Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева жарандардын укугу мыйзам чегинде корголсо деген пикирде. Мыйзам боюнча, менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.
"Кыргызстандын констуциясынын 15-беренесинин 2-бөлүгүндө "менчик кол тийгис, эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт, мурастоо укугу кепилденет" деп жазылып турат. Ал эми 63-берененин биринчи бөлүгүндө Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу) ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн экени жазылган. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу макул болбогон учурда, ыйгарым укуктуу орган баш тартуу алынган учурдан тартып эки айдан кечиктирбестен жер участогун акысыз же сатып алып коюу тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу".