Депутаттардын эсте калган демилгелери
Быйыл парламент көп эле жолу коомчулуктун талкуусунда калды. Жогорку Кеңештин трибунасында мал-жандыкка салык салуудан баштап, бейөкмөт уюмдарды "тыңчы" деп атоо сыяктуу демилгелер көтөрүлдү. Малга салык салуу демилгесин куудулдар шакабага айлантып, жаңы төрөлгөн козуларына жөлөк пул сурашты.

Эл өкүлдөрү кайсы мыйзам долбоорлору менен элдин эсинде калды? Кайсы мыйзамдар кабыл алынып, кайсыларын артка кайтарышты? Деги Жогорку Кеңеш көз карандысыз бийлик бутагы боло алдыбы? "Т-Медиа" 2023-жылда көтөрүлгөн жана кабыл алынып, коомчулукта талкуу жараткан чуулгандуу мыйзам долбоорлорун топтоштурду.
Мамлекеттик туу
Жыл ичиндеги эң кызуу талкууланган мыйзам долбоордун бири мамлекеттик желекти өзгөртүү демилгеси болду. Тууну өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыгышкан. Бул документ сунушталгандан тарта коомчулук каршы экенин билдирип, ал тургай Бишкекте тынчтык акциясы да өттү. Бир катар адамдар парламентти жана президентти демилгеден баш тартууга үндөшкөн. Сунушту айрым маданият ишмерлери сындап чыкса, спортчулар дагы каршы экенин айтышкан. Бирок ага карабай 20-декабрда парламент депутаттары желекке өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул колдоп беришти.

Парламент кабыл алып койгондон кийин президенттин атына да мамлекеттик символиканы өзгөртүү мыйзамына кол коюудан баш тартуу чакырыктары жолдонуп жаткан. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип, туу жөнүндө пикирин айткан. Ал желекти алмаштырууга каршы экенин, өзүндө эскиси бар экенин жана жаңысын сатып алуу планы жоктугун билдирген.

Социалдык тармакка чыккан бул жаңылыктын алдына УКМКнын тарагасы Камчыбек Ташиев мынтип комментарий калтырган.
Ташиевге удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирүү тараттты. Байсалов алдыда боло турган эл аралык спорттук мелдештерде, Олимпиада оюндарында спортчулар жаңы тууну көтөрүп чыгарын белгилесе, Туманбаев мамлекет спортчуларга, акын, манасчыларга шарт түзүп жатканын, символиканы сыйлабагандар мамлекеттен жообун алаарын эскертти. Бийликтегилердин мындай билдирүүлөрүн коомчулук коркутуу катары кабылдады.
Коомчулуктун нааразычылыгына карабай 23-декабрда кечкурун өлкө башчы Садыр Жапаров талаш жараткан мыйзамга кол койду. Баса, желекке өзгөртүү идеясы ага таандык экени экинчи Элдик курултайда белгилүү болгон.
Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам
Кыргызстанда сырттан каражат алган бейөкмөт уюмдарды жана жарандарды "чет элдик тыңчы" деп атоого багытталган мыйзам долбоор 2013-жылдан бери сунушталып келе жатат. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыкты. Учурда документ Жогорку Кеңештин кароосунда.

Нарматованын мыйзамында бейөкмөт уюмдардын ишине бир топ тескөөлөр бар. Маселен, "чет элдик өкүлдүн функциясын аткаруучу бейөкмөт уюмдар" деген категория киргизилип, бир катар милдеттер жана талаптар жазылган. Алар аткарылбаса уюм жабылып калышы ыктымал.

Башында Нарматова менен бирге демилечи топко 32 депутат кирип, кийин айрымдары авторлорлуктан баш тартышты. Алар муну документте ашыкча чектөөлөр бар экени менен жана алардын ордуна башкалар кол коюп кошуп коюшканы менен түшүндүргөн.

"Адилет" укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын "Чет элдик агенттер жөнүндөгү" мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Мындан тышкары 120 уюм парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен. Бирок 15-16-декабрда Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров документти толук колдой турганын ачык билдирди.
Сөз эркиндигин тооруган ЖМК мыйзамы
Кыргызстандын медиа коомчулугун тынчсыздандырып жаткан "ЖМК жөнүндө" мыйзамды былтыр ноябрда президенттин администрациясы сунуштап чыккан. Анда медиа мекемелердин, журналисттердин иштөө тартиби, маалыматты топтоо жана аны таратуунун жол-жоболору жазылган. Президенттик администрация 30 жыл мурун кабыл алынган "ЖМК жөнүндө" мыйзам эскиргенин, аны жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын белгилеп жатат. Негизги аргументтердин бири - азыркы мыйзамда маалыматты интернет аркылуу тараткан медиа каражаттардын иши тескелбей жатканы көрсөтүлгөн.

