www.t-media.kg
Жалбыракты өрттөгөндөр
23 миң сом айыпга жыгылат
Күз мезгилинде жерге түшкөн жалбырактарды өрттөөнү көпчүлүк адатка айланткан. Бирок анын зыянын баары эле аңдабайт. Мыйзамдагы тыюуларды эскерткенине карабай бул көрүнүш токтобой келүүдө. Экологдордун билдиришинче, өрттөлгөн жалбырактан чыккан түтүн өзү менен кошо зыяндуу заттарды да абага таратат. Жалбырак өрттөө сезону эмнеси менен кооптуу? Ал адам организимине кандай таасир этет?
Өсүп турган жалбырак зыяндуу нерселерди өзүнө тартып алганы менен, күйгөндөн кийин анын баары абага тарайт. Эколог Абдижапар Аккуловдун пикиринде, бир тонна кургак жалбырак өрттөлгөндө, абага 10 килограмм зыяндуу чыгынды бөлүнөт. Адис уулу заттар адамдарга гана эмес тамак-аш, өсүмдүктөргө да терс таасирин тийгизерин белгилейт.
«Дарактар жаз, жай мезгилдеринде абадан зыяндуу заттарды топтоп,сиңирип алат. Аны өрттөгөндө зыяндуу заттар түтөп, бөлүнүп чыгып, чөйрөгө терс таасирин тийгизе алат. Азыр күз мезгили. Бул айларда аба бир кыйла ным болгондуктан быкшып, чала күйгөн жыттын өзү газ катары айлана чөйрөгө өтө зыян алып келет. Анан алардан бөлүнүп чыккан заттардан алыс таркай албай көчөдө ачык соода кылып жаткан азык-түлүктөргө жайгашып калышы мүмүкүн. Биз аны жууп жейбиз, кээде жуубай жейбиз, бышырып жейбиз, бышырбай жейбиз. Ушул факторлор зыяндуу заттардын организмге түздөн-түз келип калышына себеп болот»

Аккулов жалбыракты өрттөбөстөн жерге аң казып, ошол чуңкурга аларды чогултуп, үстүн жаап сактоону сунуштайт. Бул алты айдан кийин аны кайра эле жер семирткич катары колдонгонго жакшы мүмкүнчүлүк.
«Туура колдонуунун бирден-бир жолу аларды топтоштуруп биогумуз өндүрсөк болот. Эч качан шаардын ичинде, айылда, алыскы аймактарда үйлөрдүн короолорунда аны жагып, түтөтүүгө жол бербешибиз керек. Бул дайым олуттуу, маани берүүчү масале экенин эскертип турушубуз керек»,
- дейт эколог.
«Тамекинин түтүнүнөн 300 эсе кооптуу»
Түшкөн жалбыракты өрттөө адам организми үчүн кооптуу. Ыш адамдын организмине киргенден кийин, андагы зыяндуу заттар муунтуп, дем алуу органдарынын спазмасына жана катуу жөтөлгө алып келет. Ал айрыкча кош бойлуу аялдар жана балдар үчүн кооптуу деген пикирди Саламаттыкты сактоо улуттук институнун адиси Анара Шахматова билдирди.


«
Жыш, нымдуу үймөктөрдүн өрттөлүүсүндө кычкылтек жетишсиз болот. Бул күйүү учурунда көмүр кычкыл газы CO2 эмес, CO башкача айтканда, көмүртек кычкылы пайда болот дегенди билдирет. Бул газдын молекулалары тери аркылуу да оңой өтөт. Анан адам ууланат. Мындан тышкары, көмүртек кычкылы денеде топтолот. Өпкөгө жана андан канга кирип, көмүртек кычкылы (СО) эритроциттерге өтөт. Ал кычкылтектин кирүүсүн толугу менен токтотот. Жалбырактарды өрттөөдөгү зыян кадимки тамекинин түтүнүнө караганда 300 эсе коркунучтуу»

Жалбырак өрттөгөндөргө кандай жаза каралган?
Ош шаарындагы эс алуу жайларындагы жана көчө бойлорундагы түшкөн жалбырактарды эки ишкана жыйнайт. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты калаанын сегиз жеринен жыйналган жалбырактарды ташып чыгарып, аң казып, ошол чуңкурга чогултушат да, үстүнө топурак төшөйт.




«Аны ал жерде чиритип, кийинки жылы гүл, дарактарга жана башка өсүмдүктөргө жер семирткич катары колдонобуз. Алар жер семирткич катары өсүмдүктөрдүн мол түшүм алуусуна чоң жардамын тийгизет»
Ал эми «Ош-Тазалык» ишканасы жалбырактарды полигонго чыгарат. Ылай, таштанды аралашып калгандыктан, аны башка максатта пайдаланууга жарабай калат дейт мекеменин жетекчисинин орун басары Жылдызбек Көчкөнов.
Кыргыз Ресупбликасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинине ылайык, жалбырак өрттөгөндөргө 7500 сомдон 23 миң сомго чейин айып пул салынат. Жалбыракты күйгүзгөндөргө жергиликтүү бийлик көз салат.
Күз мезгилинин айларында бак-дарактардан түшкөн жалбырактарды калаа тургундары таштанды катары эсептеп,өрттөөгө шашышат. Мындай учурлар акыркы күндөрү Ош шаарында көп кездешүүдө.
Автор: Асем Улукбек кызы