Азамат Жамшидов Ош электр тармактар ишканасынынын бакшы инженеринин орун басары Айыл өкмөт же Ош шаарынын мэриясы элге жер бергенде инфраструктурасын түзүп бериши керек. Бул алардын милдети. Атайын токтом да бар. Тилекке каршы, жергиликтүү бийлик жер тилкесин берип жатат, бирок инфраструктурасына келгенде каражат жетишпей жатат же бюджет тартыш деп жасабай коет же чала жасайт. Азыр эми ал аймак биздин баланска өтүп калды. Бизге өткөндөн кийин мэрия жоопкерчилик албайт. Эгер, алардын балансында турганда акча бөлүп жасаса болот эле. Биздин баланстагы жерге алар бюджеттен акча жумшаганга мыйзам жол бербейт. А мэриянын балансындагы жерге биздин акча жумшаганыбызга да мыйзамда тыюу салынган. |