Сүмөлөк жыл бою жасалчу азыкка айланды
Эртең 21-март Нооруз майрамы. Бул күндү сүмөлөксүз элестетүүгө мүмкүн эмес. Бирок соңку жылдары сүмөлөк кайсы бир күнгө көз каранды болбой калды. Жыл бою базарларда, соода борборлордо, дүкөндөрдө сатыкка чыгууда. Баасы ар түрдүү. Мисалы, базарларда 50 сомдон 200 сомго чейин сатылып жатат.

"Т-Медиа" сүмөлөктү бизнеске айландырган ишкер менен маек курду.
Араван районун тургуну Даниярбек Атаев жыл бою сүмөлөк кайнатып, сатыкка алып чыгат. Бул ишти 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда баштаган. Алгач өзү үйдө жасап сата баштаган.
"Буга чейин көп нерсе кылып көрдүм. Сок саттым, Баткенден өрүк как алып келип саттым. Бирок такыр окшошподу. Бир күнү "Фейсбуктан" өзбек жигиттин сүмөлөк сатканын көрүп, кызыгып калдым. Өзүм үйдөн сүмөлөк жасап, чакан дүкөндөргө алып бардым. Алар башында макул болушпады. 1-2 күн өткөндөн кийин келсем, таштап кеткен сүмөлөктөрүм баары сатылып кетиптир"

Даниярбек Атаев
Азыр эми Даниярбек Атаев чакан ишкана түзүп алган. Сүмөлөктү Кыргызстандын аймагына гана сатпастан, кардарлары Орусияга да алып кетишүүдө.
Биз барган учурда ишкер кол алдындагы жумушчулары менен бир күн мурда кайнатылган сүмөлөктү кайрадан кайнатып банкага куюп жатышкан экен. Алар алдын-ала банканы, капкактарды буулап даярдап алышат. Бул сүмөлөктүн жакшы сакталуусун шарттайт деп түшүндүрүштү. Сүмөлөккө керектелүүчү азыктарды бүт өздөрү даярдашат. Эң башкысы буудайды жакшы өндүрүү керек. Эгерде буудайга бир аз эле күн тийип калса, сүмөлөктүн даамы бузулат.
"Биз буудайды тазалап, жууп сегиз саат чылап коёбуз. Анан өндүрөбүз. Эгер, буудай кызылдан өтүп көк болуп кетсе да сүмөлөк ачуу болуп калат. Эгер, ага жетпей калса, анда суюк жанан түсү боз болуп калат. Ошого буудайдын өндүрүүгө кылдат мамиле кылабыз".

Даниярбек Атаев
Сүмөлөктү эки жылга чейин сактаса болот. Атаев сактоонун сыры деле жок дейт. Негизгиси таза жерде жасалып, жабык жайда турушу керек.

Сүмөлөктүн баалары көлөмүнө жараша. Мисалы, 1 литри - 210 сомдон, андан кичинекейлери - 157 сомдон сатылат.

Нооруздун тарыхынан учкай
Нооруз майрамын Азия чөлкөмүндөгү бир катар мамлекеттер анын ичинде Кыргызстан да белгилеп келет. Тарыхчылар Нооруз сөзүн перс тилинен которгондо "нав" - жаңы жана "руз" - күн деген эки түшүнүктөн туруп, "жаңы күн", башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирерин айтышат. Бул майрамдын келип чыгышы туурасында бирдиктүү ой жок.

Совет бийлиги учурунда майрамды белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана уруксат берилген. Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралда кол коюлган.

2009 — жылы Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.
«Нооруз» — «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы. Бул күнү күн менен түн теңелет. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Кыргызстанда Ноорузга байланыштуу каада-салттардан тышкары элдик фольклордук ыр-күүлөр жаңырып, улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер уюштурулат.
Быйыл борбор калаа Бишкекте Нооруз майрамы үч күн белгиленет. Ала-Тоо аянты улуттук стилде жасалгаланып, улуттук оюндар, көркөм кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын көргөзмөсү жана тамактануучу жайлар уюштурулат.

Ошто болсо жети боз үй тигилип, "Кыргыз шырдак", "Көктөм"көргөзмө-жармаңкелери, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат. Мындан тышкары кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, улуттук даамдар сатыкка чыгат.
Автор: Айдана Осмонова