ВИЧ жыныстык жол менен көп тарап жатат
Бир үй-бүлөдө төрт адамдан ВИЧ аныкталган
Өлкөдө ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. 2023-жылдын ноябрь айына чейин 13 миң 113 адам ВИЧ илдети менен жашап келет. Дарыгерлер мигранттар арасында оору көп чыгып жатканын, бир үй-бүлөдөн 3-4 адамдан табылган учурлар бар экенин айтып берди.
Венера бир учурда эки ооруну жуктуруп алган
Венера (аты өзгөртүлдү) Орусияда иштеп жүрүп, бир учурда эки илдетти — кургак учук жана ВИЧ жугузуп алган. Негизи ал ишиндеги талап боюнча алты ай сайын анализ тапшырчу. Оору өзүнөн аныкталганда бир топко чейин депрессиядан чыга албай кыйналган.
Венера
Биринчи ооруганда бир жагынан кургак учук, бир жагынан ВИЧ болуп аябай кыйналганмын. Эки илдетти алып кетүү кыйын болгон. Ооруну алгач укканда катуу стресске түштүм. Бирок дарынын күчү менен азыр кадимки адамдарга окшоп жашайм. Ооруп калып, ушуну менен өлүп каламбы деген дагы ойлор болду.
Венера ВИЧти жолдошунан жуктуруп алдым деп күмөндөнөт. Жубайлар азыр эки жолго түшкөн. Жолдошу менен Орусияда таанышып, ошол жактан баш кошкон. "Ал оң-солго көп баскандыктан ушундай тагдырга туш болдум" деп күйөөсүн күнөөлөп жатат. Бирок ага бир ооз да оорусу тууралуу айткан эмес.
Мен экинчи жолу Орусияда турмушка чыктым. ВИЧти күйөөмдөн жуктурдум деп ойлойм. Себеби ал терс жолго баскан киши эле. Жолдошум экөөбүз мен ооруганда ажырашып кеттик. Башка сүйлөшкөнүбүз жок. Ага оору тууралуу айткан жокмун. Укса деле эркек киши моюндабайт го дейм.
Венерадан эки оору бир убакта аныкталганда күн сайын 30га жакын дары ичкенге туура келчү. Эки жыл кургак учукка каршы эмдөөдөн өтүп, азыр толук айыккан. ВИЧке каршы өмүр бою дары ичиши керек. Оору тууралуу бир туугандарына, жада калса ата-энесине да айткан эмес.
Туугандарыма ВИЧ тууралуу айтканым жок. Алар билишпейт, эки жыл болуп калды. Өмүр бою айтпай эле коёюн деп чечтим. Себеби бир тууганың болгон күндө деле туура эмес кабыл алганы болот. Жакындарым кыжаалат болот деп ойлосом, кээде алам менден алыстап, туура эмес түшүнөбү деп корком.
Венера ар бир адам өзүн сакташ үчүн турмуш куруп жатканда ВИЧке анализ тапшырууну сунуштайт. Ошондо ооруну алдын алууга болот деген пикирде.
Жаштарга эле эмес, үй-бүлөлүүлөргө да айткым келет. Аялбы, эркекпи өздөрүнүн кайда барса да сакташсын. Таза жол менен жүрсүн. Үй-бүлө куруп жатканда эки адам тең уялбастан тест тапшырышсын. Ал эми ВИЧ менен ооруп калгандарга айтарым, жашоо улана берет экен. ВИЧ коркунучтуу оору деп айтышат. Бирок жашоону кадимкидей жашап улантса болот. Эч качан чөкпөгүлө. Өзүңөрдүн жашоону шаңга бөлөп жашагыла.
Венера
ВИЧти 90% адам жыныстык жол менен жугузуп алууда
Кыргызстанда 1999-жылдан баштап ВИЧ аныкталып таркай баштаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматында дарт аныкталгандан баштап, 2022-жылы ооруну жугузгандардын саны эң көп болгон.

ВИЧ – бул адамдын иммундук жетишсиздиги. Ооруга чалдыккандардын көбү илдетти жуктуруп алганын билишпейт. Бир нече жыл бою дени сак адамдардай жүрө алат. Жыныстык жол менен, энеден балага, кан аркылуу жугат. Төрт баскычтан туруп, акыркысы СПИД.

ВИЧ илдетин жуктургандардын саны акыркы эки жылда өсө баштаган. 2012-жылга чейин кан аркылуу, ийне сайуу жолдору менен оору тараса, андан бери дээрлик 90%ы жыныстык жол менен жугуп жатат.
ВИЧ жана СПИД жуктургандардын беш жылдагы статистикасы
2018-жылдан 2022-жылга чейин ВИЧ жана СПИДди 4050 адам жуктуруп алган. Бул илдет эркектерден көп аныкталып, беш жыл ичинде 2389 эркектен инфекция табылган. Төмөндө ооруну жуктурган эркектердин акыркы беш жылдагы статистикасы көрсөтүлдү.
жугуу жолдору:
ийне жана кан аркылуу
жыныстык жол менен
энеден балага
белгисиз
2018
127
302
13
67
2019
107
276
14
57
2020
44
263
5
47
2021
26
371
12
63
2022
20
518
9
51
Ал эми бул графикада оору аныкталган кыз-келиндердин статистикасы. Расмий маалымат боюнча, беш жылдан 1661 аял илдет тууралуу суук кабарды уккан.
Жугуу жолдору:
ийне жана кан аркылуу
жыныстык жол менен
энеден балага
белгисиз
2018
13
247
12
39
2019
1
289
4
43
2020
5
228
6
76
2021
8
285
12
23
2022
2
369
11
26
Мигранттар арасында ВИЧ көп чыгып жатат
Былтыр он айда Ош шаарында жана Ош облуста 196 адамдан ВИЧ илдети жаңы аныкталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 40 учурга көп. Көбүнчө мигранттар бул илдетке кабылып, бирок кимден жуктуруп алганын билбегендери бар.
Мектепти бүтүп, бүтпөй жатып эле Орусияга кетишет. ВИЧ жөнүндө түшүнүктөрү аз же таптакыр жок. Ар түрдүү адамдар менен жүрүп, жашап алып жатышат. Ушунун айынан оору өсүп жатат го деп ойлойм. Мага келген адамдардан кимден шектенесиз деп сурасам атын эле айтышат. Толук аты-жөнүн, ал адам тууралуу эч нерсе билишпейт.
Адилет Бурканов ооруну жуктурган адам дары ичип, башкаларга жуктурбай жашаса болоорун айтат. Мисалы, Ошто былтыр кош бойлуу он аялдан ВИЧ инфекциясы аныкталган. Учурда алар менен тыгыз иш алып барылып жатканын, таза балдар төрөлөөрүн билдирди.
Күнүнө бир дары ичип, кадимки кудай берген жашоону жашап, аялы же күйөөсүнө жугузбай жүрсө болот. Бир дары менен эле беш, алты балалуу боло алат. Азыркы учурда 97% бейтаптарыбыз дарысын туруктуу ичип, жакшы жашап жатат.
Өлкөдө 13 миң 113 жарандан ВИЧ аныкталса, анын 12 миң 353сү кыргыз жарандары. Бул илдет эркектерде көп аныкталууда.
ВИЧке акысыз тест тапшырууга болот
Дарыгерлердин айтымдарында, оору өтүшүп кеткенде кайрылгандар көп. Илдет канча кеч аныкталса аны дарылоо оор болот. Мындан улам ар бир жаран ВИЧке акысыз анализ тапшырса болот. Үйүнө, жакын жердеги дарыканага чейин тестти жеткирип берүү кызматы каралган.
Бейтаптар ВИЧти кабыл алгысы келбейт
ВИЧти жуктуруп алгандар коомдон обочолонуп, эч кимге ачылбай калышат. Адистердин айтымында, бейтап алгач дарыдан баш тартып, кадимкидей качат. ВИЧ, СПИД жуктуруп алган адамдар менен 37 жылдан бери иштеп келген Гүлиза Боромбаева үч айлык тынбай түшүндүрүүдөн кийин гана жаран ооруну кабыл ала баштайт дейт.
