Жарыкка зарыккан шаар. Жаңы конуштагы аянычтуу абал
Ош шаарынын Туран аймактык башкармалыгына караган Алай 1 кварталы Советтер союзу учурунда эс алуучу (дачный участок) аймак болуп, өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин кароосуз калган. 2010-жылдан кийин гана калаанын курамына кошулган жаңы конушта эч кандай инфраструктура жолго коюлган эмес. Аймактагылар айрыкча электр энергиясынын азабын көп тартат.
Бул Ош шаарына караштуу Алай 1 кварталынын тургуну Махбурат Үсөнова. Аын жаңы конушка отурукташканына 15 жыл болду. Жаңыдан там салганда, үйдүн жанына бийик түркүк орнотуп, электр энергиясын кошуна үйдөн өздөрү эле тарттырып алышкан. Андан бери Махбырат айымдын жеке жашоосунда көп өзгөрүүлөр болду. Бирок аймактагы жарык маселеси оңолбой эле койду.
Махбурат Үсөнова
Ош шаарынын Алай 1 кварталынын жашоочусу
Мындай эле таякты бышыктап сайып алганбыз. Алгач ага биз зым тартканбыз. Анан бул улана берип, улана берип, мындан ар дагы кеткен. Улам өткөргүчтү жаңылайбыз, улам ал үзүлө берет. Азыр электр энергиясы жарык жандырганга эле жетет. Эч кандай электр шаймандарын колдоно албайбыз. Жайында менин үйүмдө күндүз эч ким калбай калат. Азыр үйлөрдүн баары пластик болуп калган. Күйүп кетпейби деп корком. Уй келет, жылкы келет, сүйкөнөт. Айдайбыз анан, башка айла жок. Электрикттер келип жөн эле акчасын алып кетет. Булар менен бир дагы чатактары жок, текшербейт деле. Электр эсептегич канча болду, кайсы үй жаңы болду? Келет, эсептегичти акчага коет. Элдин көйгөйүн эч ким ойлонбойт.
Мурдагы Дача, азыркы Туран аймактык башкармалыгына караган Алай 1 кварталында дээрлик ар бир үйдө абал ушундай. Жер салыштырмалуу арзан болгондуктан, бул жакка отурукташкандар жыл санап көбөйүп жатат. Мурда ээн жаткан талаа азыр чоң айылга айланган. Улам келген жаңы үй бүлө тамынын жанына түркүк орнотуп, чубалгыны да өздөрү улап алышат.
Миргүл Абдувап кызы
Ош шаарынын Алай 1 кварталынын жашоочусу
Бул жерде жашаганыма он жыл болду. Бир көчөдөгү 13 үй өзүбүз түркүк орнотуп эле, жарыкты бир столбадан тартып алганбыз. Саат төрттөн кийин нан жаба албайбыз, чай кое албайбыз. Духовка, бир плитаны сайсак жарык автоматтык түрдө өчөт. Жамгыр жааган сайын жарык өчөт. Анан бул жерде баарыбыз жарыкты үнөмдөй турган лампочка алганбыз. А жөнөкөй лампочка алсак анын спиралы гана жанат, жарык бере албайт.
Тең жарымынан сынган, бир тарапка оогон, чирип жыгылайын деген тирөөчтөр аймакта кадам сайын кезигет. Кызыгы энергетиктер, жаңы үйгө эсептегич орнотуп, электр энергиясы үчүн акы алып кеткен менен үзүлгөнүн улап, бузулганын оңдой турган кызмат жок. Мамычалар ой келди орноштурулуп, бири узун, бири кыска болгондуктан аба чубалгылары да жер чийип калган.
Каныкей Эрмекбаева
Ош шаарынын Алай 1 кварталынын тургуну
Ушул зымдарга балдар келип эле асылып ойношот. Карап турабыз, көрүп калсак "ал мына балаңы" кыйкырабыз. Укканы угат, укпаганын Кудай сактайт. Биздин үйдүн жанындагы мамы айылдагы эң акыркы мамыча. Мындан ары элдин баары улап кетишкен. Уласа мейли, эми мынтип чубалгынын чубалжып жатканы өтө эле кооптуу да. Бир кырсык болсо ким жооп берет?
Алай 1 кварталынын бир бөлүгүндөгү бул акыбал мурдараак отурукташкандарга да кедергисин тийгизип жатат. Аз калкка ылайыкташкан мамычадан бир канча кожолук электр энергиясын тартып, натыйжада жарыктын жетишсиздиги баардык үйдө көйгөй.
Айрыкча орулуу баланы караган Ракия Жолоновага кыйын болду. Ал наристеси күн-түн атайын аппаратка уланып жатканын, электр энергиясы аба менен суудай зарыл экендигин айтып кейиди.
Ракия Жолонова
Ош шаарынын Алай 1 кварталынын тургуну
Неберем үч аппаратка уланган. Бирин эле үзүп койсоң жашоосу токтойт. Алар электр энегиясы менен иштейт. Ток көбөйүп, кайра өчө берип кислороддук аппаратты бузулуп калды. Жарык өчкөндө шаарга алып жөнөйм. Азыр шаардык больницада жугуштуу оорулар бөлүмүндө оор абалда жатат. Жарык өчкөндө чалып, айтайын десең кызматкерлер телефонун албай коюшат же өчүрүп коюшат. Айла жок баламды шаарга алып түштүм да. Шаарга каттап атып мына эми дагы оору ашырып алдым, шамалдап калды. Же тамак кыла албайбыз же чай кыла албайбыз. Балама тамагын ысытып беришим керек. Оозунан ичпейт. Шлангасы бар, ошол жеринен беребиз. Блендерге майдалатып, сайышыбыз керек. Жарык көтөрө албайт андайды.
Жарыкка зарыккан шаардыктар бир топ жылдан бери Ошко ким башчы болуп келбесин көйгөйүн айтып, даттанып келишет. Эл менен жолукканда жетекчилер убаданы калың берген менен көйгөй ордунан жыла элек. Алай 1 аймагындагы абал менен жаңыдан кызматка келгенде Ош шаарынын азыркы мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышып келген. Андан бери деле эки жылдай убакыт болуп калды. Мекеменин маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов маселе быйыл сөзсүз чечилет деп билдирди. Жыл аягына чейин Алай 1 эле эмес Ош шаарында жаңы миңдин тегерегинде мамыча орнотулушу ыктымал.
Жумамидин Сулайманкулов
Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы
Алай 1де эле эмес, шаарда мамычалар эскирген. Бир эле мамычаны алып берген менен ал жерде ким орноштурат, ким зымын тартат деген маселелер болот экен. Ким орнотот, кызмат акысы кандай болот, зым, мамычаны ким алат, бүт баарын комплекстүү иштеп чыгып, баары бир бүтө турган кылып жасагыла деген тапшырма берди. Азыр аймактык башкармалыктар эсептеп жатышат. Алардан арыз толук келип түшөөрү менен жумуш башталат.
Бирок Ош мэриясында бул иштерди аткаруу үчүн канча каражат кетет, жумуш качан конкреттүү башталат, ким тарабынан жүргүзүлөт, так аныктала элек.
Ал эми Ош электр тармактар ишканасы буга чейин ээсиз жаткан Алай 1 кварталын 2023-жылдын декабрында өз карамагына алганын, бирок быйыл оңдоп түзөөгө каражат каралбаганын белгилешти.
Азамат Жамшидов
Ош электр тармактар ишканасынынын бакшы инженеринин орун басары
Алай 1 дарегиндеги аба чубалгылары, опораларын баланска алган учурубузда 2024-жылдагы оңдоо-түздөө жумуштарына түзгөн пландарыбыз бүтүп калган болчу. Ошон үчүн быйылкы планга кирбей калды. Эми буюрса 2025-жылдын планына киргизебиз. Ага чейин плансыз кээ бир жумуштар чыгып калса Сулайман-Тоо РЭТтин оңдоо бригадалары барып, жасап, аткара берет.
Адатта жергиликтүү бийликтен оңдоп-түзөө боюнча сунуш келсе, Ош электр тармактар ишканасынын техникасы жана жумушчулары акысыз кызмат көрсөтүп берет. Бирок Алай 1 кварталы Ош электр тармактар ишканасынын балансына өткөндөн кийин маселеге жергиликтүү бийликтин кийгилишүүсүнө мыйзам жол бербейт. Мындан улам кварталды электр энергиясы менен толук камсыз кылуу маселеси кандай чечилери белгисиз.
Азамат Жамшидов
Ош электр тармактар ишканасынынын бакшы инженеринин орун басары
Айыл өкмөт же Ош шаарынын мэриясы элге жер бергенде инфраструктурасын түзүп бериши керек. Бул алардын милдети. Атайын токтом да бар. Тилекке каршы, жергиликтүү бийлик жер тилкесин берип жатат, бирок инфраструктурасына келгенде каражат жетишпей жатат же бюджет тартыш деп жасабай коет же чала жасайт. Азыр эми ал аймак биздин баланска өтүп калды. Бизге өткөндөн кийин мэрия жоопкерчилик албайт. Эгер, алардын балансында турганда акча бөлүп жасаса болот эле. Биздин баланстагы жерге алар бюджеттен акча жумшаганга мыйзам жол бербейт. А мэриянын балансындагы жерге биздин акча жумшаганыбызга да мыйзамда тыюу салынган.
Ош шаарынын борборунан болгону он чакырым аралыкта жайгашкан Алай 1 кварталында мурда орнотулган мамычалар деле талапка жооп бербейт. Бири чирип, экинчиси ооп түшөйүн деп калган. Демек, комплекстүү мамиле керек.