Бизнес менен экологиянын айкалышы
Туристтердин 70%ы эко-маркировкалуу мейманкаларды брондошот
Соңку жылдары Кыргызстанда ишкерлер экологиянын барган сайын начарлоосуна көңүл бөлүшүүдө. Мындан улам мейманкана, ресторан, кафе сыяктуу туристтик жайларда "ЭКО" деген энбелгилер кездешип, ишкерлерде жаңы тенденция байкалат.

"Т-Медиа" редакциясы "Ош шаарында элди тейлеген коомдук жайлардын канчоосунда эко-сертификат бар? ЭКО-сертификат деген эмне? Дегеле бул эмне үчүн керек?" деген суроолорго жооп издеди.
Ошто эл тейлеген жайлар ЭКО-сертификатка көңүл бура баштады
Ош шаарында расмий каттоодо турган 67 мейманкана болсо, бүгүнкү күндө алардын төртөө "ЭКО" деген энбелги (маркировка) алып иштеп жатат. Мындан тышкары бир лагер да тизмеге кирген. Алар: күмүш категориясында "Раян" мейманканасы, коло алган "АРТ-отель" конок үйү, TES мейманкасы, PAMIR NOMAD лагери жана "Памир Алай" мейманканасы. Ал эми Кыргызстан боюнча жалпы элди тейлеген 23 субьекте ЭКО-сертификаттар бар.

"Раян" мейманканасынын ЭКО-сертификат менен иштеп жатканына бир жылдын жүзү болгон. Конок үйдүн сатуу бөлүмүнүн менеджери Амина Примбердиеванын айтымында, жергиликтүү кардарларга караганда чет өлкөдөн келген туристтер эко маркировкаларга көп көңүл буруп сурашат.
ЭКО-сертификат деген эмне?
Эко-сертификаттоо же эко-энбелги - курчап турган чөйрөгө тийгизген терс таасири азыраак өнүмдөрдү жана кызматтарды таануу жөнүндө күбөлүк. Башкача айтканда, аталган бизнес секторлору табиятка тийгизген таасири жумшартылат. Бүгүнкү күндө мындай энбелгини көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөн кездештирүүгө болот.

Оштогу "Орхус" бөлүмүнүн башчысы Каныбек Исабаев эко-энбелгини колдонуу Кыргызстанда эми гана жанданып келатканын айтат. Ал мындай документ менен иштөө ишкерлерге да, экологияга да жакшы таасир берет деген пикирде.
"Негизи бул эко-сертификаттарды айлана-чөйрөгө аз таасирин тийгизген, сууну, электр энергиясын үнөмдүү колдонгон, таштандыны кайра иштетип же ылгап жана башка ушул сыяктуу талаптарга жооп берген бизнес ээлери алыш керек. Бирок Кыргызстанда бул нерсе эми эле келип жатат. Ал эми өнүккөн башка өлкөлөрдө бул нерсе эчак эле жөнгө салынып калган. Мындан улам биз жашаган өлкөдө да мындай энбелгилердин көбөйүшү кубандырат".
Аны кантип алууга болот?
Эко-сертификациялоо Кыргызстанда 2023-жылдан бери "Жашыл Альянс Кыргызстан" бирикмеси жана PERETO долбоорунун колдоосу менен туризм багытында туруктуу тажрыйбаларды жайылткан, жаратылыш чөйрөсүн сактоого аракет кылган мекемелер арасында жүргүзүшөт. Долбоор SWITCH-Asia программасынын алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржылык колдоого алынган.
Алар сертификатты төмөндөгү талаптарга жооп бергендерге берет:
Сууну үнөмдөп иштеткен;
Таштандыларды ылгап, кагаздарды маклатурага тапшырып, пластик же айнектерди бөлгөн;
Электр энергияны үнөмдөп, күндөн жылытуу системасын орноткон;
Эко-транспорт кызматтарын көрсөткөн элди тейлөөчү жайлары.
Сертификация алуу эки этаптан - атайын тест жана эко-аудиттен турат. Тестте ар бир категорияны толтуруп бүткөндөн соң, сайт өзүн-өзү баалоонун натыйжалары сууну, ресурстарды жана электр кубатын үнөмдөөнүн эсебинен натыйжалуулук боюнча кеңештерди берет. Ошондой эле Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү HoReCa чакан жана орто ишканаларынын мыкты жашыл практикаларынын мисалдарын келтирет.
Тесттин жыйынтыгына жараша компаниянын экологиялык тазалыгын жана иш-аракеттерин аныктоо,баалоо тогуз бөлүмдөн турат. Упайлардын максималдуу мүмкүн болгон саны 93 балл.
Компания тиешелүү тесттен өткөн соң сертификациялоону жүргүзгөндөр ал жерге барып эко-аудит кылып текшерет. Анда алар тестте айтылган иштерди жеринен көрүп, баалашат.
Туристтердин 70%ы эко-маркировкалуу мейманкаларды брондошот
Booking сайтынын 2029-жылкы отчётунда саякатчылар, туристтердин 70 пайызы эко-сертификаты бар мейманкаларда жана конок үйлөрдү тандай турганы келтирилген.

Акыркы жылдары Кыргызстанда да ишкерлер ЭКОго көңүл буруп башташты. Анткени учурда дүйнөдө керектөөчүлөрдүн 90 пайызы эко маркировкалоо тажрыйбасын тааныйт жана жок дегенде 50 пайызы дүкөндөргө, тамактануучу жайларга же мейманканаларга барганда ушул белгини издешет.

Учурда дүйнө жүзүндө глобалдык жылуулук, мөңгүлөр ээриши, аба жана суулардын булгануусу жана башка ушул сыяктуу дүйнөлүк экологиялык маселелер күн сайын күчөп жатат. Бул көйгөйлөрдүн ири себебин окумуштуулар адамдар жерде басымдуулук кылып, алардын керектөөлөрүнүн көбөйүшү жана заводордун, транспорттук таштандылардын арбындашы, токойлордогу бак-дарактардын көп кыйылышы менен түшүндүрүп келишет.

Мындан улам азыр көп өлкөлөрдө пластиктен жасалган же жаратылышка зыянын тийгизген башка заттан жасалган буюмдарды колдонбой экологияга зыян келтирбей турган кийимдер, идиш-аяктар, баштык жана башка буюмдар колдонууга өтүшүүдө. Дүйнө жүзү бүгүн жашыл экономика багытында жигердүү иш жүргүзүп келе жатканын байкасак болот.
Асем Улукбек кызы
"Т-Медианын" журналисти
Phone:0707197770
Email: asemulukbekova@gmail.com