Журналист, блогер, активисттерди сотко жетелеген жыл
Кыргызстанда быйыл бир күндө 11 журналист жапырт кармалып, камакка алынды. Төртүнчү бийлик аталган ММК өкүлдөрүнүн иши алигиче соңуна чыга элек. Мындан башка да бир катар журналисттер суракка алынып, айрым басымалардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, жабылып да калды. Кылмыш жоопкерчилигине түрдү беренелер менен журналисттер эле эмес коомдук активисттер, жадагалса акындар да тартылды.
Журналисттердин айланасындагы окуялардын хронологиясын сунуштайбыз
15-январь
УКМК 24.kg басылмасынын кеңсесин тинтүүгө алып, башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы суракка алган. Аталган басылмага Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси Согушту пропагандалоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Бул окуядан кийин март айында Асел Оторбаева жана Махинур Ниязова иштен кетишти. 24.kg басылмасынын жетекчиси болуп Алмас Турдумаматов келген.
16-январь
16-январь: Ички иштер министрлиги Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Алар — Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Сапарбек Акунбеков жана Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков.
Он бирине тең “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Азыркы тапта жетөө эркиндикке чыгып, экөө 10 айдан кийин үч жылдык пробациялык жаза менен бошотулду. Ал эми Махабат Тажибек кызы алты жылга, Азамат Ишенбеков беш жылга абакка кесилди. 18-декабрда Бишкек шаардык соту төрт журналисттин ишин карап, Ленин райондук сотунун абакта калсын деген чечимин күчүндө калтырды.
16-июль
Жогорку соттун чечими менен "Клооп Медиа" коомдук фонду толугу менен жабылды. Басылманын орус тилиндеги сайты былтыр 12-сентябрдан тарта жабылган. Ага "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал "чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп Маданият министрлигине кайрылган. Министрлик ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу "фейктер жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде "Клооптун" кыргыз тилиндеги сайтын бөгөттөгөн.
8-октябрь:
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен эркиндикке чыкты. Ал өткөн жылдын 23-августтунда “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айыпталып, камакка алынган болчу.
23-декбарь:
NazarNews басылмасынын жетекчиси Гүлжан Шерипбаева акталды. Ал былтыр 16-ноябрда кармалып, ага диний кастыкты козутуу беренеси менен айып тагылган.
Эркин ой пикир билдирүү жана сөз эркиндигине тиешелүү кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандардын арасында активист, блогерлер, аларды коргоп жүргөн адвокаттар да бар.
16-март: Атайын кызмат акын Аскат Жетигенди кармады. 18-мартта эч жакка чыкпоо тилкаты мененбошотуп, кайра эле 20-мартта камакка алган. Төрт айдан кийин "Бийликти басып алууга чакырык" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Анын кармалуусуна соцбаракчасына бийликти сындап, сөгүнгөн видеосу себеп болгон.
12-август: УКМК журналист, ютубер Адыл Акжол уулун кармаганы белгилүү болгон. Ага “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренеси менен айыпталып, беш айдан кийин тагыраагы, 9-декбарда сот аны бошотту.
1-ноябрь: Желекти өзгөртүүгө каршы чыккан активист Автандил Жоробеков "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 70 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Ал былтыр 9-декбарда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп, тынч акцияга бир күн калганда камакка алынган. Активист жети айдай абакта болду.
29-ноябрь: журналист Актилек Капаров жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду УКМК 29-ноябрда кармап, 30-декабрга чейин камакка алган. Ага “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголду.
Журналисттер, активисттер өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып, кармоолорду иликтөөлөрү жана пикири менен байланыштырып келишет. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, 2024-жылы Кыргызстан массалык маалымат каражаттырындагы сөз эркиндиги боюнча 120-орунга түшкөн. Ал эми кыргыз бийлиги бул көрсөткүчтөргө карабастан өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ар бир жаран өз оюн ачык, эркин айта аларын белгилеп келет?