Ошто стадиондун жерлерин менчиктештирүүгө кайсы мэрлер токтом чыгарган?
Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун 1 гектардан ашык жерин он адам менчиктеп алган. T-Media участоктор канчанчы жылы, кайсы мэрдин токтому менен жеке менчикке өтүп кеткенин тизмектеди.
Биздин редакцияга Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионго тиешелүү делген, бирок азыркы тапта жеке менчикте турган жети жер жөнүндө маалымат түштү. Алардын аянты жалпы 4 263 чарчы метрди түзөт.
  • Сагынбек Супаналиев көчөсүнүн Nº99 дарегинде жайгашкан 84 чарчы метр жер тилкеси Турдыкулова Дамира Борбуковнанын атында. Ага 2015-жылы белекке берүү келишиминин негизинде катталган. Учурда ал даректе спорттук мектеп жайгашкан.
  • 270 чарчы метр жер. Бул да Супаналиев көчөсүнүн Nº1/4 дарегинде жайгашкан. Ага Акимбаева Гульмира Орозбековна ээлик кылат. Ал легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Акимбаевдин кызы. Акимбаева жер тилкесин он жыл мурда сатып алган.
  • Сагынбек Супаналиев көчөсүнүн Nº105/1 дарегинде жайгашып, 108 чарчы метрди ээлейт. Бул тилкеде курулуш курулган эмес, ээн эле жатат. Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдагы токтому жана Ош облусунун райондор аралык сотунун 2011-жылы чыгарган чечиминин негизинде 2013-жылдын 6-февралында жеке менчикке өтүп кеткен. Ээси катары "Ажымаматов и сыновья" ЖЧКсы көрсөтүлгөн.
  • Супаналиев көчөсүнүн Nº111 дарегиндеги 232 чарчы метр тилке. Ал жер да учурда бош турат жана Махмадтажи Тешебаев Амановичтин атында катталган. Жер ага Ош шаардык сотунун чечими менен өткөн.
  • 228 чарчы метрди ээлеген участок Ленин көчөсүндөгү Nº246Б дарегинде жайгашкан. Аны 2022-жылы Ашимова Дилфуза Шавкатовна сатып алып алган. Ал жерде азыр "Аделия" сулуулук салону жайгашкан.
  • Сагынбек Супаналиев көчөсүнүн Nº95 дарегинде жайгашкан 459,25 чарчы метр тилке. Участокко Акмарал Нурбек кызы ээлик кылат. Ага белекке берүү келишиминин негизинде өткөн. 2006-жылы жергиликтүү каттоо органы тарабынан мамлекеттик акт да берилген. Бул жерде азыр "Vint" аталышындагы бильярд клуб бар.
  • Сагынбек Супаналиев көчөсү Nº93 дарегиндеги 700 чарчы метр жер. "Алай ЛНТ" жоопкерчилиги чектелген коомуна карайт делген бул жерге Оштун мурдагы мэрлери Жантөрө Сатыбалдиев, Жумадыл Исаков токтом чыгарып берген. 2005-жылы 30-декабрда мамлекеттик акт алган.
Мэрия жеке тарапка өткөн 5 жерди жарыялады
Ал эми Ош шаардык мэриясы борбордук стадиондун жеке менчикке өтүп кеткен беш участогун расмий жарыялады. Анын үчөө биз жогоруда санаган "Аделия" сулуулук салону, "Vint" бильярд клубу жайгашкан жер жана "Алай ЛНТ" ЖЧКсына таандык тилкелер. Калган экөө төмөндөгү адамдардын менчигинде:
  • 1.
    Стадиондун кире беришиндеги "Топ спорт" аталышындагы спорттук дүкөн жайгашкан жер. 2006-жылы ошол убактагы мэр Жумадыл Исаков токтом чыгарып берген. Бир жылдан кийин менчигин каттаган. Дүкөндү ишкерлер ижарага алып, 2 ай мурун иштетип башташкан.
  • 2.
    0,84 чарчы метр жер тилкеси Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовго таандык. Ага экс мэр Мелисбек Мырзакматов токтом чыгарып берген.
Мэриянын билдиришинче, стадионго жанаша салынган "Аделия" сулуулук салону турган жерге бир канча токтом чыккан. Алгач 2000-жылы 19-июнда Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы Жусупбек Шарипов кафе курууга токтом чыгарып берген. Үч жылдан кийин ошол маалдагы мэр Жантөрө Сатыбалдиев жер участогун сатууга макулдук берген токтомго кол койгон. 2004-жылы Ошту башкарып турган Сатыбалды Чырмашов жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны даярдап берген.
"Vint" аталышындагы бильярд клуб жайгашкан жерге 2006-жылдын 27-сентябрында мэр Жумадыл Исаков бильярд ойноочу жай катары иштетүү үчүн жана экинчи кабатына кошумча курулуш курууга уруксат берген токтом чыгарган. Ошол эле жылы 14-декабрда Токтосун Амираев аттуу жаранга мамлекеттик акт берилген.
Стадиондун 700 чарчы метр жер тилкесин суусундук чыгаруу цехин куруу үчүн "Алай ЛНТ" ЖЧКна 15 жылдык мөөнөткө берген. Ага 2002-жылы 10-майда мэр Жантөрө Сатыбалдиев токтом чыгарган. 2005-жылы 23-декабрда кийинки келген мэр Жумадыл Исаков жерди жеке менчикке бекиткен дагы бир токтом чыгарган. Ошол токтомдун негизинде 2006-жылы 13-январында жеке менчикке өтүп кеткен.
Стадиондун жерин менчиктештирип берген 6 мэр
Документтер боюнча Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун жерлери 2000-2016-жылдары жеке колго өтүп жатат. Бул убакта Ошту алты мэр башкарган.
  • 1
    Жусупбек Шарипов (1999-2000) кафе курууга бир токтом чыгарып берген.
  • 2
    Жантөрө Сатыбалдыев (2000-2003) эки токтомго кол койгон.
  • 3
    Сатыбалды Чырмашев (2003-2005) бир мамлекеттик акт даярдап берген.
  • 4
    Жумадыл Исаков (2005-2009) үч токтомго кол койгон.
  • 5
    Мелис Мырзакматов (2009-2013) Шайлообек Атазовго жер берген токтом чыгарган.
  • 6
    Айтмамат Кадырбаев (2013-2018) башкарып турган убакта жергиликтүү каттоо органы тарабынан төрт мамлекеттик акты даярдалган.
Соцобъектилерди менчикке берүүгө тыюу салынган
Аскар Акаев 1995-жылдын 16-февралында "Социалдык инфраструктуранын объектилерин пайдалануунун кечиктирилгис чараларын камсыз кылуу жөнүндө" жарлык чыгарган. Ага ылайык социалдык объекттер жеке менчикке сатылышына тыюу салынган. Бирок президенттин жарлыгына карабастан борбордук стадионго караган жерлер жеке менчикке бекитилип берилген.
Стадиондун баштапкы аянты 10 гектар болгон
Оштогу жалгыз стадион 1960- жылы курулуп, 10 гектар аянтты түзгөн. Бул маалыматты Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгында сакталып калган архивдик маалыматтар ырастайт.

