БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

1-январдан тарта Төө-Ашуудан тоннель аркылуу өтүү кымбаттайт

1-январдан тарта Төө-Ашуудан тоннель аркылуу өтүү  кымбаттайт

Сүрөт: "Кыргызавтожол"

"Кыргызавтожол" ишканасы Бишкек — Ош жолундагы тоннелдер аркылуу унаалардын өтүүсүнө төлөм тарифи кымбаттаганын кабарлады. Жаңы эрежеге ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта "Сосновка" жана "Кара-Көл" көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы баа төмөндөгүдөй болот: 

- Микроавтобустар жана 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 100 сом (мурда 75 сом болчу). Ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаа – 1000 сом;

- Автобустар жана 5 тоннадан ашпаган транспорт үчүн – 150 сом (мурда 125 сом болчу). Чет өлкөлүк жана транзиттик транспорт үчүн – 1500 сом;

- 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташыган транспорт үчүн — 100 сом. Ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик транспорт үчүн – 1000 сом;

- Жүк ташыган 12 тоннадан ашкан транспорт үчүн — 250 сом. Ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик транспорт үчүн — 3 000 сом;

- Трактор, комбайндар үчүн – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик транспорт үчүн — 5000 сом.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей