Сузактан депутаттыкка аттангандар кимдер?

2-сентябрда Сузак бир мандаттуу округунда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы тогуз талапкерди каттаган. "Т-Медиа" алар тууралуу маалыматтарды чогултту.
Асилбек Арапбаев
Депутатыкка ат салышып жаткандардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асилбек Арапбаев бар. Ал парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. Ал учурда "Республика" саясий партиясынын тизмесинде болчу.
55 жаштагы Арапбаев учурда "Багыш Достук" муниципалдык ишканасын жетектейт.
Алтынбек Кылычбаев

47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев учурда "Жалал-Абад" саноториясынын директорунун орун басары болуп иштейт. Ал өзүнүн социалдык баракчасында буга чейиин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эмгектенгенин жазган.

2015-жылы "Республика Ата-Журт" партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке шайлоого катышып, алдын ала жыйынтык боюнча мандат алмак. Бирок кийин өзү партиядан чыгып кеткен, себебин деле түшүндүргөн эмес.
Юлия Лилиенталь
43 жаштагы Юлия Лилиенталь учурда Сузак жергиликтүү кеңешинин депутаты. Быйыл апрелде Ош бир мандаттуу округунда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого да катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 12 талапкердин ичинен 10-орунга жайгашкан.
Лилиенталь 2021-жылы парламенттик шайлоого да Сузак округунан талапкерлигин коюп, бирок жеңилген. 2020-жылы президентик шайлоого катышууга арыз берип, бирок БШК аны жарыштан четтеткен. Буга "Кыргызстест" мамлекеттик мекемеси аны кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билбейт деген тапканы негиз болгон.

Талапкер "Эгамберди Хаджы" атындагы фондго ээлик кылат.

Мелисбек Кошалиев
Мелисбек Кошалиев учурда жеке ишкерлик менен алектенет. Боршайкомдун сайтында ал 2010-2013 жылга чейин Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүндө иштегени жазылган.

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого "Ата-Мекен" партиясынан талапкерлигин койгон.
Гүлмира Камбарова
Талапкер 64 жашта, убактылуу иштебейт. 2021-жылдан бери Сузак районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп турган. Кызматтан ушул жылдын май айында бошотулган.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого "Мекенчил" саясий партиясы менен катышкан. 2009-жылы "Жаш муун" аталышындагы коомдук фонду жетектеп турган учурунда ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин ардак громатасын алган.
Манас Максутов

39 жашта, жеке ишкер. Ал 2021-жылы ноябрь айында өткөн шайлоого ушул эле округдан катышып, өтпөй калган.

Максутов Юстиция министрлигинин сайтында "Санам" жоопкерчилиги чектелген коомдун директору катары көрсөтүлгөн. Компания былтыр катталган.
Жыргалбек Сейдахматов

39 жашта. Кесиби боюнча юрист. Сейдахматов 2021-жылдан 2024-жылдын август айына чейин Багыш айылдык кеңешинде төрага болуп турган. Ага чейин Ички иштер министрлигинде эмгектенген.
Медербек Сапарбаев
Талапкер 34 жашта. Ачык булактарда жеке ишкер катары көрсөтүлгөн. Кесиби боюнча бухгалтер жана аудит. Сапарбаев "Ак ниет - Аманат" коомдук кайрымдуулук фондун ээси. Мекеме 2018-жылдан бери иш алып барат.
Бейшенбек Бегматов
37 жаштагы Бейшенбек Бегматов жеке ишкерлик менен алектенет. Ал өзүнүн социалдык баракчасында "Ал-Баасыз" соода компаниясын жетектерин жазган. БШК ал мындан тышкары "Бегматов" ишканасынын директору экенин көрсөткөн.
Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Бул аймактан депутат болгон Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан.

Тазабек Икрамов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Сузак бир мандаттуу округунан шайланган. Парламентте "Элдик" депутаттык тобунун, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү болгон. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында да "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен шайланган.
Автор: Айдана Осмонова