Устукандар кимге тийген?
Алдыңкы мамлекеттик сыйлыктарга дата анализ
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жогорку мамлекеттик сыйлыктарды эң көп алгандардын бири экенин билет белеңиз? Бул жолу "Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектептин" дата-журналисттери өлкө эгемендүүлүккө жеткенден бери сыйлыктардын эң алдыңкылары кимдерге берилгенин жана сыйлык ыйгарууда гендердик баланс канчалык сакталышын анализдеп чыкты.

Биз эсеп үчүн мамлекеттик сыйлыктардын алдыңкы сегиз түрүн тандап алдык. Алар - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы, I-II-III даражадагы "Манас" ордендери, "Курманжан Датка", "Данакер", "Даңк" ордендери жана "Даңк" медалы.

Көрсө, 1990-жылдан бери материал үчүн тандалган сегиз жогорку сыйлык 1952 адамга берилген экен. Биз ар бир сыйлыкты дыкат анализдеп, сыйлангандарды: саясатчылардан тарта мамлекеттик кызматкер, окумуштуу, маданият өкүлдөрүнө чейин категорияларга бөлүп, карап чыктык. Бул материалда Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгын айымдар арасында эң биринчилерден болуп ким алганы, мамлекеттик жогорку наамдардын ээлери кимдер жана кайсы сыйлык эң көп берилгени эсептелди.



Төш белгилер эмнеден жасалат?
Кыргызда "Курманжан Датка" наамына татыктуулар азбы? Сыйлык ыйгаруудагы гендердик көйгөй
Кыргызстандагы эң жогорку делинген мамлекеттик сыйлыктардын бири аялдарга гана берилген "Курманжан Датка" ордени. Бул наам 2016-жылдан тарта ыйгарыла баштаган. Орденге сегиз жылдан бери төрт айым ээ болгон.

Эң кызыгы "Курманжан Датка" ордени алгачкылардан болуп кыргыз айымдарына эмес, Германиянын канцлери Ангела Меркелге ыйгарылган.


"Курманжан Датка" орденинин ээлери
Айымдар коомдун кайсы катмарында болбосун активдүү деп айтылып келген менен, башка наам алгандардын арасында деле алар аз. Жогорку сыйлык ыйгарылган 1952 адамдын 16,7%ы гана аялдар.
Tilda Publishing
Алардын көпчүлүгү "Данк" медалы менен сыйланышкан. Бул медаль экинчи категориядагы сыйлыктарга кирип, биз тандап алган алдыңкы сыйлыктардын эң акырында турат.
Ал эми "Кыргыз Республикасынын баатыры" эң жогорку наамы эки гана аялга ыйгарылган. Алар - мамлекеттик кызматкер Күлүйпа Кондучалова жана актриса Сабира Күмүшалиева.
Башкача айтканда, бул инсандар кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн жогорку сыйлыкка татыган.
Кайсы бийликтин тушунда көп сыйлык ыйгарылган?
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Биз сыйлыктардын тапшырылышын алардын бийликте турган жылдары боюнча эсептеп көрдүк. Албетте, эсеп эң көп сыйлык Акаевдин тушунда берилгенин көрсөттү. Себеби, ал бийликте эң узак турган жана бул 15 жылдагы көрсөткүч.

Реалдуулук үчүн ар бир өлкө башчынын бийликтеги мезгилинде берилген сыйлыктардын санын бир жылга болжолдоп эсептесек жылына эң көп сыйлыкты Роза Отунбаева ыйгарганын көрүүгө болот.
Тильда Паблишинг
Отунбаева бир жарым жылда
144 жаранды сыйлаган . Башка президенттер жылына орточо 35-65 сыйлык ыйгарып турган.
БАСЫҢЫЗ
Мисалы, Отунбаева бир жарым жыл бийликте турган мезгилинде 144 жаранды сыйлаган. Ошол эле учурда башка президенттер жылына орточо 35-65 сыйлык ыйгарып турган. Дагы бир эскертели, мында алдыңкы сегиз гана сыйлык тууралуу сөз болуп жатат.

Отунбаеванын колунан сыйлык алгандардын 29у гана айымдар болгон. Анын экөө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата сыйланган. Бири өмүрүн кыргыз тилин изилдөөгө арнаган окумуштуу Бюбийна Орузбаева. Ага биринчи даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган. Дагы бири үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган врач-онколог Жамангыз Карабекова.

Калган 22си "Даңк" медалын, төртөө "Данакер" орденин алган айымдар.
Жогорку сыйлыктар кимдерге ыйгарылган?
Биз жогоруда айтылган сегиз сыйлыкты коомдун кайсы катмары көп алганына да кызыгып көрдүк. Сыйлангандарды жалпы сегиз категорияга бөлүп караганыбызда сыйлыктын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик кызматкерлерге берилери аныкталды.
Сыйлык алгандардын арасында билим берүү жана медицина тармагында эмгектенген кызмат адамдары да бар. Бирок алар жогорку наам алгандардын тогуз пайыздан ашыгыраак бөлүгүн гана ээлейт. Дагы тогуз пайызы чет өлкөнүн өкүлдөрүнө берилген. Чет өлкөлүк дегенде бул башка мамлекеттердин президенттери, Кыргызстанда эмгектенбеген, мүмкүн кызматташтык үчүн келген өкүлдөр.

