Жапайы жаратылыштын 2023-жылдагы күлкү жараткан сүрөттөрү
"Жапайы жаратылыштагы эң күлкүлүү сүрөттөр" (Comedy Wildlife Photography Awards) сынагынын калыстары 2023-жылдагы жеңүүчүлөрлүн эмгектерин атады. Жалпы болуп конкурска миңден ашуун сүрөт келип түшкөн. Жеңүүчүлөр көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен аныкталат.
"Кенгуру жана анын көрүнбөгөн гитарасы"
Биринчи сыйлыкты австралиялык фотограф Джейсон Мурдун "Кенгуру жана анын көрүнбөгөн гитарасы" аталышындагы сүрөтү үчүн алды.

"Мен жашыл, сары гүлдөрү көп жана кооз талаадан өтүп келе жаткам. Анда батыштын боз түстөгү кенгурулары жүрүптүр. Жанымда фотоапаратым бар болгондуктан мен аларга жакын барып сүрөткө тартайын деп жатканымда, менин көзүмө алардын бирөөсү гитара ойноп жаткандай, күлкүлүү позада тургандай болуп көрүндү", -деп сүрөттөгөн автор.

"Кундуз-Баллерина"
Сингапудук Оттер Квектин бул сүрөтү "Суу астындагы жандык" деген номинацияны жеңип алды. Сүрөтчү дарактагы жалбыракка ынтынган кундузду арабеск позасында турган баллеринага окшоткон.
"Талашуу"
Сүрөттүн автору Яцек Станкевиндин айтымында, бул сүрөттү бир тууган эки чымчык тамак талашып, ата-энесине арызданып жатканга окшуштурса болот. Бул эмгек "Көрүүчүлөрдүн тандоосу" номинациясын алган.
"Мен учканды үйрөндүм. Балким жок"
"Суур уча алгандай секирди. Бирок кайра эле жерге жыгылды. Тилекке каршы, анын канаттары жок. Фотограф Тимеа Амбрус эмгегин ушундай баяндаган. Автор сынакта "Кызыктуу интернет портфолио" номинациясын жеңди.
"Бактылуу ташбака"
Израилдик сүрөтчү Цахи Финкельштейн бул эмгегин "Саздагы ташбака мурдуна кокусунан конгон ийнеликке жылмаят" деп сүрөттөгөн.
"Үй-бүлөлүк сүрөт альбому үчүн"
"Бемптон-Клиффс аймагында жарым миллионго жакын деңиз канаттуулары жыл сайын март жана октябрь айларында уя салуу үчүн түндүк деңизди караган бор аскаларына барышат. Асканын башында алардын жашоо кечиргенин көрдүм. Канаттууларда тумшуктарын ушалап, моюндарына ороп саламдашуу ырымы бар. Ошентип, алар өз ара байланышын бекемдейт. Бул сүрөтчүлөр үчүн аларды ар кандай, кызыктуу позаларда кармоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Үйгө келгенче бул сүрөттү тартканымды түшүнгөн эмесмин, кийин аны көргөндө эле каткырып күлүп жибердим", -деп айткан сүрөттүн автору Зои Эшдаун.
"Тропикалык токойдогу денди маймыл"
Бул сүрөт Балидеге маймылдар токою Убуддагы индустардын храмында тартылган. Автор Дельфин Казимирдин баяндоосуна караганда, токойлордо маймылдар "хан" болуп эсептелинет. Алар токойго барган адамдардын, туристтердин колундагы таттуу токочторду алып качышат. Ал жактагы жергиликтүүлөр маймылдар отурукташкан токойду "ыйык жер" деп эсептешет.
"Мырза, сиз тамеки тартканы жашсыз"
"Мен Вирджи токоюнда иштеп жүргөнүмдө үйүмдөн алыс эмес жерде түлкүлөр жашачу. Бир күнү сыртка чыксам, түлкү олжосун кууп дарака асылып, сыйпалап жатыптыр. Чарчаган түлкү оозуна дарактын кичинекей чыбыгын тиштеп жатып калды"-деп айтып берген сүрөттүн автору Дакота Ваккаро.
Comedy Wildlife Photography Awards (CWPA) сынагы тогуз жылдан бери жапайы жаратылыштагы күлкүлүү, кызыктуу жаныбарлардын мыкты сүрөтүн аныктайт. Уюштуруучулар тамаша аркылуу жапайы жаратылышты сактоого, коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылышат.