БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

1-сентябрга чейин оор жүк ташыган унаалардын жолдо жүрүшүнө чектөө киргизилет

1-сентябрга чейин оор жүк ташыган унаалардын жолдо жүрүшүнө чектөө киргизилет

Сүрөт: Т- Медиа

1-июндан тартып, 1-сентябрга чейин оор жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, чектөө абанын күндүзгү температурасы 28 °C градус жана андан жогору болгон учурда, эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин киргизилет.  Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.

"Бул чектөө жүргүнчү ташыган, гуманитардык жардамды ташыган, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган, берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган, жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт",-деп айтылат маалыматта.

Министрлик мындай чектөө жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында киргизилгенин билдирди.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей