"Төрөттөгү күтүүсүз өлүм"
Аялдар төрөттө кандай себеп менен каза болот?

Иллюстративдик сүрөт жасалма интеллектин жардамында тартылды

Эки ай мурун Сокулукта 25 жаштагы келин төрөттөн кийин каза тапты. Ал Айым Жыргалбек кызы эле. Келиндин артында эки жаштагы кызы жана ымыркай уулу калды. Бул быйыл энелер төрөттө акка моюн сунган жалгыз учур эмес. Жаз айларында катары менен төрт келин каза болуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салган эле. Жабыркагандар өлүмгө дарыгерлердин шалаакылыгын айыпташса, ак халатчандар болгон аракетин көрүшкөнүн билдирип келет.
Дата-журналисттер "Т-Медиа" үчүн акыркы он жылда төрөттөн каза болгон энелердин көрсөткүчүн жана өлүмгө себеп болгон негизги факторлорду анализдеп чыкты.
Он жылда 538 аял каза болгон
Он жыл аралыгындагы маалыматтарга карасак, өлкөдө жылына 50дөй аял төрөттөн каза болот. Бул статистикага кош бойлуулук мезгилинде, төрөт учурунда же төрөттөн кийинки 42 күндүн ичинде көз жумган энелердин саны кирет. 2014-жылдан 2023-жылга чейин 538 эне акка моюн сунган. Анын 64ү төрөткө жетпей кош бойлуу кезинде көз жумса, дагы 28инин өлүмүнө аборт себеп.
Өтө чоң өзгөрүү болбосо да, расмий статистикаларда жүрөк жылытаарык көрүнүш бар. Жыл сайын өлкөдө төрөттөн улам өлгөндөр кыскарып жатат. Мисалы, 2010-жылы бир жылда 74, 2014-жылы 82 аял каза болсо, былтыр 38 эне көз жумган. Он жыл мурунку көрсөткүчтөн дээрлик 54% кыскарган.
Анткен менен өлүмдүн саны стабилдүү бир темпте төмөндөп келе жаткан жок. Мисалы, Таласта 2016-2017-2018-жылдары энелердин өлүмү катталбай келип, 2019-жылдан кайра көбөйө баштаган. 2022-жылы эң жогору көрсөткүч болуп, облуста беш эне төрөттөн каза тапты.
Нарын, Жалал-Абадда да бир нукта төмөндөө жок. Нарында 2017-жылы энелердин өлүмү катталбай, кийинки жылы мурдагы көрсөткүчтөрдөн кескин көбөйгөн. 2022-жылдан тарта кайра азайды.

Баткенде 2014-жылы эң жогорку көрсөткүч болуп, анда 15 эне каза болгон. Андан бери статистика төмөндөп отуруп, былтыр эки аял көз жумду. Ош облусунда да энелердин өлүмү 2012-жылдан бери төмөндөп келе жатат. Азыр көрсөткүч эки эсе кыскарган.
Төрөттө энелер өнөкөт оорусунан жана
кан кетүүдөн көп өлөт
Энелердин өлүмүнүн себептери түз жана кыйыр болуп бөлүнөт. Түз себептери – кош бойлуулукта пайда болгон коркунучтар. Мисалы, сепсис жана кан кетүү. Кыйыр себептери – кош бойлуулукка чейин эле болгон жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, боор, онкологиялык жана башка оорулардын кош бойлуулукка тийгизген таасири.

Акыркы он жылдагы көрсөткүч боюнча көпчүлүк төрөттөн каза болгон аялдар кыйыр себептерден көз жумган. Муну медицинада экстрагениталдык оорулар деп атайт. Мындай себеп менен он жылда 538 аялдын 34%ы каза болгон. Андан кийин 19%ы кан кетүү, дагы 19%ы сепсистен (кандын курамында ириң пайда болушу) көз жумган.
Статистикадан 2020-жылдан кийин "башка себептерден" көз жумгандар көбөйө баштаганын байкоого болот. Анын ичинде өпкө артериясынын эмболиясынан (ТЭЛА) каза болгондор өскөн. Мисалы, 2020-жылдан бери эле 20 аял өпкө артериясынын жана амниотикалык суюктуктун эмболиясынан (ЭОВ) мерт кеткен.
Адистердин маалыматында, кош бойлуулуктун биринчи күнүнөн баштап эле аялдарда ушул ооруга чалдыгуу коркунучу болот. 2017-жылы жарыяланган энелердин өлүмүнүн жашыруун изилдөөсүндө дал ушул себеп менен каза болгон аялдардын бирине да алдын ала текшерүү же дарылоо жүргүзүлбөгөнү жазылган. Төмөндө биз бул иликтөөгө кененирээк токтолобуз.
Энелерди өлүмдөн сактап калууга болмок
2015-жылдан бери Кыргызстан энелердин өлүмүн азайтуу боюнча эл аралык деңгээлде аракет көрүүдө. Өлкө Бириккен Улуттар уюмунун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына кошулган, анда энелердин өлүмүн азайтуу да камтылган. 2013-жылы жүргүзүлгөн анализде Кыргызстанда Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда энелердин өлүмү эң жогорку деңгээлде экени аныкталган. Көрсөткүч кыскарганы менен, бул жетишсиз.
Басылмада аялдардын төрөт учурундагы өлүмүн алдын алуу үчүн убагында диагноз коюп жана операция аркылуу алдын алса болору айтылган. Негизги көйгөйлөр катары төрөт бөлүмдөрүнүн жабдууларынын, дары-дармектердин жана тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги көрсөтүлгөн. Септикалык өтүшүүнүн көбөйүшүнө саламаттыкты сактоо уюмдарында инфекциялык контролдун төмөндүгү таасир тийгизгенин айтышкан.

Кийин Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн комитеттин энелердин өлүмү боюнча жашыруун иликтөөсүнүн экинчи отчету жарыяланган. Анда адистер 2014-2015-жылдары төрөттөн каза болгон 148 аялдын окуясын изилдеп, бир нече себепти аныкташкан. Алардын бири — айрым аялдардын өз ооруларын жашырып, же аларга көңүл бурбай төрөгөнү. Мисалы:
"Көпчүлүк экстрагениталдык оорулардан көз жумган энелерге кош бойлуулук мүмкүн эмес болгон. Бирок кээ бир аялдар буга макул болгусу келбей, дарыгерлерден негизги оорусун жашырууга аракет кылган. Убагында каттоого турбай, дарыгерлерге көрүнгөн эмес" - деп жазылат документте.
Анда медициналык жардамдын убагында же эрежеге ылайык көрсөтүлбөгөнү, кош бойлууларды ооруканага жеткирүүдөгү көйгөйлөр да өлүмгө себеп болгон деп жазылган. Отчетто бул кемчиликтер болбогондо, эки жыл ичинде түз себептерден каза болгон 83 аялды жана кыйыр себептен өлгөн үч энени сактап калууга мүмкүн болмок деген тыянак чыккан.
Кыргызстанда тажрыйбалуу адистердин тартыштыгы же дарыгердин туура эмес дарылоо мүмкүндүгү азыр деле көйгөй. Ош шаарынын энеликти коргоо боюнча координатору Кишимжан Мырзакулова энелердин өлүмүнө кыз-келиндер ден соолугуна кайдыгерлик кылуусу, акушер-гинекологдордун жетишсиздиги сыяктуу себептерди атады.
"Кош бойлуулар өз убагында каттоого турбайт, профилактикалык дарыларды ичишпейт, өзүнүн ооруларын даарылабай туруп, бойго бүтүрүшөт. Ага улай, үй-бүлөдөгү физикалык, психологиялык, экономикалык зомбулуктар бар. Азыр жаштар психикалык-эмоционалдык жактан өтө чыңалууда жашашат. Кыжаалат болгондо тамак ашты сиңирүү, темирди сиңирүү начарлайт. Күн көрбөйт. Көзгө күндүн нуру тиймейинче Д витамини алынбайт. Д витамини жок болсо, кальций, магний сиңирүү да начарлайт. Бул комплекстүү маселе, комплекстүү мамилени талап кылат", - дейт Ош шаарынын энеликти коргоо боюнча координатору Кишимжан Мырзакулова.
Анын айтымында учурда көчүлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда акушер-гинекологтор эмес, педиатр сыяктуу башка багыттагы дарыгерлер кош бойлууларды тейлеп жатат. Алар гинекологиялык маселелерди тереңдеп билбейт.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда толук бир ставка дагы гинеколог акушерлер жок. Себеби, айлык аз, 11 миң. Үй-бүлөлүк дарыгер болсо айлыгы 16 миң. Гинекологдор тажрыйбасы, категориясы кошулганда дагы 16-17 миң айлык алат. Жоопкерчилик өтө күчтүү кесипке аз айлык менен иштегиси келишпейт. Аз айлыктан кесибин таштап же башка өлкөгө кетип калып жатышат. Жаңы келген адистер кесибин үйрөнгөнгө чейин ушундай кабылдоолорго учуроодо. Айлык көтөрүлсө чыныгы адистер келип, жоопкерчилик күчөйт, иштөө сапаты жакшырат. Дарыгерлерге да колдоо, шарт керек. Аялдардын ооруларын текшерүүнү акысыз кылыш керек. Акылуу болгондуктан көпчүлүгү текшерүүдөн өтпөй жүрө беришет. Жок дегенде базалык текшерүүнү, төрөткө чейин текшерүүнү акысыз кылыш керек.
БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) өкүлү Нургүл Сманкулова да медициналык кызматкерлердин саны жыл сайын кыскарып бара жатканы тууралуу маалымат менен бөлүштү. Мисалы, акушер-гинекологдордун саны 2021-жылы 988 болсо, 2023-жылы 903кө түшкөн. Ушундай эле кыскаруу акушерлердин арасында да болуп, 2223төн 2052 адамга чейин азайган. Мындай абал чыныгы адистердин жетишсиздигине алып келет.

Кесарево да өлүмдүн бир себеби
ЮНФПА өкүлү Сманкулова өлкөдөгү энелердин өлүмүнүн себептерин изилдеген иликтөөгө катышкан. Ал статистикалар акыркы мезгилде кесарево операциясынан улам каза болгондор көбөйгөнүн көрсөткөнүн билдирди. Адистин айтымында, кесареводон кийин төрөгөн энелерде табигый төрөгөндөргө караганда өлүм жана майып болуу коркунучу жогору. Операциядан кийин калыбына келүү оорлоп, кансыроо, жатындын сезгениши жана башка татаалдыктар болушу мүмкүн.
"Өлкөдөгү кесарево төрөттөрүнүн саны акыркы үч жылда туруктуу өсүүдө. 2021-жылы 14,7% түзгөн көрсөткүч, 2023-жылы 15,9%га жетти. Жаңы изилдөөлөргө ылайык, кесарево операциясынын жыштыгы 10%га чейин болсо, энелердин жана ымыркайлардын өлүмү азаят. Эгер 10%дан ашса, өлүмдү кыскартууга таасир этпейт".
Макаланын башында айтылган Айым Жыргалбек кызынын алгачкы төрөтү кесарево жолу менен болгон. Экинчисин өз алдынча төрөөнү чечкен. Жакындары жергиликтүү дарыгерлердин макулдугу болгонун айтышкан. Бирок төрөт учурунда жатыны айрылып, көп кан жоготуп көз жумган. Айымдын жолдошу дарыгерлер мындай төрөт такыр мүмкүн эместигин баса белгилеп эскертпегенин айыптаган эле.
Буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөр да, дарыгер менен маркумдун жакындарынын пикирлери да төрөттө өлүмгө эки тараптын тең күнөөсү болушун тастыктайт. Мындай кырсыкты азайтуу үчүн кош бойлуу аялдарга жетиштүү маалымат берилиши, ал эми дарыгерлердин тажрыйбасы, жоопкерчилиги болушу маанилүү.
Унутпаңыз, дарыгерлер кош бойлуулук учурунда үзгүлтүксүз медициналык текшерүүлөрдөн өтүүнү сунушташат. Биринчи жана акыркы үч айда маммолог, терапевт, гинеколог сыяктуу адистер менен кеңешип туруу, ден-соолукту текшертип алуу керек. Мурунтан өнөкөт оору бар болсо убагында дарылап, дарыгерден жашырбаңыз. Ал эми кесарево жолу менен төрөө алдында сөзсүз адистер менен кеңешүүнү эскертишет.
Материалды даярдагандар: Кенжебү Мамасыдыкова, Зыягүл Болот кызы, Наргиза Анарбай кызы
Дата-редактор: Савия Хасанова
"Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн макаланын авторлору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес".