Ошту кимдер башкарган?

Мэрлердин эсте калган демилгелери
.
23-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кызматынан кетип, ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев келди. Муну менен экинчи борбор 15-мэрдин башкаруусуна өттү. "Т-Медиа" 1991-жылдан бери шаарга кимдер мэр болгонун, алар кызматта канча отурганын салыштырды.
Оштун биринчи мэри

Абдыманап Мамыров
Ош шаарынын биринчи жетектеген Абдыманап Мамыров бул кызматка өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1991-жылы дайындалган. Ал калааны 1994-жылга чейин башкарып турган. Анын убагында Ош шаардык мамлекеттик администрациясы түзүлгөн.
Рекорд койгон мэрлер
  • Жумадыл Исаков
    Жумадыл Исаков шаардын тогузунчу мэри болуп 2005-жылы ишке киришкен. Ал Ошту 2009-жылга чейин жетектеген.
  • Мелис Мырзакматов
    Мелис Мырзакматов калаанын онунчу мэри. Ал 2009-жылдан 2013-жылга чейин кызматта отурган. Шаардыктардын эсинде Алишер Навои көчөсүнө эстакада көпүрө куруу демилгеси менен эсте калды. Кийин ага көпүрө боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Мырзакматов сыртынан жети жылга соттолгон. Бирок өзү муну "саясий куугунтук" деп баалаган. Мелис Мырзакматов 2020-жылы өлкөгө кайтып келген. Аны актоо чечими да ушул жылы чыккан.
  • Айтмамат Кадырбаев
    Айтмамат Кадырбаев Оштун 11-мэри болгон. Ал калааны 2014-жылдан 2018-жылга чейин башкарып турду. Бул кызматта турганда Мырзакматов баштаган эстакада көпүрөсү ишке берилген. Ошондой эле шаардагы автобекетти калаа сыртына көчүргөн. Ак-Бууранын үстүнө подиум курганы менен белгилүү. Бирок аталган жайкы сахна иштетилбей, акыры жеке ижарага берилди.
    Айтмамат Кадырбаевге 2010-жылы Ош облустук администрациясын басып алууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сот аны бир жылга эркинен ажыраткан. Бул маалыматтарды өзү да ырастап, бирок кийин акталып чыкканын билдирген.

    Кадырбаев мэрликке чейин Ош облусунун губернаторунун орун басары, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары болуп турган.
Ошту бир жылдан башкаргандар
Эки жылдан ашык мэрликте тургандар
  • Таалайбек Сарыбашов
    Экинчи борбордун 12-мэри болуп Таалайбек Сарыбашов келген. Ал 2018-жылы шайланып, калааны үч жыл башкарды. Ал "Ак-Бууранын жээгин оңдойбуз" деген дымактуу долбоору менен элдин эсинде калды. Бирок бул долбоор 2020-жылы башталган боюнча азыркыга чейин токтоп турат.

    2021-жылы кызматынан бошотулуп, кайра эле Бишкектин мэри болуп шайланган. Он күндөн кийин кызматын тапшырып берген. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.

  • Сатыбалды Чырмашев
    Сегизинчи мэр. Бул мэрлик кызматка 2003-жылы дайындалып, 2005-жылы кызматтан кеткен. Ал буга чейин экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри болуп иштеген.
  • Жантөрө Сатыбалдиев
    Жетинчи мэр болуп Ошко Сатыбалдиев 2000-жылы дайындалып, шаарды үч жыл жетектеп кеткен.
  • Жолдошбек Раимбеков
    Экинчи борборду төртүнчү мэри 1996-жылы башкарууга дайындалып, 1998-жылы кызматын тапшырган.


Бакытбек Жетигенов
Бийлигин Жеңишбек Токторбаевге өткөрүп берген Бакытбек Жетигенов 23-январда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына барды. Ал мэрлик кызматта эки жыл эки ай иштеди. Тактап айтканда, 59 жаштагы Жетигенов мэрликке 2022-жылдын 29-ноябрында дайындалган. "Бийликти басып алуу беренеси" менен камалып чыккан Жетигеновдун бул кызматка келиши коомчулукта күтүүсүз кадрдык жүрүш катары бааланган.

Ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында "Ар-Намыс", алтынчы чакырылышта КСДП партиясынан депутат болгон.

Жетигенов буга чейинки маектеринде шаардагы таза суу көйгөйү чечилгенин айткан. 2023-жылы 31-августта төрт резервуар ишке берилип, президент Садыр Жапаров бул жайдын ачылышына катышкан. Ар бир резервуарга 6 миң куб метр суу батат жана анда жарандар үчүн ичүүчү таза суу топтолот.

Негизи жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулчу. Эки-үч күнгө чейин суу берилбей калган учурлар да болгон. Резервуарлар иштеп баштагандан кийин көйгөй биротоло чечилген жок, бирок өчүрүүлөр азайды.

Тыгын көйгөйүн чечүү максатында Масалиев - Навои көчөлөрүнүн кесилишине жол үстүнөн өтүүчү өтмөк курулду. Ага жалпы 45 млн сом каражат сарпталган. Экинчи өтмөктүн курулушу былтыр башталып, бирок азырынча ал ишке кире элек.
Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин дайындоо жана кызматтан алуу укугу президентте. Буга чейин калаа башчылыкка талапкер жергиликтүү кеңеш аркылуу өтчү.

Ош - Кыргызстандагы республикалык маанидеги эки шаардын бири. Калаада 320 миңден ашуун калк жашайт. 2022-жылга Ош шаарынын жалпы бюджети 1 млрд 600 млн 510 миң сом деп бекитилген. 2021-жылы казынанын көлөмү 1 млрд 365 млн сом болгон.