Мисалы, Жээнбековдун колунан Кытай элинин президенти Си Цзиньпин, Акаевден Түрк президенти болуп турганда Демирель Сулейман, Атамбаевдин колунан Орусия президенти Владимир Путин, Казакстан өлкө башчылыгында турганда Нурсултан Назарбаев I даражадагы "Манас" орденин, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев "Данакер" орденин алган.

Алдыңкы сыйлыктарды алгандардын арасында биздин эсепте 73 саясатчы бар. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Иса Өмүркулоы, Бакирдин Субанбеков, Нариман Тюлеев, Азизбек Турсунбаев, Аскар Салымбеков, Кожобек Рыспаев, Асия Сасыкбаева, Ирина Карамушкина, Өмүрбек Текебаевди көрүүгө болот.
Жогорку сыйлыктарды жетекчилик кызматтагылар канчалык көп алышын эсептөө үчүн эки категорияны тандап алганбыз. Бул эсеп жөнөкөй окутуучуларга караганда окуу жай жетекчилери, орун басарлар, кафедра башчылары сыяктуу кызматтагылар, жөн гана дарыгерге караганда башкы дарыгер, оорукана жетекчиси, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жөнөкөй кызматта иштегендерине караганда башкаруучулары көп сыйлыкка татышын көрсөттү.

Жалпы сыйлык алган мамлекеттик кызматкерлердин 72%ы жетекчилик кызматта иштегендер.
Алдыңкы сыйлыктарды алгандардын арасында карапайым адамдар да жок эмес. Биз эч кандай кызматта аты чыкпаган, он карапайым жаранды санай алдык. Алардын баары "Даңк" медалын алышкан. Бул сыйлык ээлери үй кызматкери, пенсионер же тракторист, саанчылар. Көпчүлүгү эмне себептен аталган наамга татыганы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Ачык булактарда бир гана айыл үчүн сунуштаган демилгеси үчүн сыйлык алган Мурзапаша Маматов жөнүндө маалымат таба алдык. Ал эч кандай кызматта болбой туруп, айылына суу чыгарууну демилгелеген. Сыйлык берүүдө да "долбоор ээси" деп гана көрсөтүлөн.
"Мамлекеттик сыйлыктар сатылып жатат", "мамлекеттик сыйлыктар татыксыздарга берилип жатат", "мамлекеттик сыйлыктарды кыскартуу керек." Бул сыяктуу пикирлер көп жылдан бери коомчулукта байма-бай айтылып келет. Айрым сыйлык алган жарандарга карата сын айтылган учурлар бар. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө мораторий киргизүү аракети болгон. Бирок Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, кабыл алынбай калган.

Азыркы Президент Садыр Жапаров да буга чейин сыйлыктардын сатылып келгени жашыруун эместигин айтып, мындан ары мамлекеттик сыйлыктарды берүүдө чектөө болоору тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине интервью берген эле.
"Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен. Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз. Болду ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз", - деген Жапаров.
Башкача айтканда, азыркы бийлик "сыйлык ээлерин татыктуу тандоо башталды" деп ишендирип жатат.
Сыйланып кийин соттолгондор
Алдыңкы сыйлык ээлеринин катарында мамлекеттик жетекчилик кызматта турганда сыйланып, бирок бийлик алмашкандан кийин кайра кылмыш иши козголуп, соттолгондор ондоп саналат. Арасында мамлекетке жылдап кызмат өтөбөсө да бийлик менен чогуу кызматка келип, президенттин ишенимдүү кадры катары калың журтка таанылгандары бар.

Жогорку сыйлыктын бир нече түрүн алгандар
Мамлекеттик эң жогорку сыйлыкты бир эмес, бир канча ирет алгандардын сап башында белгилүү хирург, профессор Мамбет Мамакеев турат. Андан кийин эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.
Дагы 18 адам жогоруда айтылган сыйлыктардын үч түрүн, 111 жаран эки түрүн алган.
Өлкөнү башкарган алты президенттин арасында Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев гана сыйлык алышкан. Жээнбековго Роза Отунбаева "Даңк" медалын ыйгарган. Ал эми Атамбаевге Акаев "Даңк" медалын, Бакиев "Данакер" орденин, Отунбаева II даражадагы "Манас" орденин жана Жээнебеков "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын тапшырган.
Материалды даярдагандар: Кенжебү Мамасыдыкова, Зыягүл Болот кызы, Наргиза Анарбай кызы
Дата-редактор: Савия Хасанова

"Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн макаланын авторлору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес."