Айсулуу көтөргөн желекти
Айткыла, өзгөртүү керекпи
Жаңы тууга карата айтылган пикирлер
Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. 66 депутат "макул" болуп, сегизи "каршы" деп добуш берди. Мыйзам долбоору дагы эки окууда каралат.
Желектин сунушталган жаңы вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.

"Т-Медиа" тууну өзгөртүү боюнча айтылган пикирлерди топтоду.
Демилгечилер
Бул өтө маанилүү маселе. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз.
Ачык айтайын жеке мен эле эмес, көпчүлүктүн пикири менен, президент Садыр Жапаровдун кеңеши менен туунун ушул варианты чыкты. Себеби ал киши да "Кайсы өлкөгө барсам көпчүлүк учурда менден "Силерде күн караманын орду канчалык? Күн караманын өлкөсүсүңөрбү?" деген суроолорду тынбай берет" деп айтып атат. Коомчулукка туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бир дагы унаанын мамлекеттик номери туу өзгөргөн күнү же ошол айда алмашпайт. Бардыгы өзүнүн кезеги менен жаңы номер алынып жатканда гана алмашат. Мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат кетпейт. Биздин 32 өлкөдө элчиликтерибиз бар, ошолордун жана республикадагы мамлекеттик мекемелердеги туулары өзгөрөт. Анын баарын эсептегенде 150нүн тегерегиндеги туу өзгөрөт экен. Чыгымдын баарын төлөп беребиз деген демөөрчүлөр дагы бар.

Нурланбек Шакиев
Мыйзам долбоордун демилгечиси, спикер
2004-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын үчүнчү беренесинде тууну сүрөттөө бөлүгү келтирилип, анын түсү жана схематикалык чагылдырылышы тиркелген. Бул мыйзам долбоору 2004-жылы кабыл алынгандан кийин ондон ашуун оңдоолор жана түзөтүүлөр киргизилген. Тактап айтканда, техникалык жактан оңдоолор болгон маселен, тууда техникалык маселелер болгон. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурунун көрүнүшүн кабыл алууда күн караманын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы дилемма пайда болгондуктан, мындай көп варианттагы маанини жоюп, бир түз маанидеги гана туюнткан сүрөттөлүшкө жетүү үчүн чараларды көрүү убактысы келди деп эсептейбиз.

Улан Примов
Мыйзам долбоордун демилгечиси
Бийлик
Ооба, мамлекетибиздин туусу боюнча депутаттардын демилгеси тууралуу барыбыз кабардар болбодукпу. Негизи мен бул идеяны колдоймун. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ал тургай, өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, "бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы" деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон. Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген. Эми ушул вариант кудай буюруп кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот (күлүп). Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз деп жакшы ниет кылалы.
Садыр Жапаров
президент
Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар, менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек!Туубузга карап түздөлөбүз,урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат, демек күн карама болбостон тике тийген,күндөй жаркыраган белги берилиш керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун. Күндүн нурундай жаркыраган Туубуздун алдында бир муштумдай бирдиктүү бололу.
Камчыбек Ташиев
УКМКнын төрагасы
Авторлор
Негизги концепцияны өзгөртпөшүбүз керек деп бир сүйлөшкөнбүз. Кийинки жолу Шеримкуловду кошо чакырыптыр. Ал "эч качан макул болбогула" деди. Биз кадимкидей кубанып калдык. Матаев болсо унчукпайт. Көрсө мурда эле сүйлөшүп алыптыр. Бул деген абсурд. Тууну ыйык деп билебиз да. Автор болгондой кийин жүрөгүңдөн жаралган балаң сыяктуу эле. Эгерде түшүндүрүп, аргумент жасап туруп, далилдей ала турган болсо, эч ким каршы болбойт болчу. Бул жөн эле өзүнүн жеке амбициясын кылып жатат да.

Бекбосун Жайчыбеков
Желектин авторлорунун бири
Биздин алгачкы 1992-жылкы туудагы күндүн нурлары ушундай түз болчу. Азыр кайрадан алгачкы вариантка кайрылууга туура келип калды. Биз ушул вариантка токтолдук.

Жусуп Матаев
Желектин авторлорунун бири
Депутаттар
Коомчулукта, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүк эл каршы болуп жатканын айтып коёюн. Эртең бизге келгенде да маселе болуп кетпесин. Биз желектен башка нерселерди эле жасайлычы, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле коёлучу. 30 жылдан бери мамлекеттин эн тамгасы болгон желегибиз - бул күндүн нуру. Эгерде дагы бир жаза тайып, башка иштерибиз коккодон болуп турганда, туубуз жөнүндө алектене турган болсок, эртең эл бизди кечирбейт.
Мирлан Самыйкожо
Жогорку Кеңештин депутаты
Тууну өзгөртүү бул 7 миллион элдин жүргөнүнөн өтө турган маселе. Бул өзгөрүү ар бир Кыргызстандын жаранына тийиштүү. Өзүңүз айттыңыз (ред-Улан Примовго айтып атат) тууну өзгөртүүнү колдогондор да бар, колдобогондор да бар. Туура айттыңыз. Бирок биз ошону салмакташыбыз керек да. Бул чоң оорчуңду маселе. Эл кабыл ала турган маселе. Буга биз кылдат мамиле кылышыбыз керек.
Дастан Жумабеков
Жогорку Кеңештин депутаты
Тууну өзгөртүү менен ырым, жакшы ниет кылып атабыз. Күнкарамага туубуз окшоп калганы үчүн биз да күнкарамага окшоп ар мамлекеттен карызга алып жашап жүрөбүз бүгүнкү күндө. Ушуну негиз келтирсеңер мен ишенет элем. Мына, караңыздар, канча жылдан бери секирик жасай албай, мамлекетибиздин экономикасын көтөрө албай атабыз деп айтсаңар болмок. Биз бир гана ушул мааниде коомчулукка айта алабыз, күнкарамага окшоп калган үчүн өзгөртөбүз деп. Кыргыз ырымга жакынбыз, ушуну эгер оңдосок, мамлекетибиз оңолуп кетет деген мааниде болсо коомчулук да туура түшүнүп, биз да муну колдойбу.
Мейкинбек Абдалиев
Жогорку Кеңештин депутаты
Бир гана желекти карабастан мүмкүн гиминди да карап, өзгөрткөнгө жараша ар тараптуу, өтө терең мамиле кылып туруп өзгөртпөйлүбү?
Динара Ашимова
Жогорку Кеңештин депутаты
Мен биздин желекти көргөн жокмун. Бирок аң-сезимим менен кандай туу болбосун өлкөнүн өсүп-өнүгүшүүнө тоскоолдук кылбай турганын түшүнөм. Өзгөртүүнүн маани-маңызын көрө алган жокмун. Андыктан мен каршы добуш берем.
Дастан Бекешев
Жогорку Кеңештин депутаты
Желекти өзгөртсө анын ыйыктыгы жоголуп, өлкө эгемендүүлүгүнө доо кетет деп жатышат. Бул кандай кош стандарттуулук? Буга чейин гимдин экинчи сабын өзгөртпөдүк беле? Анда эмнеге сокралдуулук жоголбойт? Анан кантип эле желекти оңдоп-түзөсө бардык нерсе өзгөртүп кетиши керек? Биз желекти түп тамыры менен өзгөртүүгө каршыбыз. Бирок азыр оңдоп-түзөө деп жатпайбы. Ушул иштердин аркасынан саясатташтырып, өлкөгө, өлкө башчыларына, Жогорку Кеңешке, депутаттарга ар кандай пикирлер айтылып жатат.
Балбак Түлөбаев
Жогорку Кеңештин депутаты
Коомчулук
Тууну алмаштырганга карамандай каршымын! Эмнеге деген суроого кеминде миллион жообум бар. 3-март 1992-жылы, кыргыздын мен деген асыл, патриот, билимдүү, илимдүү инсандары отурган, легендарлуу парламент кабыл алып бекитти эле го. Же азыркы парламент алардан өзүңөрдү жогору коюп жатасыңарбы?
Жок дегенде ошол улуу инсандарга, алардын арбагына (көпчүлүгү кайтыш болгон) сый-урмат көрсөтсөңөр боло. Канчалаган өмүрлөр кетти. Канчалаган чемпиондорубуз дүйнөлүк ареналарда желбиретти.
Орзубек Назаров, Раатбек Санатбаев баш болгон, азыр Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы жана башка баатырларыбыз канчалаган тер агызып, канчалаган эмгек кылып ушул желектин духу менен, күчү менен жеңишке жетип, желбиретти эле го. Алардын мээнетин сыйласак боло. Бул керемет кооз желекте эмне күнөө? Болбой жатса аракет кылып алмаштырууну өзүбүздөн, тегеректеги жардамчылардан, кеңешчилерден баштабайлыбы? Бул күндөр да өтөт. Шакиевден кийинки келген да "алмаштырам" деп чыкса эмне болот?

Кадыр Сайдилкан
Эгемендүү Кыргызстанда туулуп, жашап жаткандан бери бир эле желегибизди тааныйм. Ошол желегибиздин дүйнөлүк аренада желбиреши үчүн канча деген күч-кубатыбызды, мээнетибизди жумшап жатабыз.
Айсулуу Тыныбекова
Туунун жаңы төмөнкү сүрөттөгүдөй вариантын сунуштап, бүгүн талкууга коюлду дешет. Бир караганда кандай ой туулат. Бир даары "тикенек" дешти. Туура, тикчийип тикенектей болуп турат. Бир даары жыгач тилген циркулярдык (айланма) араа деши мүмкүн... Туура, ага да окшошот экен. Бирок баягы күнкарамадан деле алыс эмес, ага деле окшотсо болот го дейм. Күнкарама бойдон эле калган турбайбы деп.
Бирок мен муну "ЖАҢЫ ЖАШОО СИМВОЛУ" дейт элем. Анткени бул жаңы өмүр, жаңы түйүлдүк жаралуу учурун көрсөтүп тургандай. Ошону элестетип, баягы анатомия сабагындагы сүрөттөргө окшошуп, сперматозоиддер жыбырап, жумуртка клетканы тегеректеп, аламанга түшүп жаткандай. Ал эми ичинде болсо чатырашталып жаңы жашоо пайда болууда. Бул вариант кабыл алынып калса кийин дагы бир заманда туубуз кайра калыбына келгенге чейин ошентип, өзүбүздү-өзүбүз жооткотобуз да, айла жоктон, биздин туубуз "жаңы жашоонун" символу деп. Негизи, ушинтип улам бир жоромол жаратпай эле, "жасайм дедим жасайм, кылам дедим кылам, өзгөртөм дедим өзгөртөм" деген кара өзгөйлүктү таштап, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн символу болуп калган кыргыздын нур чачып турган алтын түндүктүү кызыл туусун жайына коюп коюшса туура болмок.

Эмилбек Каптагаев
Жаңы туу менен алтындарым! Бул башталышы эле, алдыда дагы чоң өзгөрүүлөр күтүп турат.
Рысгүл Акимжанова
Өзгөртсөк биз эгер желекти
Армандар заматта жоголуп,
Айлана гүлзарга оролуп,
Кетери аныкпы кыргыздын,
Кейиштүү турмушу оңолуп?
Өзгөртсөк биз эгер желекти
Чет өлкө карызын кечишип,
Чекара чырдабай чечишип,
А балдар кудуңдап сүйүнүп,
Калабы китептер жетишип?
Өзгөртсөк биз эгер желекти
Жашоого жарык нур түшүргөн
Жаралып алтын доор күтүлгөн.
Кең Бишкек калабы арылып,
Кейштүү тыгындан, түтүндөн?
Өзгөртсөк биз эгер желекти
Суктана карашып картаны
Башкалар мыкты деп айтабы?
Чет жерде тиштенип иштеген
Жердештер өлкөгө кайтабы?
Өзгөртсөк биз эгер желекти
Бардык жан сүйүнүп барбаңдап.
Күткөн күн келеби армандап
Маяна кепкенен жетеби,
Май, күрүч, макорон арзандап?
Өзгөртсөк биз эгер желекти
Өзгөнү мындай кой, оболу,
Билгилер билимдүү болобу?
Токтомун ой келди токуган
Токтойбу чоңдордун жомогу?
Айсулуу көтөргөн желекти
Айткыла, өзгөртүү керекпи?!
Акжолдор көтөргөн желекти
Айткыла, өзгөртүү керекпи?
Өнүгүп кетүүгө айгакпы?
Өзгөртүү зарылбы байракты?

Улук Омокеев
Дүйнөгө таанымал кыргыз туусун өзгөртпөгүлө!
Айбек Турдалиев
Тууну өзгөрттү боюнча мыйзам долбоорду парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Улан Примов иштеп чыгып, 29-сентябрда коомдук талкууга чыгарышкан. Долбоордун максаты мамлекеттик символду жакшыртууга багытталганы жазылган. Алардын пикиринде, туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылат.

Кыргызстандын азыркы мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков.

Кызыл түстөгү туунун ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдөгү кырк нурлуу күн түшүрүлгөн. Анын ичинде кызыл түстөгү кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Желектин кызыл түсү эрдикти жана тайманбастыктын символу катары тандалган. Ал эми түндүк - үйдүн кутунун символу, күндүн кырк нуру кыргыздын кырк уруусунун Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.