Өткөн жылы Ош-Ноокат-Раззаков жолунун 13 чакырымына (Ноокаттын аймагындагы) бир катмар асфальт төшөлгөн. Азыр эми аны толук бүтүрүү үчүн айрым жерлерин кайра оюп жатышат. Бул көрүнүшкө тургундар нааразы.
"Орусияга он жолу барып, келсек да жолубуз бүтө элек. Андан бери машиналар кыйналып жатат. Эл кыйналды. Ноокат жолу бүтүшүнө эч кимдин көзү жетпейт. Азыр эми дагы эле оңдоп жатат. Беш-алтоо (ред-жумушчулар) иштеп коюп жүрүшөт", - дейт айдоочулардын бири.
"Бул жолду жакшы төшөбөй жатат, сапаты начар. "Жолду кылабыз" дешкен. Бирок бир жылдан бери оңдоп бүтпөй коюшту. Азыр кыркып, оюп койгондуктан дөңгөлөктөр жарылып кыйнады", - дейт жергиликтүү тургун.
Негизи мындай дефектер (кемчилик) долбоордо каралган. Өткөн жылдагы кыш оор болгонуна байланыштуу дефектер пайда болду. Бул жүргүнчүлөргө, жашоочуларга, компанияга таасирин тийгизбейт".
13 чакырым жолго асфальт төшөө үчүн 876 млн сом бөлүнгөн. Былтыр июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев анын курулушун бүтүрүүгө эки айга жетпеген убакыт берген. 1-сентябрга чейин жол салынбаса, ошол учурдагы транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетмек. 29-августта жолдун бир катмары гана басылып бүтүп министр курулуш аяктаганын жарыялаган. Кийин район акими "Т-Медиага" жолдун экинчи катмары жазда басыларын айткан эле.
"Милдеттүү түрдө экинчи катмар басылат. Байыл болбосо жаз мезгилининде ошондо толук бүттү деп эсептелет" - деген Ноокат районунун мурдагы акими Данияр Иманалиев.
Ош-Ноокат-Раззаков жолу эки тилкелүү болуп, 1961-жылы салынган. Көп жыл оңдолбой, элдин нааразычылыгын жаратып келген. Быйыл жол толук оңдолоору айтылган эле. Анын Ноокаттагы бөлүгү 47 чакырымды түзөт. Он чакырым оңдолуп жаткан тарабынан башка дагы 34 чакырымына асфальт басылышы керек.