Париж олимпиадасында элдин
эсинде калган спортчулар

11-августта Парижде 33-жайкы Олимпиада жыйынтыкталды. Ага катышып, интернет жылдызына айланган спортчулар көп.

Кытайлык гимнаст Чжоу Якин

Социалдык тармактарда кытайлык, 18 жаштагы гимнаст Чжоу Якиндин Олимпиадада медалдарды тиштөө салтын көргөндөгү эмоциясы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Жаш спортчу күмүш медаль уткан. Ал сыйлык тапшыруу аземинде алтын жана коло алган италиялык атаандаштары сүрөткө медалды тиштеп түшүп жатканына таң калган. Интернет колдонуучулары "Балким, жаш спортчу мындай салтты билбесе керек" деген пикирлерди жазып жатат. Спортчунун бул кылыгы көпчүлүккө жакты.

Түрк мергени Юсуф Дикеч

51 жаштагы түрк мергени Юсуф Дикеч болсо түрдүү тамашалуу сүрөттөрдүн каарманына айланды. Ал Олимпиадада күмүш медал тагынды. Бирок анын жеңиши эмес, аны кантип алганы баарын таң калтырды. Мелдештер учурунда мерген пневматикалык тапанчадан атууда кийиши керек болгон бардык жабдуулардан баш тартып, кадимки көз айнекчен эле бир көзүн ачып, бир колун чөнтөгүнө салып, салкын кандуулук менен ок аткандыгы өзгөчө болгон. Анын артынан интернетте "Түркия Олимпиадага киши өлтүргүчтү жибердиби?" деген сыяктуу мемдер тез тарап кетти. Бул аталган өлкөнүн спорттун атуу түрү боюнча биринчи медалы. Дикеч өзү аскер адамы. Ок атууну ал аскердик кызмат өтөп жүрүп үйрөнгөн. Журналисттерге интервью берип, хоббиси бийлөө экенин айткан.

Грек-рим күрөшүнүн беш жолку чемпиону Мижайн карьерасын жыйынтыктады

Кубалык балбан Мижайн Лопес грек-рим күрөшү боюнча алтын утуп, беш жолку Олимпиада чемпиону болду. Ал тарыхта мындай ийгиликке жетишкен биринчи балбан. Лопес 130 кг салмакта күрөштү. Жеңиштен кийин балбан бут кийимин чечип, килемдин ортосуна калтырып, карьерасын жыйынтыктады. Лопес уникалдуу спортчу. Ал алты ирет Олимпиадага катышып, анын бешөөндө алтын медаль тагынган.

100 грамм ашыкча салмагы үчүн Олимпиададан четтеген Винеш Фогат

Индиялык балбан кыз Винеш Фогат финалга чейин жетип, бирок 100 грамм ашыкча салмагы үчүн Олимпиададан четтеп калды. Спортчу эркин күрөш боюнча финалда америкалык балбан менен беттешмек. Алгачкы үч күрөштөн кийин Фогат салмак кошконун сезип, бир түндүн ичинде 2 кг арыктаган. Бул үчүн чуркап, секирип, тамактан баш тарткан. Бирок бул жетишсиз болду. Спортчу айым бул окуядан кийин карьерасын бүтүрөрүн айтты.

Жигитинин колун сурап жылдызга айлан Элис Фино

Франциялык спортчу кыз Элис Фино болсо жигитинин колун сурап жылдызга айланды. Ал 33 жашта. Париж Олимпиадасында 3000 метр аралыкка чуркаган. Спортчу эгер, "тогуз мүнөттөн тезирээк чуркасам сүйгөнүмө үйлөнүү сунушун киргизем" деп чечкен. Фино 8:58.67 милисекундда төртүнчү болуп келип, Европанын жаңы рекордун орнотту. Жарыштан кийин жигитинин колун сурап, "Ал азырынча үйлөнүү сунушун киргизе элек болчу. Балким, менден көз каранды деп ойлогом" деп түшүндүргөн. Тогуз - Финонун жакшы көргөн саны. Ал жигити менен тогуз жылдан бери мамиледе.

Алжирдик Иман Хелиф менен тайвандык Лин Ютингдин айланасындагы чуу

Ал эми алжирдик Иман Хелиф менен тайвандык Лин Ютинг көпчүлүктүн сынына карабастан кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча турнирде алтын медалдарды багындырышты. Буга чейин эки спортчуну "гендердик тесттен өтпөй калган" деп сындашкан.


Айрым спортчулар алар кыз-келиндер арасындагы мелдешке катышпашы керек эле деп нааразылыгын билдиришти. Бирок Хелифтин атасы кызына кол салуулар адилетсиз болгонун айтып, анын жаштыгындагы сүрөтүн, кыз болуп төрөлгөндүгүн тастыктаган күбөлүктөрүн да көрсөтүп чыкты. Ал кызы алты жашынан спортто экенин, футбол менен дагы машыкканын айтса, жергиликтүү басылмалар боксчу жакырчылыкта чоңойгонун жазган.

Кош бойлуу спортчу айымдар

Быйыл Олипиадада кош бойлуу спортчуларда көзгө илинди. Египеттик спортчу айым Нада Хафез менен азербайжандык Яйлагюль Рамазанова жети айлык кош бойлуу учурунда Олимп оюндарына катышты. Хафез фехтования, Рамазанова жаа атууда беттешти. Египеттик спортчу соцтармакка платформада өзү атаандашы жана курсагында баласы болуп үч адам салгылашканын жазган.

Олимпиадада байге уткан кыргызстандык алгачкы мушкер
Кыргызстандык мушкер жалгыз барып, финалга чыккан спортчу катары оозго алынды. Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадада байге уткан кыргызстандык алгачкы мушкер болду. Ал финалда өзбекстандык Абдумалик Халоковго 3:0 эсебинде жеңилип, күмүш багени багындырды.

Мунарбек финалдык баскычка жеткенге чейин анын секунданты болуп өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов коштоп жаткан. Финалда анын мекендеши менен беттешкени үчүн секундант боло алган жок. Анын жеке машыктыруучусу Олимпиадага бара алган эмес. Сейитбек уулу буга чейин 2019-жылы бокс боюнча дүйнө чемпиондугунун биринчи байге ээси болуп, тарыхта калган.
Кыргыз спортчулары тарых жаратты
Кыргыз курамасы бул жолку Олимпиадада эң көп медаль уткан көрсөткүч менен кайтышты. Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулу күмүш, ал эми Акжол Махмудов, Жоламан Шершенбеков, Үзүр Жузупбеков жана Айсулу Тыныбекова коло байгеге ээ болгон.

Өлкөдөн Олимпиадага жалпы 16 спортчу кеткен. Медалдардын саны боюнча Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 68-орунга чыкты. Мелдешке катышкан спортчулардын арасынан медаль алгандарынын пайызын чыгарганда, 38%ы байге уткан. Бул көрсөткүч дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде лидерлик кылат.

Мисалы, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандан 90 спортчу барып, 13ү же 14%ы, Казакстандан 79 спортчунун жетөө же 9%ы, Тажикстандан 14 катышуучунун үчөө же 22%ы байге уткан.