Гүлиза Боромбаева

Ош облустук вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздигин көзөмөлдөө борборунун диспансердик байкоо жана дарылоо бөлүмүнүн дарыгери
Ошондуктан бир адам менен чоң топ иш алып барабыз. Дарыгер, психолог, өзү ушул илдет менен ооруган адамдар менен иштешип, вирус жуктурган жаранга түшүндүрүү иштери жүрөт. 3-4 айдан кийин балалуу болсом болобу, үйлөнсөм болобу, кантип өзүмдү алып жүрүшүм керек деп ачылып суроо бере башташат.
Бейтап бир калыпка түшкөндөн кийин вирусту жандантпоо үчүн ВИЧке каршы өмүр бою күнүнө бир дары ичиши керек. Эгер ичпей койсо дарыга туруктуулугу жоголуп, таасир этпей калат. Бул учурда башкасы кошулат. Ар бир бейтап ай сайын, жакшылары үч айда бир келип анализ тапшырып кетишет. Чет өлкөгө кете тургандарга дарылары алдын ала берилет. Гүлиза Боромбаева ишке жарамдуулардан оору көп чыгып жатканын айтып, бир эле үй-бүлөдө 3-4 адамдан ВИЧ жугузган учурларды айтты.
Күйөөсү, аялы жана баласынан вирус аныкталып калды. Мен энемин, дарыгермин. Мага өтө катуу тийгени бир үй-бүлөдөн ушул илдеттен ата-энеси каза болуп, беш баласынын ичинен төртүнчү кызында да ВИЧ чыгып калды. Ушул окуядан кийин жумуштан кетейин деген да ой келди. Бирок иштеп жүрөм.
Дарыгер бир үй-бүлөдөн эркекте же аялда оору аныкталса сөзсүз экинчи адамга айтуу керек деген мыйзам чыгарууну сунуштайт. Себеби айрым бейтаптар ооруну угуп, жок болуп кетишет. Эгер жакын адамы билсе, моралдык жактан жардам берип, дары ичүүсүн көзөмөлдөөгө жардам бермек деген пикирде.
"Эгер ВИЧ жолдошунда чыгып калса, аялына сөзсүз айтылсын же тескерисинче жолдошуна маалымат берилсе жакшы болмок. Жок дегенде адамдын эң жакыны билсе дейм. Мыйзамга да ушундай өзгөртүү киргизип койсо болот. Дарыгерлер "дарыны ич, өзүңдү жакшы кара" деп эле көргөзмө бере алабыз. Адамга материалдык, моралдык жактан дайыма жардам берип, колдоо берген анын эң жакыны", - дейт Боромбаева.
Учурда ВИЧ илдетин жуктургандар менен иштөөгө психолог жетишпейт. Вирус жуктуруп алган адамдарга психологиялык жактан жардам берүү өтө маанилүү.

Кыргызстанда ВИЧ аныкталгандан бери 2023-жылдын ноябрь айына чейин 3261 жаран илдеттен каза болгон. Анын 832си СПИДден улам өлгөн. Учурда өлкөдө 1314 жаран бул оору менен күрөшүп жатат. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы жылдарда СПИД - ВИЧтен көз жумгандар көбөйгөн. 2020-жылы ВИЧ инфекциясынан түздөн-түз 78 өлүм катталган. Анын 30у аял, 48и эркек. Каза болгондордун көпчүлүгү эмгекке жарамдуу курактагылар.
Мен ВИЧти жеңем!
Жашоо өзү бир керемет таттуу. Мен жакшы күндөрдү эстеп калганга аракет кылам. Эч качан чөкпөш керек. Эч качан үмүттү үзбөш керек. Өзүнө карап жүрсө жашоо улана берет. Туура жакшы күндөр да болот, жаман күндөр да болот. Ооруну жеңем деп ишенем. ВИЧ жөнүндө эч кимге сырымды айтпайм, унутканга аракет кылам. Бул сынактын артынан жакшы күндөр келет деп ишенем.
— Венера
Макаланын видеосун төмөндөгү ссылка менен да көрсөңүз болот.
Автор
Зыягүл Болот кызы