Бул мыйзам долбоор алгач сунушталгандан тарта эле коомчулуктун талкуусунда. Медиа эксперттер менен юристтер документтеги көп нормалар толугу менен Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын жана ал өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратарын айтып келет.

Мыйзам долбоордун мазмунуна келсек, сунушталып жаткан документке ылайык, өлкөдө медиа мекемелерди көзөмөлдөө күч алчудай. Анткени ММКлардын үстүнөн эми бир нече мамлекеттик орган карайт. Маданият министрлигинен сырткары Юстиция жана Санариптик өнүктүрүү министрликтери каттоо, лицензия берүүгө жана текшерүүгө аралашат. Ал эми теле жана радио компаниялар Байланыш агенттигинен лицензия алууга тийиш. Чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинен акредитациядан өтөт. Буга кошумча интернет сайттар да ММК катары саналып, аларды тескөө күчөйт. Башкача айтканда мыйзам долбоор кабыл алынса бийликке жакпаган сайттар катталбай, алардын иши токтотулушу толук мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров буга чейин "Жалпыга маалымдоо каражаттарына цензура кирбейт. Эркин медиага кысым болбойт" деп бир нече жолу айткан.

ЖМКлардын ишин тескөөчү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Талдоочулар бул документти 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келаткан сапаттуу, туруктуу жана сөз эркиндигин бекемдеген мыйзам катары сыпатташат.
"Малга салык салалы"
Бул мыйзам долбоорду быйыл майда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев демилгелеп чыккан. Анда жеке менчигинде 40 кой-эчкиси, үч уй, эки жылкысы барлар салык төлөөчү деп саналат. Депутаттын айтымында, 40-50 койу, 5 уйу, 5 жылкысы бар жарандарга бул салык жайылтылбайт. Алар мурдагыдай эле жайыт акысын төлөй беришет.

Эл өкүлүнүн бул сунушу калк арасында кызуу талкууга алынып, терс пикирлерди жараткан.

Куудулдар шакабага айлантып, жаңы төрөлгөн козуларына жөлөк пул сурашкан. Бирок демилгени өлкө башчы Садыр Жапаров колдогон эмес. Ошону менен мыйзам долбоор артка кайтарылып, каралбай калган.

Токторбаев мындан сырткары жыл ичинде экс-президенттерди артыкчылыктарынан ажыратуу, мал-жандыкка салык салуу, мурда соттолгондорду мамлекеттик кызматка келтирбөө, соттордун пенсиясына кошулуп берилген үстөк төлөмүн алып салуу тууралуу мыйзам долбоорлорун да сунуштаган.
Каза болгон прокурорлорго кенемте төлөө
Кыргызстанда мүлкүн жашырып жүргөн жарандарга аны ачыктап, мыйзамдаштырып алууга жол ачылды. Тийешелүү мыйзамды 4-майда парламент кабыл алып берип, президент Жапаров аталган мыйзамга кол койгон. Мыйзамдын таржымалында жарандар көмүскөдө катып жүргөн байлыгын ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде жазага тартылуудан бошотулары жазылган. Алар болгону ачыктаган кирешесинин аз бөлүгүн мамлекеттке төгүп бериши керек болот.

Бул мыйзам коомчулукта талаш жаратып, активисттер жана айрым эл өкүлдөрү коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзам экенин айтып чыгышкан. Ал эми өкмөт документтин арты менен көмүскөдө жашырылып жаткан каражат ачыкка чыгарылса экономикага бир топ эле пайдасы тиет деп үмүт кылууда.
Шайлоого барбаган жарандарга айып салуу
Кыргызстанда шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгондорго айып пул салууну Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов сунуштап чыгып, бирок долборун кайра артка чакыртып алды. Эл өкүлү муну документ толукталары менен түшүндүрдү.

Мыйзамдын таржымалы


Мыйзам долбоордо эч себепсиз эле шайлоого барбай койгондорго 5 миң сом айып салуу каралган. Мындай ченем жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо, жарандарды президернттик жана парламенттик шайлоого милдеттендирүү болгон. Демилечи Икрамов документти иштеп чыгышына акыркы учурларда өлкөдө добуш берүүчүлөрдүн саны азайып жатканы себеп болгонун билдирген.

Депутаттын айрым кесиптештери бул кыргызстандыктарды шайлоого катыштыруу үчүн жакшы жол дешсе, кээ бири мажбурлоо туура эмес деп жатышат. Мыйзам долбооруна министрлер кабинети, Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратура да каршы чыкты. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы колдой турганын айткан.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.
Автор: Асем Улукбек кызы
tmedia.kg