2001-жылы Өкмөттүн токтому чыгып, Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион шаардык мэриянын балансына өткөрүлгөн. Ошол кезде стадиондун аянты 5,5 гектар болуп кыскарып кеткен. Кийин 2008-жылы төрт гектар 33 сотых, 2015-жылы төрт гектар 12 сотых болуп кыскарган.
T-Media стадиондун жерлери менчиктештирилип кеткенин биринчи айтып чыккан
Биздин редакция стадиондун аймагындагы жерлердин менчиктештирилип кеткени боюнча 2022-жылдан көтөрүп келет. Андан кийин мэрия стадиондун аймагындагы жерлерди тактоо боюнча комиссия түзгөн. Прокуратура ишти териштирүүгө алган.
Бирок 2023-жылдын октябрь айында Ош шаардык прокуратурасы стадион боюнча кылмыш иши козголбогонун билдирип, буга иштин мөөнөтү өтүп кеткени себеп деген жүйө келтирген.

Акматбек Сүйүмбаев стадионунун жетекчиси Кабылбек Укулов шаардык, облустук соттон өтүп, Жогорку Сот ишти карап жатканын билдирген. Бирок соттук процесстер спорт талаасынын менчикке өткөн айрым гана жерлери менен жүрүп жаткан. Жерди ээлеп тургандар документтери бар экенин айтып келишкен.
Стадиондун аймагындагы жерлерди иштеткендер менен келишим түзүлдү
Учурда стадиондун аймагындагы төрт имарат ишкерлердин өз эсебинен буздурулуп жатат. Алар менен мэрияга караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгы сүйлөшүү жүргүзгөн.
Канышай Имарова
Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси
Курулушу бар, учурда иштетип жаткан ишкерлерге "Шаардын аймагынан жер тандап келгиле. Ошол жер менен алмашабыз" деп сүйлөштүк. Бирок компенсация берилбейт. Өздөрүнүн эсебинен курулуштарды бузуп жатышат. Ал эми алардын жерине чыгып калган токтомду жокко чыгаруу боюнча сот иштери жүрүүдө.
Имарованын айтымында, стадиондун жерлерин кайтаруу боюнча ишти, жеке ишкерлерге эскертүүнү УКМК жүргүзүүдө.

Шаар бийлиги стадиондун менчикке өтүп кеткен жерлери толук кайтарылып, эл аралык талапка жооп берген стадион болот деп ишендирүүдө. Борбордук стадион 12 миң адамга ылайыкташкан. Футбол майданы 2023-жылы оңдоодон өткөн.