Айрым соода түйүндөр жабык
Селден кийин иштеп жаткан базарда абал кандай?
Ош шаарында сел каптаган базар калыбына келтирилип, соодагерлер жумушун улантып жатат. Ошентсе да айрым контейнерлер жабык. Табигый кырсыкты башынан өткөрүп, бирин-серин кайрадан жанданып жаткан базардын азыркы абалынан "Т-Медианын" кабарчысы Байэл Бурханов сүрөт баян даярдады.
Жайма базар Ак-Буура дарыясын жээгинде жайгашкан. 14-июлда дарыя нугунан ашып, топон суу соода түйүндөрүн каптаган эле. Анда бул жайдагы 842 контейнердин 785ине суу кирген.
Суу ташкынынан кийин базар көчө турган болгон. Азыр анын айланасындагы дарыянын эки өйүзүн бириктирип турган көпүрөлөр алып салынды. Алар селдин кесепетине себепкер болгон тоскоолдуктардын бири деп болжолдонгон.
Базардын ордуна сейил бак куруу пландалып жатат.
Алгач муниципалдык базар Жапалак айылына көчүрүлмөй болгон. Бирок соодагерлердин нааразылыгынан улам орду кайра өзгөргөн. Тагыраагы, Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү "Мегаполис" соода борборунун маңдайындагы жети гектар жерге курулуп жатат. Мэриянын кабарлашынча, базар эки ай аралыгында бүтөт. Ага чейин азыркы базар иштеп турат.
Байэл Бурханов
t-media.kg