарындагы "Ифтар базар" иштей баштады. Жергиликтүү тургундар тарабынан уюштурулган бул кичи базар ар жылы Рамазан айында гана иштейт. Тургундар күн сайын эки саатка гана, үй шартында жасалган тамактын түрлөрүн сатыкка алып чыгат.
Базар шаардын 8-март (Шейит дөбө) көчөсүндө жайгашкан. Ал түштөн кийин башталып, ооз ачар убакта бүтөт.
Соода жайда салаттын түрлөрү, эт, сүт, дан азыктары, кымыз, ар кандай таттуулар, мөмө-жемиштер, жашылчалар сатыкка чыгат.
Мындан сырткары базардын өзүндө балык, тоок этин бышырып саткандарды да көрүүгө болот. Мында ооз ачарга жакын кардардын саны көбөйөт.
"Ифтар" базарда санитардык талаптар сакталган эмес. Мындан улам жергиликтүү бийлик 2022-жылы базарды жапкан. Бирок сатуучулар кайра эле чыгып соодасын жүргүзө берет.
Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды. Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Таң аткандан күн батканга чейин тамактанышпайт, суу ичпейт. Рамазан айы 10-апрелде Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Айдын чыгышына карап, бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.